Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Өзбек мектептерин латын арибине өткөрүү демилгеси көтөрүлдү


Ош шаар бийликтери калаадагы өзбек мектептерин латын арибине өткөрүү демилгесин көтөрдү. Аны менен бирге сабактарды кыргыз тилинде окутуу зарылчылыгын да белгилешет. Анткени өзбек мектептеринин бүтүрүүчүлөрү же Кыргызстанда, же Өзбекстанга жогорку окуу жайга тапшыра албай калып жаткан экен. Бирок адистер бул демилгенин ишке ашышы чоң кыйынчылыктарга кептелет деп жатышат.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров "Азаттыкка" маалымдагандай, калаадагы өзбек мектептерин латын арибине өткөрүп, окутууну кыргыз тилинде жүргүзүү учурдун талабы болуп турат.

"Анткени мектепти өзбек тилинде бүткөн окуучулар жогорку билим алууда толгон кыйынчылыктарга кабылууда" дейт ал:

Таалайбек Сабиров
Таалайбек Сабиров
- Бул бир заматта ишке ашып кетпейт. Болгону өзбек мектептерине латын арибин киргизип, кыргыз тилинде сабак өтүү керек деген гана сунуш. Анткени учурда өзбек тилинде мектепти аяктаган окуучулар ара жолдо калууда. Же кыргыз тилин билбейт, же латынча арипти билбейт. Өзбекстандын жогорку окуу жайлары латынча болот, аны билбегендиктен ал жакка тапшыра албайт. Кыргызстанда бардык окуу жайлар кыргыз тилинде болгон үчүн бизге да тапшыра албай кыйналышат.

Деген менен адистер шаардагы өзбек мектептердин баарын латын арибине өткөрүүнүн да чоң кыйынчылыктары бар экенин айтууда. Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машрапова "буга көп каражат талап кылынат", - дейт:

- Эгерде бул идеяны ишке киргизе турган болсок, анда көп акча керек болот. Анткени шаарда 20 өзбек мектеп болсо, азыр алардын 34 пайызы гана китеп менен камсыз болгон. Демек бир канча миң китеп чыгарыш керек, латын арибинде кыргызча окута турган адистерди даярдаш керек, аларга каражат керек. Бирок бул иш сөзсүз түрдө Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашып, анан ишке ашат.

Ал эми шаардагы өзбек жамааты жергиликтүү бийликтин демилгесин жарым-жартылай колдоого алууда. Ата-энелердин бири Мухтархан Кадырова балдардын кыргыз тилинде окутулушу талапка ылайык болгону менен, мектептерге латын арибин киргизүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт:

- Балдарыбыз кыргыз тилин үйрөнүүсүнө ата-энелер макулбуз. Кыргызстанда жашап жаткандан кийин биз кыргыз тилин жана каада-салттарын билүүгө милдеттүүбүз. Тилди үйрөнсө балдар өлкөбүздүн коомдук турмушуна да кенен аралашат. Бирок латын арибинин кереги жок. Анын келечеги да жок.

Шаардагы окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн Ленин атындагы мектептин директору Азодахан Абдулфайзиева да ата-энелер тараптан каршылык жок экенин белгилейт.

Бирок учурда алардын балдарын Өзбекстанга кабыл алуу кыйынчылыкка кабылган. "Ошол себептүү кыргыз тилин кириллица менен гана окутуу максатка ылайык", - дейт ал:

- Биздин мектепте 1500дөй окуучу бар. Өткөн жылы 15тей бүтүрүүчүнүн баары Кыргызстандын окуу жайларына тапшырды. Өзбекстанга тапшыруу азыр биздин балдар үчүн кыйынга турууда. Ошол себептүү балдар кыргыз тилин үйрөнүүгө өздөрү кызыгууда. Латын арибин балдар каалабагандан кийин, китеп жок болгондон кийин, демек анын зарылчылыгы деле жок.

Учурда Ошто 50 мектеп болсо, анын 20сында окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт. Алардын бүтүрүүчүлөрү буга чейин Оштогу кыргыз-өзбек университетинде кесипке үйрөнүп келген.

Былтыркы коогалаңдан кийин бул окуу жайдын аты да өзгөртүлүп, окуу процесси жалаң кыргызча боло баштаган. Этникалык кагылышуулардан кийин Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы жабылып, ал жакка өтүү татаалдагандыктан коңшу өлкөдө билим алуулар да кескин кыскарган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG