Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Ээнбаш ырга тыюу салынабы?


Ош, 11-июнь, 2010-жыл
Ош, 11-июнь, 2010-жыл

Кыргыз жана өзбек элдеринин ортосуна от жагууга багытталган "Ош сити" деген аталыштагы өзбекче ыр коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Июнь калабасынын эки жылдыгынын алдында чыккан ырга нааразы болгон Оштогу өзбек коомчулугу элге кайрылуу жасап, андай чыгармаларды укпоого чакырууда.

Башынан аягына чейин сөгүнгөн жана кыргыз элине акаарат сөздөр менен айтылган бул рэп стилиндеги ыр бир нече ай мурун интернетте пайда болгон. Анын аткаруучусу эркек бала, бирок аты-жөнү тууралуу маалымат жок. Андагы сөздөр Ташкент диалектиси менен сүйлөнгөдүктөн, кошуна өлкөдөгү ээнбаш балдар ырдаган деген божомолдор бар.

Укук коргоочу Изаттулло Рахматиллаев "Азаттыкка" билдиргендей, Оштогу өзбек коомчулугунун лидерлери мындай ырлар эми гана өз ара ымала ордуна келатканда кайра эки элдин ортосуна от жагышы мүмкүн деген кооптонуу менен элге кайрылуу жолдошту:

- Ырчылар элди биримдикке чакыргандын ордуна ушундай чагым ырларды чыгарып жатканы – кылымдар бою маданияты, тили окшош элдин арасына от жагууда. Алардын мындай аракетине жөн карап тура албай, кайрылуу жасадык.

Изаттилло Рахматиллаевдин айтымында, ушул ырдын артынан Ошто эки жолу жаштар арасында майда кагылыштар да болгон:

- Жакында Ош районунда аялдамада ушул ырдын айынан эки кыргыз бала менен бир өзбек баланын арасында жаңжал чыккан. Ушундай эле көрүнүш май куюучу жерлердин биринде да болду. Булардын баарына ошондой ырлар себепчи болгон.

Бирок шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков жогорудагыдай фактылар милицияда каттоого алынбаганын билдирди.

Калабадан соң чагым ырларды өзбек эл артисти Юлдуз Усманова баштап берген эле. Анын "Кыргыздарга" деген аталыштагы ырына кыргыз ырчылары Сыймык Бейшекеев менен Аалы Туткучев жооп кайтарышкан.

Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова мындай ырлар улут аралык кастыкты козутат деп эсептейт:

- Ырчы менен элчинин милдети - эки араздашкан тарапты жараштыруу. Ырчы деген атты жамынып алгандар минтип, жосунсуз ырларды жаратышууда. Жакында маданият кызматкерлери чогулуп, бул теманы талкууладык. Азыр бийликке кайрылуу даярдап жатабыз.

Деген менен кайрылуулар маселени чечпейт деген ойдогулар бар. Журналист Жылдыз Бекбаеванын айтымында, техника өнүккөн заманда андай ырлардын эл арасына таратып жиберүүнүн амалдары толтура:

- Кайрылуулар менен биз эч нерсе чече албайбыз. Эгер кайрылуу жасай берсек, биз тескерисинче, ушул ырларга көбүрөөк көңүл бура баштайбыз. Алардан арылуунун бир эле жолу бар – укпай коюу.

Мындан тышкары чагым ырлардын чыгышы июнь коогасынын эки жылдыгына шылтоолоп кыргыз менен өзбектин ортосунда от жагууну көксөгөн башка күчтөрдүн долбоору деген да пикирлер жок эмес
XS
SM
MD
LG