Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Кадамжайда жол кырсыгынан эки адам каза тапты


Ош-Баткен-Исфана жолунда 8-декабрда май ташыган автоунаа менен “Honda step” үлгүсүндөгү жеңил машине кагылышып, эки адам мерт кетти. Кырсыктан жабыркагандар да бар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Окуя эртең менен Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагындагы "Алга-Бас" чек ара постунун жанында болгон. 25 тонналык май ташуучу машине бош болгон. Учурда куткаруу иштери уланып жатканы, жабыркагандардын абалы тууралуу кошумча маалымат берилери кабарланды.

XS
SM
MD
LG