Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Миграция кесепети: уулун аткан ата


Иллюстрация
Иллюстрация

30-ноябрь күнү Өзгөндүн 48 жаштагы тургуну өз уулун атып өлтүрүп, эки небересин жарадар кылганы үчүн кармалды.

Милициянын маалыматы боюнча кармалган жаран аялынын Орусияга кеткенине жинденип, ачуусун баласынан чыгарган. Ата менен баланын ортосундагы чыр ок менен аяктап, 28 жаштагы Жоодарбек Кочкорбаев келинчеги жана эки баласынын көз алдында жан берген.

"Иж-18 Е-28" үлгүсүндөгү мылтыктын чачма огу беш жана эки жаштагы наристелерге да тийген. Алар ооруканага өз убагында жеткирилгени үчүн аман калган. Облустук милициянын өкүлү Жеңиш Аширбаев кандуу окуя тууралуу буларды айтты:

- Ок үй-бүлөлүк чырдан улам атылган. Кылмышка шектүү аялы менен таарынышып жүргөн. Ошол учурда жубайы Орусияга иштегени кетет. Балдары апасына жол кире таап жөнөткөн. Ошого кек сактап, "силер апаңарды кетирдиңер" деп жаңжал сала берген. Чырдан тажаган баласы үй-бүлөсүн жетелеп кайын-журтуна жөнөгөн кезде "барбайсыңар" деп атып салган.

Мурда миграция маселелери менен иш алып барган, учурда "Демилгелүү ишкер айымдар" фондун жетектеген Авазкан Ормонова тышка карай иш издеп кеткендердин акчасын эле санабай, анын кесепеттерине да көңүл бурууга убакыт жетти деген пикирде:

- Элүү жаштагы эркек аялынын көңүл буруусуна муктаж болот. Бул куракта эркекке тамак жасап, кир жууган оор. Миграция десе эле үй-бүлөнүн бир мүчөсү акча тапканы кетип, жашоосун оңдоп атат деп ойлойбуз. Бирок анын ушундай көйгөйлөрү барын этибарга албайбыз. Он жылдап сыртта жүрүп, балдары менен мамилеси үзүлгөн ата-энелерди көрдүм. Балдар бирөөнүн колунда өсүп, мээримден, тарбиядан өксүп атат.

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова үй-бүлө зомбулугу менен миграцияга банктан максатсыз алынган насыялар да шыкак болуп жатат деген ойдо. Ал тойго же маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн алган насыяларды төлөй албай, анын айынан үй-бүлөдө ырк кетип жатканын айтты:

- Ушунун айынан үй-бүлөлөр талкаланып жатат. Кийим-кече сатып алуу, ден соолукка карамай деген жок. Ооруса дагы дарыланбай жатып, ары же бери болмой. Ушундай акыбалга келип калдык деп айтып атышат. Бул менин эмес, мага күн сайын жардам сурап келген, үй-бүлө зомбулугуна кабылган аялдардын сөзү. Кредитти көбүнчө аялдар алышат да, анан банк карызды доолаганда эри "өзүң төлө" деп кууп чыккан учурлар бар.

Жүрөк үшүткөн мындай окуя Ош облусунда былтыр эки ирет катталган. Анын биринде Ноокат районунун тургуну өз атасын балталап өлүрсө, Кара-Суу районунун тургуну келинчегин өлгүчө сабап, артынан өзү асынып алган. Адистер бул фактыларды да социалдык абалдын начарлыгы менен байланыштырган.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстандын жарым миллиондой жараны эмгек миграциясында жүрөт.

XS
SM
MD
LG