Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланууда


Бүгүн Ош, Токмок жана Каракол шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп жатат.

Ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент, Маргун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим, Атай, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал, Жумгал районуна караштуу Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерге шайлоо өтүп жатат.

Шайлоо бүгүн эртең мененки саат 8де башталды, кечки саат 7де аяктайт.

Токмокто шайлоо коопсуздугун элдик кошуун да күзөтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токмок шаардык шайлоо участкасынын төрайымы Элмира Жакыпова билдирди. Анын айтымында, эртең мененки саат 8де 20 шайлоо бекети ачылды жана 2 сааттын ичинде шайлоочулардын 8,29 пайызы добуш берди. (EBM)

XS
SM
MD
LG