Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги коомдо суроо-талап күч кесиптердин тизмесин жарыялады. Тизменин алдыңкы сабында мал догдур, ширетүүчүлүк, тигүүчүлүк жана унаа устачылыгы сыяктуу өнөр-кесиптер турат.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө ветеринарлар үчүн 5 800 бош орун бар. Тигүүчү, унаа устасы, агроном, соода менеджерлерине да суроо-талап курч. Мындай адистикке даярдоочу окуу жайларда бюджеттик орундар көп экенине, айдактаган үгүт иштеринин арбындыгына карабай, ага окуган жаштардын саны төмөн.

Министрликтин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкери Кумарбек Рамашов балдарын аткаминер кылууга далалаттанган ата-энелер кесип тандоодо жаштарды адаштырууда деп эсептейт.

- Биз эмгек рыногуна изилдөө жүргүзгөн учурда көбүнчө жогорку окуу жайын бүтүргөн жаштардын жумушсуз калганын байкадык. Ал эми кесиптик техникалык лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 80% жумушка орношуп, тапкан кирешелери да жогорку билимдүүлөргө караганда эки эсеге көп болуп чыкты. Ошого карабастан ата-энелер балдарын жогорку окуу жайларга тапшыртышууда.

Ош шаарында мамлекеттик эки кесиптик лицей сакталып калган. Алар жыл сайын эки миңге жакын тигүүчү, унаа оңдоочу, электр монтеру жана темир ширетүүчү адистерди даярдап чыгарышат. Акыркы убактарда лицейлер сунуштаган кесиптерге кызыккан жаштардын саны бир аз көбөйгөн. Оштогу №16 лицейде окуган жаштар келечекте жумушсуз калбайбыз деп ишеничте. Алардын бири - Нурбек:

- Лицейде автоэлектрик кесибине окуп жатам. Бул кесип менен келечекте ач калбайм деген ойдомун. Кайда барсам да иш табылат. Жогорку окуу жайга тапшырганга шартым деле бар. Бирок аны менен жумуш табуу кыйын.

Ошол эле лицейде тигүүчүлүк адистигине окуп жаткан кыздардын бири:

- Мен окууну бүтүп, Бишкекке барып иштесем дейм. Тигүүчүлүккө борбордо иш көп. Айлыктары да жакшы. Келечекте ишсиз калбоо үчүн тигүүчүлүктү тандадым.

Адистердин айтымында, учурдун эмгек рыногу дал ушундай орто билимдүү жумушчуларга муктаж. Өлкө экономикасынын көтөрүлүшү да экономист, юристке эмес, карапайым жумушчулардан да көз каранды болот.

Экономикалык серепчи Эрлан Камалов ата-энелер өздөрү жетише албаган мүдөөгө балдарын убара кылбай, жаштардын техникалык кесип тандоосуна жол бериш керек дейт.

- Биз балдарды кичинесинен тарта чоң болгонго тарбиялап жаңылып жатабыз. Биз азыр өндүрүүчүлөрдү, ишкерлерди, өнөр жайда кайсы бир жабдыкты башкарып кете турган ортоңку катмардагы адистерди даярдашыбыз керек. Качан гана өндүрүш болуп, андан киреше түшүп, пайда табылганда гана экономист, юристтин кызматы талап кылынат.

Кыргызстандагы жумушсуздардын расмий саны 200 миңден ашат. Адистер муну иш берүүчүлөр менен иш издегендердин талаптары бири-бирине туура келбегендиктен дешет. Учурда Оштогу кесиптик лицейлерде 10 миңге жетпеген студент билим алат. Ошол эле учурда Оштогу жогорку окуу жайларда 90 миңге жакын студент аткаминерликке окуп жатышат.

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG