Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Эки жыл мурдагы июнь коогалаңынан бери Ошто кыргыздар менен өзбектер ортосунда ынтымакты бекемдеш үчүн жүздөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Бирок бүгүнкүгө чейин ийиндеш жашаган эки улут бири-бирине ишенбөөчүлүк менен мамиле кылат.

Ошентсе да, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азыр шаарда эч кандай карама-каршылыктын, бири-бирине кастыктын белгиси жок экенин, кыргыз-өзбек улуттары ынтымакта жашап жатышканын айтышат. Ошто азыр чыныгы абал кандай? Элдештирүү аракеттеринен майнап болдубу?


Кооптонуу бар, кодулоо байкалбайт

Фергана өрөөнүнүн эли үй салганда алгач имараттын сыртын бүтүрүп, анан ичкерини жасалгалоого өтөт. Дарбаза орнотуп, дубалдын сыртын кооздоп алмайынча, турмушун кара шыбактуу бөлмөдө уланта беришет. Июнь коогасынын издерин жоготуудагы иш-аракеттерди жергиликтүү элдин дал ушул салтына окшоштурсак болот. Чын эле Оштогу бүгүнкү абал сырты кооздолуп, ичине анчейин көңүл бурулбаган имаратка окшош.

Оштун борбордук базары, 25-апрель, 2012

Оштун борбордук базары, 25-апрель, 2012

Эки жыл мурдагы кыргыз-өзбек урушунан кийин Оштогу борбордук базарда көпкө чейин кооздолуп жасалган патыр нан, майлуу самсалар көп сатылбай калган эле. Азыр эми мурдагыдай көп болбосо да, сейдана себилген нанын сунуштап турган эжелер кайрадан чыгып калышкан. Сырттан байкоо салган кишиге бул жердеги эл арасында чочулоолор бар экени билинбейт. Алып-сатуучулук иштери жайында, бири бирин кодулоолор байкалбайт. Кыргызы да, өзбеги да тыйын табуу менен алек.

Эми базардан чыгып, Оштун борбордук бекетине бет алабыз. Бул жерден ар кайсы аймакка таксилер жөнөйт.

Июнь калабасынан кийин кыргыздар өзбектердин, өзбектер кыргыздардын унааларына отурбай калышкан. Мен таксисттердин жанына келип, бирөөсүн кепке тарттым. Айдоочу Тургунбай Салиев азыр баары мурдагыдай экенин, чочулоолор жоктугун айтты:

- 2010-жылы согуштан кийин ошондой болгон. Эми чочулайт экен да адамдар. Ошончо апаатты башынан өткөргөн шаардыктар түгүл, чеке айылдардан келгендер да айдоочу тандап калышкан эле. Азыр андай нерсе жок деп айта алам. Улутуна карабай эле машинага чыга беришет. Мына, көрүп турасыз го өзүңүз да. Биздин негизги максат - акча табуу. Улутуна көңүл буруп отурсак, ачка калабыз го...

Чын эле таксилерге кыргыз-өзбек аралаш эле чыгып жатканын өзүм да көрүп турдум. Бирок айта кетчү сөз - ал жерде бир дагы өзбек айдоочуну көз чалбады...

Оштун эл көп чогулган жерлеринен чыгып, эми адамдар жашаган райондорго барып көрүүнү туура таптым.

Токтобогон курулуш

Алишер Навои көчөсү коога учурунда эң көп жабыр тарткан конуштардын катарына кирет. Көчөдө баратып бул жерде апааттын издерин дагы эле даана байкайсың. Күйүп кеткен үйлөрдүн урандылары көп жерде ошол бойдон эле турат... Үйлөрдүн дарбазаларынын дээрлик баарына чет өлкөлүк уюмдардын логотиптерин, жазууларын илип коюшкан. Маселен, мына бул дарбазада “Save the Сhildren” деп жазып коюшкан. Наркы дарбазада болсо UNDP деген жазуу турат. Бул нерсе – аларга эл аралык уюмдар жардам берип жатат дегендин белгиси. Жолдун эки чети тең курулуш материалдарына толгон. Шагыл, жыгач, кум менен кыштар.

Азыр эми күндүн ысыгында баары эле коогада күйүп кеткен имараттарын жаңылап калуунун аракетинде, ошон үчүн бүт эле жерде курулуш.

Бул көчөдө негизинен өзбектер жашайт. Менин көңүлүмдү үйлөрдүн биринен жаңырып жаткан өзбек классикалык музыкасы өзүнө бурду. Акыркы эки жылда аймакта мындай өзбекче ыр жаңырбай калган эле. Демек баары жайында деген ой менен дарбазаны кактым. Тилекке каршы эч ким ачпады. Ичкеридеги музыканын үнү да тып өчтү.

Бул конушта бүгүнкү абал жөнүндө суроого жашоочулардын пикирин билиш кыйын. Көпчүлүгү “баары жакшы” деп, желкелерин кысып гана тим болушат. Алардын бири Хамидилло:

- Баары жакшы. Мына көрүп турасыңар, курулуш жүрүп жатат. Өзүмдүн ишим менен гана алекмин.

Тургундардын арасында пикирин ачык билдиргендер да болду. Бирок ысымдарын аттоону каалашпады:

- Беш кол барабар эмес. Ичип алып, опузалагандар бар. Азырга чейин көчөдө кетип баратсаң, “эй, сен Кыргызстанда эмне кылып жүрөсүң?”, - деп тийишкендер бар. Андай учурлар тез-тез эле болуп жатат...

Шаардын кыргыздар жашаган аймактарында деле абалды толук туруктуу деп айтууга эрте деген пикирлерди билдиришүүдө. Ак-Тилек кичирайонунун жашоочуусу Мурат Курамаев апааттан берки элдештирүү иш-чаралары толук максатына жете элек деген оюн айтууда:

- Улуттар аралык ынтымакты орнотуу үчүн ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бирок адамдарды элдештирүүдөгү максаты толук ишке ашкан жок. Себеби адамдардын көпчүлүгү дагы эле тынчсызданып жашашат. Эгер ошол ынтымакташтыруу долбоорлору толук натыйжасын бергенде, эл арасында андай тынчсыздануу болмок эмес...

Белгилей кетчү жагдай, бир ай мурун шаардыктардан бүгүнкү абал жөнүндө сураганымда, көпчүлүгү баары жайында дешкен. 10-июнь жакындаган сайын ар кандай имиштер тарап, элдин чочулоосу арбыганы байкалат.

Маалымат соккусу уланууда

Эл ичинде биримдикти чыңдоого болгон жүздөгөн аракеттерди ушул бир-эки имиш сөздөр жууп кетип жаткандай туюлат. Жылдыз Бекбаева – бул жердеги ишкер аялдардын бири. Ал бир жарым жыл бою “Үйүңүзгө тынчтык” деп аталган элдештирүү долбоорунда иштеп, адамдарды биримдикке чакырган акысыз бюллетень чыгарып, тараткан.

- Бир жарым ай мурунку абалды айта турган болсом, эки улуттун өкүлдөрү бир топ эле аралашып калышкан болчу. Базарлардабы же башка коомдук жерлердеби, өз ара ымаланы байкачу элек. Анын баарына ынтымакташтыруу долбоорлордун, конуштарда уюштурулуп жаткан достук иш-чаралардын салымы чоң. Бирок андай саамалыктарды бир-эки чагымчыл күчтөр жокко чыгарууга аракет кылып жатканы байкалууда.

Жылдыз айым маалымат соккусу канчалык таасирдүү, кээде канчалык залакасы оор болоорун жакшы билет.

Анткен менен жергиликтүү бийликтин өкүлү, мэрдин орун басары Дастан Хожаев Ошто кыргыздар менен өзбектер ортосунда биримдик бар экенин, ынтымакка чакырган иш-чаралар максатына жетип жатканын айтууда:

- Мэрия, ЕККУ жана “Ирэт” коомдук фонду атайын долбоор иштеп чыгып, ар бир конуштан тынчтык жарчыларын дайындаганбыз. Алар алгылыктуу иштеп жатышат. Ынтымакташтыруу иш-чаралары өз максатына жетип жатат деп ойлойм.

Кайсы бир деңгээлде бийлик өкүлдөрү деле маалымат соккусу достукту бекемдөө иштерине залакасын тийгизип жаткандыгына кошулат. Бирок айрым маалыматтарда айтылгандай, шаарда абал туруктуу эмес деген кепти Дастан Хожаев четке какты:

- Кээ бир эл аралык уюмдар ошол маселелерди чет өлкөдө отуруп алып, ар кандай отчетторду чыгырышып, салам-дубайын айтып жатканы бизди өкүндүрөт. Оштун эли тынчтыкта жашап жатат. Улутуна карабай, укуктарын толугу менен колдонушат.

Мэриянын дагы бир өкүлү, Укук коргоо жана коргонуу иштери боюнча бөлүм башчысы, генерал-майор Түрсүнай Айтматованын айтымында Ошто күн алыс эле ынтымактуулукка багытталган иш-чаралар уюштурулуп келатат. Шаар тургундарынын арасында биримдикти бузууга негиз болгон аракеттер байкалбайт:

- Мен негизги жумушумдан сырткары, шаардык аялдар кеңешинин төрйымы катары да айта турган болсом, калаадагы 13 аймактык кеңештин лидер аялдары менен бирдикте коомдук-профилактикалык иштерди такай алып баруудабыз. Укук бузуу, биримдикти ыдыратуу сыяктуу учурлар боло элек.

“Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу бөлүмүнүн төрайымы Гүлгакы Мамасалиева “Азаттыкка” билдиргендей, Ошто бардыгы жакшы деп бир тараптуу айта берүү туура болбойт. Анын оюнча, маалыматтык соккуларды жеңбей туруп, калаада тынчтык орнотуу мүмкүн эмес.

- Ош шаарында абал турукташып баратат. 2010-11-жылдарга салыштырмалуу жылыш бар. Бирок өз ара тирешүү сакталып турат. Айылдан келген кыргыз балдар өзбектерге орой мамиле жасоону улантып эле жатышат. Ошол эле учурда айрым экстремисттик күчтөрдүн маалыматтарына кыжырланып жатышат. Мисалы, Кадыржан Батыровдун билдирүүсү, Алишер Навойи Фондунун отчету Кыргызстандын абийирин төгүп жатканы баарына маалым. Бул көрүнүштөр токтобой туруп, тынчтык орноду деп айтууга эрте.

Ушундай эле пикирди укук коргоочу, “Культура плюс” коомдук фондунун төрайымы Алима Шарипова да билдирди. Анын айтымында, шаардын кээ бир аймактарында тигил же бул улутту маскаралаган жазуулардын тез-тез пайда болушу калаа эли бирдиктүү максатты көздөп баратат деген ойлорду четке кагат:

- Өз ара түшүнүүнү, достукту, ынтымакты эки жыл мурунку согуш жууп кетти. Аз убакыттын ичинде баарын ордуна коюу мүмкүн эмес. Сөз жүзүндө бардыгы жакшы жакшы дей бергенибиз менен опузалоолор, маскаралоолор болуп жаткан реалдуу учурлар бар...

"Ынтымакка ынтызар саясат керек"

Калаадагы абал дыкат көзөмөлдү талап кылаарын милиция өкүлдөрү да тастыкташууда. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүнбек Өмүрзаков билдиргендей, майда-барат жаңжалдар болуп жатканы чын, бирок аны айрым маалымат булактары өтө эле көбүртүп, жарыялап салышууда.

- Интернетте, эл арасында адамдарды кооптондурган имиш сөздөр кеңири тарап кетти. Эки элдин ортосуна от жагууну көздөгөн күчтөр дагы эле арабызда бар. Ошолордун тараткан беймаани сөздөрүнөн улам кыргыз менен өзбектин ортосунда бири бирине кооптуу көз караш менен карагандар болуп жатат. Чочулоо күчөгөнү чын. Бирок тартип коргоо кызматкерлери кайрадан жаңжал чыгарууга жол бербейт. Бирок алардын баарын улуттук араздашууга такап, маалымат чыгара берген туура эмес. Айрым маалымат булактары майда чатактарды да ошондой маани менен чагылдырып жатышат. Эки кыргыз урушуп кетсе да кыргыз-өзбек деп айткандар бар. Эки өзбек бир бири менен сөз талашып, адамдар топтолуп калса эле, чоң жаңжал катары сүрөттөп жиберишет.

ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Оштогу тынчтыкты бекемдөөдө позитивдүү маалыматтардын көбөйүшү негизги роль ойнойт деген пикирде. Анын айтымында, маалымат каражаттары ынтымактуулук иш-чараларына аз көңүл буруп, көбүнчө чыр-чатактуу окуяларды элге таратып жатканы да биримдиктин бат орношуна кедергисин тийгизүүдө:

- Ош шаарында күн санап эле улуттар аралык араздашуунун издери жоголуп баратат деп айтууга негиз бар. Абал туруктуу экендигин көчөдөгү адамдардын жүзүнөн да байкоого болот. Сыртта туруп, ар кандай сөздөрдү чыгара берүү оңой. Шаардагы абал көңүл жылытаарлык экендигин Ошто жашап жаткандар гана билет.

Бирок шаар тургуну Шахрух Саипов позитивдүү маалыматтарды чагылдырып, эл арасындагы маселелерге көңүл бурбай коюу – дагы бир чатактын чыгышына негиз болот деген ойдо:

- Июнь коогасынын соң эки улуттун ортосунда келип чыккан чатакты жоюу үчүн бир топ иш-аракеттер көрүлдү. Айрымдар позитив маалыматтарды таратуу менен маселе чечилет деген ойду да карманууда. Бирок жакшы тарабын көрсөтөбүз деп, көйгөйүнө көз жумсак, анда абал дагы да курчуйт.

"Интербилим" коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлгакы Мамасалиева Оштогу абалдын дале турукташып кетпей жатканына өкмөттүн күнөөсү бар экенин айтат. Дагы эле этникалык мамилелерди өнүктүрүү концепциясынын бекитилбей жатышы да биримдикти чыңдоого кедергисин тийгизет:

- Бул суроого өкмөт Кыргызстандын эң биринчи маселеси катары мамиле кылыш керек. Бирок азыркы убакытка чейин этникалык мамилелерди өнүктүрүү концепциясы иштелип чыга элек. Азыркы убакытка чейин Оштогу коогалаңдын кесепети менен гана күрөшүп келатабыз. Этникалык мамилени чыңдоо программалары жакшы иштей элек. Буга үстүртөдөн гана иш-аракеттер болуп жатат. Чындыгында түпкүрүнө жете элек. Себеби, жогоруда айтканымдай, концепция кабыл алына элек. Жергиликтүү программалар, шаардын реконструкциясы ошол концепцияга ылайык алып барылышы керек.

Эки жыл мурунку кандуу күндөрдүн жаңырыгы бир шаарды, бир көчөнү, кээде бир шыйпырды бөлүшүп жашап жаткан кыргыз-өзбек элдеринин эсинен оңой менен чыкчудай эмес.
  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. Twitter: @sanjarbeke

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG