Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Ош: Окуу жайлар партиялардын тизмесинде


Архивден: Оштогу Социалдык универститеттин студенттери
Архивден: Оштогу Социалдык универститеттин студенттери

Ош шаардык кеңешти шайлоодо студенттердин добушу мажбур колдонулуп кетүү коркунучу жаралды. Анткени жарышка түшкөн партиялардын тизмелеринин 40-50% окутуучулар түзөт.

Ошондой эле университет жетекчилери да депутаттыкка ат салышкандардын алдыңкы катарында турат. Деген менен адистер бул жолу кайра-кайра добуш берүүлөргө жол берилбейт деп үмүт кылышууда.

Шаардык кеңеш үчүн ат салышкан партиялардын тизмелери ачыкка чыгаары менен бул жолку шайлоо эл ойлогондон да кызуу болот дегендер чыкты. Жергиликтүү аткаминерлерден баштап, бизнесмен, дарыгер, мугалим, куруучу, айдоочу, ашпозчу, уста, дегеле бардык тармактагылардан депутат болгусу келгендер партиялардын катарын толукташкан.

Өзгөчө кээ бир партиялардын тизмесинин 40-50 пайызын жогорку окуу жайлардын окутуучулары түзгөн. Ректорлор да тизменин алдыңкы катарларында. Бирок бул студенттердин добушун пайдалануу максатында эмес дешет алар.

Ош мамлекеттик университетинин тарбия иштер боюнча проректору Замир Божонов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Мыйзам боюнча шаардык кеңешти шайлоого аскерлер жана студенттер катыша албайт экен. Шаарда туруктуу жашагандар гана добуш бере алышат. Демек биз бул жагынан эч кандай ресурс колдоно албайбыз. Окутуучуларды ала турган болсок, бизде алар бир эле КСДП партиясына мүчө эмес, «Улуттар биримдиги», «Республика», «Ата Мекен» ошол эле «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынын тизмесинде шайлоого катышып жатышат. Бул да биздин ректораттын окуу жайда административдик басым кылбай турганынын бир күбөсү.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков КСДП партиясында 1-тизмеде. Бул партиянын алдыңкы саптарын мындан башка Ош технологиялык университетинин ректору Абдыкадыр Абидов жана Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору Эгемберди Токторов толуктайт. Мурдагы Кыргыз-өзбек, азыркы Социалдык университеттин ректору Идирис Кенжаев "Республика" партиясынын тизмесинде. Бирок бул боюнча ректорлордун бири да маек курууга макул болгон жок.

Атын атагысы келбеген окуу жай жетекчиси:

- Мен азыр бул партияга кокустан эле кирип калдым. Окуу жайдагы кызматымда эмгек өргүүсүнө чыккам. Ошого азыр талапкер катары да, университеттин ректору катары да маек бере албайм. Бир чети ректор катары айтканга акым да жок. Унчукпай эле турайын.

Ал эми партиялардын өкүлдөрү тизмелерге ЖОЖдордун башчыларын киргизген максаттарын башкача түшүндүрөшөт. КСДП партиясынын штаб өкүлү Зууракан Каденова:

- Бул шайлоого карата кандайдыр бир максатты көздөгөн эмес. Алар мурдатан эле биздин партиянын мүчөсү болуп жүрүшкөн. Ошондуктан студенттердин же окутуучулардын добушун алуу менен байланыштыруу туура эмес. Башка жагынан алганда мыйзамга ылайык студенттер шайлоого катыша албай турган болсо, биз алардан кандай пайда тапмак элек?

"Республика" партиясынын Ош шаардык штаб жетекчиси Абдибали Токтомаматов:

- Ректорлордун партиялардын алдыңкы тизмесинде кетип жатканын мен студенттер, же добуш алуу максаты менен байланыштырбайт элем. Тескерисинче, бул алардын жарандык активдүүлүгүн, интеллектуалдык деңгээлин айгинелеп турат. Шаарда кандай иш-чара болсо студенттерди чакырабыз, митинг кылса да бечара ошолор чыгат. Анан неге окуу жайдын өкүлдөрү да шаардык кеңешке барганга болбосун? Жок дегенде университеттердин жетекчилери сөзсүз түрдө шайлоого катышышы керек.

Серепчилер бул шайлоодо университеттин ректораты студенттерге таасир эте албай тургандыгын белгилешүүдө. Жергиликтүү талдоочу Төлөгөн Келдибаев "студенттерди миң мажбурлаганы менен, өзү каалаган партиясына добуш берет" деп ишенүүдө:

- Азыр Акаевдин же, Бакиевдин заманындагыдай эмес. Бийликчил партиялар ректорлорду жоокер катары пайдаланса да студенттерди пайдалана албайт. Жаштар, студенттер өз көз карашына, өз позициясына ээ болуп калган учур. Аларды окуу жайдын башчылары ташып атып шайлоого киргизген күндө да алар өз каалаган партияга гана добуш берип коюшат. Муну биз буга чейинки парламенттик жана президенттик шайлоолордон көрбөдүкпү.

Деген менен айрым окуу жайларда азыртадан эле таасир этүүлөр орун алып жатканы кеп болууда. Маалым болгондой, Ош шаарында 6 жогорку жана 5 орто окуу жайлары бар. Аларда жалпысынан 60 миңге жакын студент билим алат.

Ош шаардык кеңешин шайлоо 4-мартка белгиленген. Өнөктүккө 8 партия ат салышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG