Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Атамбаев: Кой-Ташта үй салган жер тилкеси мыйзамдуу


Атамбаевдин үйү.
Атамбаевдин үйү.

Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Кой-Таштагы президент үй салган жерди, Кой-Таш айылында 9 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алган. Ал жер президентке бабаларынан калганын айтты.

- Мен бай адаммын. Мародер эмесмин. Өз жериме адам катары үй салууга укуктуумун. Жер тилкесин сатып алып жатканда Албекке ичиң оорубагандай болсун, канчага айтсаң сатып алам деп айткам, - деди Атамбаев.

Президент үйдү Кой-Ташка атайын салып жатканын, анткени бул айылда билим алганын кошумчалады.

Президент керек болсо ал жакка дагы бир үй саларын билдирди.

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерге үй курду деп айыптап чыккан.

2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган эле.(AKu/BkA)

XS
SM
MD
LG