Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Эки улут – бир тагдыр


Черемушкиде өрттөнгөн үй
Черемушкиде өрттөнгөн үй

Оштогу Черемушки району 11-12-июнда катуу жапа чегип, үйлөр күйүп кеткен.

Мая Турсунбекова менен Гүлчехра Камолова коңшулар. Эки аялдын жашоосу былтыркы окуяларга чейин жана андан кийин болуп экиге бөлүнүп калган.

Мая Турсунбекова: Мен даттангым деле келбейт. Бирок ошол окуядан кийин оорукчан болуп калдым. “Психбольницада” дарыланып, каттоодо турам. Катуу чочугам.

Ошол күнү жертөлөдө 4 балам менен калып калгам. Күйөөм аскер кызматкери. Кийин Анар кичи районуна качып чыкканбыз. Ошондо чочуп калып, мастопатия болуп, онкологго барып атам. Халатчан качып чыктык. Балдарым жайкы кийимчен эле. Кышында да жука бут кийимчен чыктык. 20 жылдык эмгегибиз, жашообуз 20 мүнөттө күйүп, түшүп калды. 20 мүнөт десем, кийин кошуналар айтышты 15 мүнөт деп.

Гүлчехра Камолова: Биздин да үйүбүз күйүп кеткен. Азыр куруп беришүүдө, бирок тарыраак болуп атат. Мына, экинчи кабатка 12 чарчы метр болуп калды, биз 14 адамбыз. Биз ошол күнү эркектерибизди жертөлөгө бекиткенбиз. Аларды сыртка чыгарган эмеспиз. Ошондуктан үйлөр күйө баштаганда алар кичине күйүп калышкан.

11-июнь болчу. Биз аялдар, бала-чака болуп жертөлөгө түшкөн эмеспиз. Эркектерди гана алар жооп кайтарып, согуш ырбап кетпесин деп жертөлөгө түшүрүп жибергенбиз.

Мая Турсунбекова
Мая Турсунбекова: Бирок өрттөгөн адамдарды тааныбай койдум. Оштуктар да эмес, кийин коңшу өзбектерден сурасам алар да айтат, оштуктар эмес деп. Бетин бүт жаап алышкан. Дарбазанын алдында бакырып ыйлап турдум. “Жүргүлө балдар, куранды кармап берейин, менин үйүм, тийбегиле” деп жалынсам да өрттөштү.

Гүлчехра Камолова: Бейтааныш адамдар жасап кетишти. Биз тааныбай калдык. Мына жаныбыздагы көп кабаттуу үйдөгү кыргыз коңшуларыбыз күйгөн эркектерди алып кирип кетишип, колдорун дарылап, кийимдери күйүп кеткен эле, кийим беришкен. Биздин да курсактарыбызды тойгузушкан. Анан дагы бирөөлөр келе жатат дегенде чоң жолго чейин чыгарып, биз качып, жан сактап калганбыз. Коңшуларга рахмат, алла ыраазы болсун. Биз алардан жамандык көргөн жокпуз.

Мая Турсунбекова: Бул көчөдө аралаш жашайбыз. Билбейм, эл кандай ойлойт, бирок бизде “сен – кыргыз, мен – өзбек” деген сөз болчу эмес. Ошол окуядан бир ай мурда жолдошум ажылык сапардан келип той бергенбиз, өзбеги да кирген, кыргызы да кирген.

Гүлчехра Камолова кызы менен
Мен коңшуларга ыраазымын, биз да райондон чыгып кеткиче бардыгы карап турушту, бирок бири да тийген жок. 4 баламды алып чыгып кеттим. Бирок өтө жаман окуя болду. Биз ушунча нерсени жоготуп отурсак, өткөндө бир аткаминер бирөөгө маек куруп, “күтүп отурат, ун жок, кумшекериң кана дейт, булар жалкоо болуп алышты, отурушат” деп сүйлөдү. Берген арык күрүчү менен лояны менин балдарым жебейт. Кечирип койсун, кесир кылуу эмес. Майды колдонуп атабыз, унду колдонуп атабыз, бирок кээ бир жардамына ыйлагың келет.

Гүлчехра Камолова: Эми ноябрда бүтөт деп атышат, ошону күтүп атабыз, кышка чейин кирип кетели деп.

Мая Турсунбекова: Мен дендароо болуп калдым. Башкасын билбейм, Черемушкидегилер билбей калды. "Бул жакта үй өрттөнүп атат дейт, бул жакта машине өрттөнүп атат" дейт, күйөөм штабда отурат, ал болсо “сен үйүндү айтасың, Кыргызстан эмес, Орто Азия өрттөнүп кетиши мүмкүн, сен үйүңдү айтпа” деди. Анан үй күйүп атса деле кайыл болуп тура бердик.

Базарда товарларым бар эле, аны сактайын десем, ал жакта бир баланы асып салыптыр, же ал жакка үлгүрбөйм. Каякка чуркашымды билбейм. Кийин чуркап келсем, үй күйүп бүтүптүр. Бакырып, өкүрүп ыйлап, жиндиге окшоп айланып чуркай берип, түтүнгө думугуп калыпмын. Черемушкини капкара түтүн басты. Үйүмдө бир да буюмум калбаптыр.

Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү менен Мая Турсунбекова менен Гүлчехра Камолова Черемушкиде 10-11-июнь күндөрү түнөшпөй турганын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG