Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Кармаган сайын күчөгөн мал уурулар


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош облусунун аймагында мал уурулук кылмыштын эң кеңири жайылган түрүнө айланды. Облус жыл башынан бери мал уурулуктан 5 млн. сомдон ашык зыян тартты.

Жыл башынан бери облус аймагынан мал уурулукка адистешкен 28 кылмыштуу топ кармалды. Деген менен аймакта мал уурулукту ооздуктоого мүмкүн болбой жатат.

Козулуу коюн короосунан уурдаткан Ош шаарынын Дача айылынын тургуну Төлөн Сулайманов малын уурдаткан кошуналарынын зыянын эсептеп берди.

- Ошол эле Дачадан Качыбеков Осмондун үч козусу, менин бир коюм козусу менен, Кошоев Садырдын бир кою, Разаков Аттокурдун үч кою, Пабашов Сабырдын он баш кою, Аблезов Кадырдын бакка байлап койгон эки торпогу, Аблезов Жакыптын эки кою дайынсыз жоголуп кетти. Айылдагы мал ушинтип эле дайынсыз жоголуп атат.

Төлөндүн айтымында, Дача айылында малын уурдатпаган жашоочу саналуу гана. Кечээ күнү Дача айылындагы жашоочулардын малын уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалган. Ага удаа Чоң-Алай өрөөнүндө жайыттан мал уурдоого адистешкен дагы бир топ колго түшкөн. Төлөн Сулайманов аларга татыктуу жаза берилишин талап кылып жатат.

- Көрсө ууру жат эмес экен. Ошол жердеги балдар уюшуп алышып, шаардын башка четинде жашаган шериктери менен сүйлөшүп алып, байкоосуз калган малды топтоп, алардын машинесине жүктөп берет экен. Алар түнү келип, малды машинеге жүктөп кетип, ошондон нары сатып жүрүшүптүр. Буларга ушундайында чара көрбөсө жашашка болбой калды. Буларды мыйзам чегинде ооздуктап бербесеңиздер болбойт.

Милициянын маалыматына караганда, аймакта мал уурулук кылмыштын эң кеңири жайылган түрүнө айланган. Ош милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кырдаал тууралуу буларды айтат:

- Жыл башынан бери Ош облусунун аймагынан мал уурулукка адистешкен 28 кылмыштуу топ кармалды. Бул кылмыштуу топтордун курамы алты адамга чейин жетет. Акыркы учурда мал уурулардын жаш курагы да жашарып баратат. Мал уурулук менен кармалгандардын негизги жаш курагы 16дан 30га чейинкилер.

Ош облусу жыл айланбай жатып мал уурулуктан 5 млн. сомдон ашык зыян тартты. Милиция анын 83% элге кайтарып бергенин айтууда. Бирок мал уурулук фактысы боюнча милицияга арызданбаган тургундардын көптүгүнөн улам ачылбай калган фактылар көп көздешет. Мал уурулуктан жабыркагандар кармалган уурулардын көпчүлүгү бат эле соттон бошоп кеткенине нааразылыгын айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG