Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

ОПЕК жана Орусия мунай өндүрүүнү кыскартты


ОПЕКке мүчө мамлекеттердин жана Орусиянын мунай министрлери кара майды өндүрүүнү кыскартуу жана бааны көтөрүүгө багытталган аракеттер күтүлгөндөн алда канча ыкчам жана жакшы жүрүп жатканын билдиришти. Министрлер 21-январда Венада кечки тамак үстүндө бейрасмий жолугушуу өткөрүштү. "Блумберг" агенттиги орусиялык министр Александр Новактын “Биз жадыбалдан алдыда баратабыз жана ушул ыргакта уланта беребиз”, – деген сөздөрүн келтирген. Буга чейин Сауд Арабия, Алжир жана Кувейт 10-декабрда жетишилген келишимди аткаруу үчүн тиешелүү чара көрүшкөн эле. Кувейттин министри Халид ал-Фалихтин айтымында, күнүнө рынокко алып чыгылчу мунайдын 1,5 миллион баррели кыскартылды. Орусия мунай өндүрүүнү күнүнө 100 миң баррелге азайтты. Жалпысынан өлкө күнүнө 11.1 миллион беррель кара май өндүрөт.

XS
SM
MD
LG