Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Расмий маалыматка караганда, июнь коогалаңында түштүк жергесинин 2101 ишкери айрыкча жапа чегип, 2 миллиард 296 миллион сомдук жоготууга учурашты.

Ош шаарындагы жыйында жабыр тарткан ишкерлер аларга көрүлүп жаткан камкордуктун начардыгына басым жасашып, ыксыз текшерүүлөрдүн көбөйүп бараткандыгына даттанышты. Ошол эле учурда өкмөттүн өкүлү жабырлануучулардын көйгөйү мамлекеттик деңгээлде чечилип жаткандыгын ырастады.

Былтыркы коогалаңда наавайканасы жана нан соодалаган дүкөнү өрттөнүп кеткен Карасуу районундагы Шарк айылынын жашоочусу Дооронбек Базаров буларга токтолду:

- Сүлүктү көмүрүнүн килосу 8 сомго чыкты. Ундун бир чыптасы 1300 сомдон түшпөй атат. Албетте кымбат. Ун канчалык арзан болсо, нан дагы арзандайт эле. Эми ар ким чыгымына жараша өкмөттөн акча сурап жаткан чагы. Мага, мисалы, 200 миң сом жетет эле. 100 миң сому ун менен көмүргө жетет эле. Ал эми 100 миң сомуна талкаланган дүкөнүбүздү тикелейт элек.

Ош шаарынын тургуну Гүлсина Табакалова борбордук базарда майда-чүйдө товарларды сатып жан бакчу.

- Былтыркы коогалаңда саткан товарларыбызды бүт уурдатып ийгенбиз. Орточо 50 миң сомдук жоготууга кабылдым. Ошону эмдигиче калыбына келтирише элек. Өкмөт жабыркагандарга жардамдашып жаткан экен. Бирок мен анын бирин да көргөн жокмун. Угушума караганда, “Кызыл чырым” жана башка эл аралык уюмдар жабыркагандарга каралашып жаткан экен. Анысынан деле дайын жок. Ишенесиңерби, соодамды улантканга сокур тыйыны жок отурам. Абдан кыйналып турган чагыбыз. Жалгыз студент уулум бар эле. Анын контракт акысын төлөй албагандыктан окуусун таштап койду.

Гүлсина Табакалова өкмөт чукул арада каралашпаса, ал өңдөнгөн ишкерлердин айласы куруп турганын жашырган жок.

Ош аймактык ишкерлер бирикмесинин төрагасынын орун басары Евгений Никонов бийлик бизнеске көңүл бура турган мезгил эми келгендигин баса белгиледи.

- Биз коомчулукту экономикалык жана саясий кризистен алып чыгуунун биргелешкен чечимдерин азыр иштеп чыгууга тийишпиз. Элде айтылат эмеспи, “ким кааласа, сөзсүз эбин табат, каалабаса, акыры шылтоо табылат”. Учурда узак мөөнөттүү жана жеңилдетилген кредиттерге абдан муктажбыз. Анткени былтыркы коогалаңдан ар бир жаран, ар бир үй-бүлө түз жана кыйыр түрдө жабыр тартты.

Ооба, мамлекет жабыркагандарга бүгүн-эртең арзыбаган акча бөлүшү ыктымал. Андан ары кантишет? Бул жерде отургандарын көпчүлүгү мени кубаттайт деп терең ишенем, себеби биздин банктардан кредит алуу дегеле мүмкүн эмес. Аны үчүн үстөк пайызын айт, жол-жоболору андан беш бетер. Аны бүтүргүчө сезон деле аяктайт.

Тилекке каршы банкта иштегендерди мындай жагдай дегеле кызыктырбайт. Алар акчаны өз убагында төлөөнү гана талап кылып кыйнашат. Ошол себептүү бизнесмендер айланта турган акчаларын кредит төлөөгө жумшап отуруп калышууда. Ошентип андан ары иш кылууга акчасы калбай атат.


Америка өкмөтүнүн ишкерлерди колдогон өткөөл мезгилдин демилгелери программасынын Оштогу кеңсесинин менеджери Раин Флори ырасташынча, алардын мамлекети Кыргызстандагы чыр-чатакты азайтууну жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүн бекем кубаттайт.

- Биз “Инвест Консалт” коомдук корунун демилгесин бекеринен колдоп жаткан жокпуз. Бүгүнкү иш-чара былтыркы окуядан жабыркаган аймакты калыбына келтирүүдөгү алагачкы кадам. Аталган кордун жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын ийиндеше иштөөсү Ошту жана Жалал-Абадды келерки үч айда маалымат таңкыстыгынан арылтат. Эң башкысы мамлекеттик органдар менен жеке чөйрөнүн мындай мезгилде ийиндеше иштешүүсү Кыргызстандын түштүгүндөгү мындан аркы тынчтыкты жана коопсуздукту толук камсыз кылат деп ишенгибиз келет.

Ошол эле учурда өкмөттүн өкүлү жабырлануучулардын көйгөйү мамлекеттик деңгээлде чечилип жаткандыгын ачыктады. Экономикалык тескөө министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Искендербек Маматов акыркы жылдарда өлкөдө бизнес өз нугуна түшүп, кыйла өнүккөнүн ырастады.

- 2010-жылы ушул тармакта иштегендердин саны 327 миң 500 адамга жеткен. Анын ичинен 245 миңи жеке ишкерлер. 2005-жылга салыштырганда учурда жеке ишкерлер саны бир жарым эсеге көбөйдү. Ошентип орто жана чакан бизнес өлкөбүздүн дүң продукциясынын 40 пайызга жакынын түзүп, ал 2 миллиард долларга чукулдады. Жеке ишкерлер көбүнчө калкка кызмат көрсөтүү жана соода тармактарында иштеп жатат. Аталган тармактарда ишкерлердин 70 чакты пайызы тиричилик кылат.

Искендербек Маматов ишкерлерди ыксыз текшерүү жылдан жылга азайып бараткандыгын кошумчалады:

- 2007-жылы мораторий жарыяланып, ыксыз текшерүү 70 пайызга азайтылган. Ошондой эле былтыр да мораторий улантылып, текшерүү ошол ченинде калды. Мындай саамалыктар мындан ары дагы улантылат.

Искендербек Маматов былтыр жапа чеккен ишкерлерге өкмөт тарабынан мындан ары да бардык шарттар жаратылаарын убада кылды.
XS
SM
MD
LG