Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Ош окуяларынан кийин бир катар эл аралык журналисттер жана этностук маселелер боюнча адистер Кыргызстанда улутчулдуктун күчөп жатканын айта башташты. Көптөрдүн башын ооруткан эң башкы суроо: бул толкунду кантип токтотсо болот?

Кабарчыбыз Ош шаарындагы ар улуттун бөбөктөрү чогуу барчу бала бакчага баш багып, наристелердин жашоосуна байкоо салган.





Биз Оштогу “Айданек” аттуу бакчада балдар менен маектешип жатабыз. Өзүңүз уккандай, бөбөктөр менен кыргыз, орус, өзбек тилдеринде эркин баарлашып, алар жада калса англисче да жооп берип жатышат. Котормочунун кереги жок.

"Айданектеги" балдар
Бул бакчага 2-7 жаштагы 300 бала барат. Бакчада кыргыз, өзбек, орус, татарларды, а түгүл пакистандыктарды кезиктирсе болот.

Директор Саламат Ашимбаева бизге бакчаны көрсөтүп жатып, “Айданектегидей” көп улуттуулук жана көп тилдүүлүк Ош шаарынынын дээрлик бардык бала бакчаларында кезигээрин билдирди.

Мындай көрүнүш Советтер Союзунан калган адат: бакчалардагы тарбия иштери көп учурда Кыргызстанда расмий макамга ээ орус тилинде жүргүзүлөт. Саламат Ашимбаева мектепке барайын деп калган балдарга кошумча мамлекеттик, кыргыз тили да үйрөтүлөөрүн айтат.

Учурда Кыргызстанда этностор аралык интеграция тууралуу көп айтылганы менен, бул жаатта чечкиндүү, же ишке ашырылган кадамдар али жок. Көп улуттуу мамлекет жалаң гана сөз жүзүндө курулууда.

Бактыга жараша, наристерлердин дүйнөсүнө “башка улут” деген ой кире элек экен. Чогуу ойногон, чогуу күлүп, чогуу ыйлаган бөбөктөргө ар кыл улуттардан турган дүйнө азырынча табигый көрүнүш, алардын кадимки, күнүмдүк жашоосу.

Оштогу карапайым адамдар менен сүйлөшүп калсаң, алар улуу муундагы адамдарды улутчулдук сезиминен арылтуу эми кыйынга тураарын жашырышпайт. Бирок балдарды башка баалуулуктарга тарбиялоо үмүтү үзүлө элек.

Саламат Ашимбаева
Биз баш баккан №30 бала бакчада былтыркы окуялардан кийин балдар азайган эмес. Бирок былтыры жайында көптөгөн өзбек үй-бүлөлөрү Оштон Орусияга кетишкен – бара-бара алардын көбү кайтып келүүдө.

- Биздин бакчабыз “Алай” мейманканасынын жанында. Былтыр баары ушул жерден башталбады беле. Былтыр өзбек улутундагы адамдар чын эле Москвага кетип калышкан болчу, бирок алардын дээрлик бардыгы кайтып келишүүдө, - дейт “Айданектин” директору Саламат Ашимбаева. - Бала бакча кадимкидей, жылдагыдай эле иштеп жатат.

Көп улуттуулук мекемеде иштегендердин арасында да табигый түрдө сакталган.

Алты тарбиячыдан төртөө - өзбек, бирөө - орус, бирөө - кыргыз. Тарбиячынын жардамчылары - баары өзбек улутундагы кыз-келиндер.

- Менин атым Наргиза Газиева, мен тарбиячыга жардам берем. Бул жерде кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар, пакистандыктар да бар. Ар кандай тилде, аралаш сүйлөшө беребиз. Бирок окутуу орус тилинде жүрөт.

"Айданектеги" балдар
Бөбөктөр улутту айырмалай билишеби? Мени ушул суроо кызыктырды.

Мен – кыргызмын, мен – өзбекмин, мен – орусмун деп жооп берген наристелердин сөзүнө таянсак, ооба, ажырата алышат.

Бирок бакчанын директору Саламат Ашимбаева балдар үчүн улутка бөлүү, азыр көптөр кабыл алып жаткандай негативдүү түшүнүк эмес, оюн дейт. Наристелер түрдүү тилдерге, маданияттарга тез эле үйрөнүп, алар үчүн тилдердин арасында чек аралар жоктой.

Саламат Ашимбаеванын небереси да ушул бакчада тарбияланат.

- 3 жаштагы неберем үйгө келип өзбекче да сүйлөй берет, анан биз күлөбүз. Бизге бул кызык.

Адистердин арасында тил боюнча талкуулар уланып келет. Бир мамлекеттин жарандары кайсы тилде сүйлөшү керек, орус тили – дагы деле улуттар арасындагы көпүрө тилби же жокпу? Кыргыз тили канткенде бардык жарандардын тилине айланат? Ал улуттарды бириктире алабы? Бул суроолорго жооптор бир эле жылда табылбайт.

Бирок “Айданектеги” наристелерден үйрөнчү бир нерсе бар – бул сабырдуулук.

“Айданектеги” улук топтордогу балдар сентябрда мектептерге тарашат. Ар кыл улуттардан, тилдерден, түстөрдөн куралган дүйнөсү аларды өмүр бою коштоп жүрөөр бекен?
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG