Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Укук коргоочу Равшан Гапиров мындан бир жыл мурда Ош шаардык милициясынан жана прокуратурасынан утуп алган 440 миң сом компенсациясын ушул күнгө чейин ала албай келет.

Уулу Фаррух Гапиров экөө улут аралык жана диний касташууну козуткан, массалык баш аламандыкка аралашкан деген айып менен соттолуп, кийин акталып чыккан эле. Бийликтер болсо аларга компенсация төлөө үчүн казынада акча жоктугун айтып кол куушурууда.

Бир канча соттошуудан кийин өткөн жылдын июль айында Равшан Гапиров шаардык милицияны жана прокуратураны 220 миң сомдон, жалпы 440 миң сомго доого жыккан. Гапиров адилеттүүлүккө жеткенине кубанып, коомчулукка сүйүнчүлөп да жиберген.

Бирок эрте кубанганбы ким билсин, ошондон бери ал бир тыйын да компенсация ала алган жок:

- Уулум экөөбүз Жогорку Сотко чейин барып акталганбыз. Акталгандан кийин, мыйзамсыз соттолгонубуз боюнча кайра сотко берип, мен 100 миң сом милициядан, 100 миңди прокуратурадан утуп алгам. Уулум 120 миң сом прокуратурадан, 120 миң сом милициядан утуп алган. Ошентип бизге жалпы 440 миң сом акча төлөнүп берилиши керек эле. Ушундан бери мени ары жакка бир түртүшүп, бери жакка бир түртүшүп, кыскасы компенсацияны бербей кыйнашты. Акыры Башкы прокуратурага, президентке кат жаздым. “Эгер мага акчаны төлөп бере албасаңар, Ак үйдү бошотуп, чыгып кеткиле” дедим...

Оштогу “Акыйкаттык – чындык” укук коргоо уюмунун жетекчиси Равшан Гапиров улут аралык жана диний араздашууну козуткан деген айып менен айыпталып, 2008-жылы шаардык милицияда 9 ай отурган. 8 соттук жараяндан кийин гана анын күнөөсүз экени аныкталып, боштондукка чыккан.

Кийин анын уулу Фаррух Гапиров 2010-жылкы кандуу окуяларга тиешеси бар деп шектелип, массалык баш аламандыкка катышкан жана курал-жарактарды ташыган деген айып менен кармалган. 5 айдан кийин ал да акталган. Фаррух Гапиров абакта милиция тарабынан кыйноого да кабылганын ачыкка чыгарган.

Жалган доомат менен моралдык жана физикалык жактан жабыр тартышкандыгы үчүн ата-бала күч органдарынан 20 млн. сомдой өндүрүп берүү талабы менен сотко беришкен. Бирок Жогорку Соттун соңку чечими да 440 миң сомго токтолгон.

“Бул сумма да минтип мыйзамдагы алешемдиктерден улам берилбей келатат”,-дейт Гапиров.

- Бул акча Каржы министрлиги аркылуу берилет экен. Министрлик прокуратура жана милиция органдарына бөлүнгөн акчадан кармап калып, анан кайтарып бериши керек экен. Мындай процедура буга чейин болуп көрбөгөндүктөн, мындай компенсация алуунун артынан бир адам аягына чейин түшпөгөндүктөн бул нерсе чалкеш болуп жатат. Каяктан акча кантип келип, жабырлануучуга кантип төлөнүп берилиш керек деген суроого жооп жок болуп атат. Каерден алып берсек, туура эмес жерден берип коюп, анан эртең балээге калбайлы деп, ар кайсы шылтоону айтып жатышат. Акча жок эмес, бар, ошону берүү процедурасын билбей, ушинтип созуп жүрүшөт.

Каржы министрлиги укук коргоочунун өзүнө “казынада акча жок” деп кат жөнөткөн. Бирок бул иш боюнча “Азаттыкка” атайын комментарий берген жок. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы да, шаардык прокуратура да маалымат берүүдөн баш тартууда.

Адистер болсо жоопсуз калган мындай окуялар толтура экенин айтышууда. Оштогу “Эдвокаси” борборунун директору Жеңиш Төрөев:

- Каржы министрлигинде атайы борбордоштурулган фонд бар, мындай компенсациялар ошол аркылуу төлөнүшү керек. Азырынча ал фонддо акча барбы, жокпу - билбейбиз, бирок бул сөзсүз берилиши шарт. Негизинен милицияларга доомат көп болот. Алар кимдир бирөөнүн укугун бузуп койсо, бирөөнүн денесине залака келтирсе, жабыр тарткандарга өкмөт доо төлөп бериши керек. Анан кийин регресс аркылуу ал акчаларды ошол эле милиция кызматкерлеринин айлыгынан, же ошолорго кетчү башка чыгымдардан кармап калышы керек. Бирок биздин практикабыз көрсөтүп атат, Гапиров гана эмес, ага окшогон канчалаган кишилер мындай компенсацияларын ала албай келатат. 80 миң сомдон, 160 миң сомдон соттон утуп алгандар ошол боюнча акчасын ала албай жүрүшөт. Бирок акча төлөнүүгө келгенде эле сот системасы ошол акчаны ала албай калып атат.

Төрөевдин белгилешинче, бул иштер сот аткаруучулардын бийликке карата жеңил мамиледе болуп жатканынын айынан орун алууда:

- Сот аткаруучулар өкмөттөн акчаны талап кылууга ыйгарым укуктары жетиштүү. Бирок ошону жакшы, так колдонбой жатышат. Экинчиден, көп мезгилде ошентип эле акча жок деп, ошонун негизинде төлөнбөй калып жатат. Мында учурлар өтө эле көп. Ошол себептүү бул процессти кайрадан карап, атайын бир иш жүргүзүп, анан бир жолго салыш керек.

Равшан Гапиров бир нече жылдардан бери адам укуктары боюнча иш алып барып келет. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин сот иштеринде ал негизинен өзбек тектүү тургундарга актоочу катары кызмат көрсөтүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG