Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Ош шаарында биринчи жолу «Этномаданият» фестивалы башталды. Бүгүн кечке түштүк борбор калаанын көчөлөрү, аянт жана эс алуу парктары ырчы-чоорчу ыр-күүсү менен, уста, зергер, сүрөтчү, уздардын бумдарына толуп турду. Ошол эле кезде салтанатка карата сын айткандар да болбой койгон жок.

Улуттук кийим, тамак-аш, кол өнөрчүлүк, каада-салтты даңазалаган эл аралык фестиваль эки күнгө созулат.

Таңдан баштап Ош шаарынын борбордук аянты, Токтогул, Алымбек Датка эс алуу бактары жана Ош улуттук драма театрдын айланасы өзгөчө шаңга бөлөндү. Ансамблдер коштогон ырчы-чоорчу, кыякчы, маскарапоз, шайырлардын, фольклор топтордун шаан-шөкөттөрү чогулгандардын көңүлүн ачып турду. Артисттер кыргыздын улуттук кийимдеринин жаңыча шөкөттөлгөн дизайндарын чагылдырып турушту.

Ош улуттук драма театрдын актрисасы Надира Сарыкова буларды айтты:

Этно стилдеги кийим кийген артисттер.

Этно стилдеги кийим кийген артисттер.

- Кыргыздын тарыхын, байыркы улуттук кийимдерибизди бир аз унутуп бараткан чакта ушундай фестивалдардын жемиши чоң. Быйылкы жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланышы, анын ичинде Көчмөндөр оюндарынын, Этнофестивалдын өтүшү абдан сонун жөрөлгө. Жыл ичи аябай жакшы иш-чаралар өтүүдө. Бүгүн да биз эски улуттук киймдерибизди эске салуу үчүн атайын образ жаратып жатабыз. Элдин майрамдык маанайы да мыкты, маданият кызматкерлеринин да маанайы жакшы.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунан келген жыгач, темир усталар, зергерлер, уздар, чеберлер, чопочулар, калпак, элечек, кийим тигүүчүлөр буюм-тайымдарын театр аянтында жерге жайып, шаардыктарга тартуулашты. Чебер Кундуз Ахунова бул жерге атактуу Лейлек килемдерин алып келген экен:

- Бул фестиваль өтө көңүлдүү өтүп жатат. Биз атайын Лейлек районунан келип, килем, таарлар менен Ош шаарынын тургундарын, конокторун тааныштырып, кээ бирин сатып да кетип жатабыз. Килемдерибизди мурда АКШга, Түркияга, Кореяга, Бельгияга да алып барып келгенбиз, былтыр Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына да алып барганбыз. Биздин башкы максат - кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн, буюмдарын унутта калтырбай, жандандыруу.

Атактуу өзбек улуттук атлас матасын токуучу жыгач станок

Атактуу өзбек улуттук атлас матасын токуучу жыгач станок

Аянттын бир тарабында улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү өтсө, бир тарапта сүрөттөр коюлду. Өнөрпоздор жана кол өнөрчүлөр Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан да келишкен.

Маргалаңдык кол өнөрчү Мансуржон Мирзажанов фестиваль тууралуу буларды айтты:

- Маргалаң кол өнөрчүлөрдүн шаары болуп эсептелет. Бизге атлас материалдарын даярдоочу жүздөгөн усталар, чеберлер бар. Мен ошолордун атынан атайын Ош шаарына келип отурам. Атлас маталарды, аны жасаган эң байыркы жыгач станогубузду да алып келип, элге көрсөтүп жатабыз. Бүгүнкү этнофестиваль абдан сонун өтүүдө. Ош шаары, Кыргызстан бизге аябай кучак жайып, меймандостугун көрсөттү.

Айыл чарба институтунан стадионго чейинки Ленин көчөсүндө атайын жасалгаланган "Байыркы көчөдө" "Байыркылар жашоосу" багытында көргөзмөлөр коюлуп, коноктор байыркы жашоодогу буюмдар, эски короо жай шаймандары, үй эмеректери, чайкана, короз же бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү, наабайкана, самсакана, устакана жана башкалар менен таанышып жатышты.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрынын алдындагы салтанат.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрынын алдындагы салтанат.

Бул Ош шаарына өзүнчө майрам болгонун калаа тургундарынын бири Замир Абдырахманов айтып берди:

- Ушундай масштабдагы фестивалдардын эл ынтымагына кошкон салымы зор. Анткени Кыргызстандын өзүнүн калкы ар региондон келип, бири-бирин көрүп, таанышып жатат. Экинчиден, түрдүү улуттар бири-биринин салты, жөрөлгөсү менен таанышып, бири-бирине жакындашат.

Түштөн кийин Алымбек датка эс алуу багында тушоо кесүү, бешикке бөлөө, кыз узатуу, үйлөнүү үлпөтү, аскерге узатуу, өрүлүктөө, көч келди, сөйкө салуу, кыз узатуу, келин алуу, куда тосуу жөрөлгөлөрү көргөзүлдү.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев куттук айтууда.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев куттук айтууда.

Бирок аземдер негедир көпкө узабай, чоңдор кетери менен аяктап жатты. Ошондой эле фестивалда дээрлик чет элден келген туристтер да байкалган жок. Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаев муну мындайча түшүндүрдү:

- “Фестивалда адамдар аз болду, чет элдик туристтер келген жок” дегенге кошулбайм. Кыргызстандын булуң-бурчунан келишти. Чет элдиктерден болсо Түркиянын өкүлдөрү, Казакстандын жарандары келди. Мындан сырткары Кытайдан атайын делегация келген. Биз бул иш-чараны ушуну менен эле калтырбай, жыл сайын өткөрүп турууну да мерчемдеп жатабыз. Балким кийинки жылдардан көбүрөөк туристтер келип калаар.

“Этно маданият” фестивалын Тарых жана маданият жылын өткөрүү дирекциясы, II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары катчылыгы, Ош шаардык мэриясы, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарымдуу өкүлчүлүктөрү уюштурган.

"Акча майрамга эмес, шаарга жумшалса болмок"

Фестивалды уюштурууга жалпы канча чыгым жумшалганын аталган органдардын бири да тактап маалымат бере алган жок. Бирок салтанаттын режиссердук уюштуруучу топко эле 500 миңдей каражат жумшалганы белгилүү болду. Ош шаардык мэриясы болсо көрнөк-жарнак, жасалгалар үчүн 350 миңдей каражат сарптаган. Ушуга байланыштуу бул фестивалды "популизм" деп атагандар да болду.

Борбордук аянттагы фестивалга карата жасалга

Борбордук аянттагы фестивалга карата жасалга

“Кыргыз-Ата” элдик саясий партиясынын Ош облустук төрагасы Базарбай Айдаралиев мындай дейт:

- Ош шаарында чоң эки көчө болсо, ошонун бирине бул иш-чара үчүн эки күн жаап, калаа тургундарын убара кылганын айтпай эле коёюн. Мени мындан да кыжаалат кылганы каржы маселеси. Менимче, бул фестивалды уюштурууга жок дегенде 10 миллиондой акча жумшалса керек. Андан тышкары артисттердин келип кетиши, тамак-ашы, жатаканасы жергиликтүү бийликтердин өздөрүнөн жумшалып жатат. Эми ошончо акчаны эки күндүн ичинде асманга сапырып, жөн эле популисттик кылгандын эмне кереги бар эле? Бюджет тартыш болуп, акча жетпей жаткан чакта Көчмөндөр оюндарын эми келип, кайдагы бир “Этнофестивалды” өткөрүүнүн кандай пайдасы бар? Ушуга жумшалган акчага андан көрө бала бакча, оорукана салып же жол курсак болбойт беле? Канча жумушсуз кишиге жумуш таап, миграция маселесин чечсек болбойт беле? Мамлекет адамдарды той өткөрүп ысырапкорчулук кылып жатат деп айыптайт да, кайра өзү кризистик учурда минтип пайдасыз салтанаттарга акча чачып отурат.

"Этномаданият" фестивалы 3-июнда Ош шаарынын борбордук аянтында гала концерт тартууланып, салтанаттуу түрдө жыйынтыкталат. Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан аталган Эл аралык салтанат Көчмөндөр оюндарынын башталышы болуп саналат.

Оштогу этнофестивалдан сүртүмдөр

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG