Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Владимир Путин бүгүн Бишкекке келет


Орусия президенти Владимир Путин.
Орусия президенти Владимир Путин.

Орусия президенти Кыргызстанга расмий сапарында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Анда орус-кыргыз кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ЕАЭБ алкагындагы эки тараптуу мамиле тууралуу кеп болору кабарланган.

Путиндин сапарына байланыштуу 28-февралда Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет. Саат 11:00ден 20:00гө чейин негизги магистралдарда транспорт кыймылы чектелет.

Владимир Путин буга чейин Бишкекке бир нече жолу келген. Бул жолку сапарын өлкөдө күзүндө өтчү президенттик шайлоого байланыштырган пикирлер күч алды. Андай пикир ээлери Путин сапарында Кыргызстандын кийинки президенти ким болору аныкталат деп билдиришүүдө. Бирок президент Атамбаев “Евроньюс” телеканалына курган маегинде бул каңшаарларды четке каккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG