Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Ошко көгүлтүр от берилди


9 айдан бери Ошто 60 миңдей абонент көгүлтүр отсуз жашап келген.
9 айдан бери Ошто 60 миңдей абонент көгүлтүр отсуз жашап келген.

Орусиялык “Газпром” компаниясы өзүнө таандык Gazprom Schweiz AG ишканасы аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга газ алуу келишимин түздү. Ага ылайык, калаага күнүнө 100 миң куб/метр көгүлтүр от берилип турмай болууда.

30-декабрда Ошко газ берилет деген кабар тараганда шаардыктар алгач муну тамаша катары кабылдап жатышты. Бир жылга жакын убакыттан бери көгүлтүр оттун жоктугунан улам калаа тургундары газ берилээринен биротоло үмүтүн деле үзүп койгондой. 30-декабрь эртең менен эле анык болгон маалыматты Ош шаардык мэриясы да түш ооп барып гана тастыктады.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев муну “Газпромдун майрамдык белеги” деп атады 30-декабрда журналисттерге:

Айтмамат Кадырбаев
Айтмамат Кадырбаев

- “Газпром” компаниясы Өзбекстан менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү өз жемишин берип, бүгүндөн баштап Ош шаарына газ бериле баштады. Мына, кудай буюрса, 2-3 сааттын тегерегинде Оштун тургундарынын баары көгүлтүр от менен камсыз болот. Кыргызстан үчүн бул чоң кубаныч жана жаңылык. Бул “Газпром” компаниясынын бизге берген жаңы жылдык белеги деп түшүнсөк болот. Биз газды түздөн-түз Өзбекстандан албайбыз. “Узтрансгаз” ишканасынан “Газпром” өзүнүн Gazprom Schweiz AG компаниясы аркылуу сатып алат, анан биз алардан сатып алабыз.

Кадырбаев ошондой эле көгүлтүр оттун баасы буга чейинки тариф менен эле эсептелээрин белгиледи:

- Ош шаары буга чейин күнүнө 80 миң куб/метр газ колдонуп келсе, эми бизге “Узтрансгаз” күнүнө 100 миң куб/метр көгүлтүр от беребиз деп жатат. Газдын орточо баасы бүгүнкү күндө карапайым калк үчүн 13 сом 54 тыйын, ал эми коммерциялык жана бюджеттик мекемелер үчүн 16 сом 30 тыйынды түзөт. Башкача айтканда, бул нарк буга чейинки эле баа менен бирдей. Анан эми калганы доллардын курсуна байланыштуу болот. Доллар кокустан кескин түрдө жогорулап кете турган болсо, ошого байланыштуу бул нарк да бир аз көтөрүлүп кетүүсү мүмкүн.

“Газпром Кыргызстан” ишканасынын “Ош газ” башкармалыгынан маалымдашкандай, ушул тапта Ошто баардык көп кабаттуу үйлөргө дароо газ берилбейт. Анткени тогуз айдан бери газ токтоп тургандыктан, айрымдар түтүктөрдү, же газ мештеринин оозун ачык калтыруусу мүмкүн. “Ошондуктан алгач эскертүү иштери жүрөт”, - деди “Ош газ” башкармалыгынын жетекчиси Маматкалык Аматов:

Маматкалык Аматов
Маматкалык Аматов

- Сегиз-тогуз айдын ичинде газ келбейт деген ойдо көптөгөн адамдар газ түтүктөрүн кесип салган, же сындырып алышкан. Айрымдары болсо ремонт кылабыз деп, газ мештерди тумбочка катары колдонуп, куурларын ачык таштап койгондор бар. Ошон үчүн азыр биздин кызматкерлер бардык тургундарды кыдырып, газдын жылчыктарын жаап, түтүктөрдү бүтөөнү эскертип жатышат. Ар бир батирге, ар бир көп кабаттуу үйлөргө барып, баары жайында экенин билгенден кийин гана, ошол турак жайларга газды кое беребиз.

Бирок бийликтер Өзбекстан менен кандай тартипте, кандай макулдашуулардын негизинде көгүлтүр от берилгенин ачыкташкан жок. Ошого карабай “Газпром Кыргызстан” компаниясы түндүк-түштүк газ куурлары куруу аракетин токтотпой турганын, Баткендин Кадамжай районунан табылган газды да иштетүү жолдорун ойлонуп аткан чактары. Маматкалык Аматов:

- Кадамжай районунун Бүргөндү аймагында жаңы табылган газ запасын чалгындоо жана иштетүү боюнча аракеттер, пландар токтогон жок. Эгер ал жердеги газды иштетип алсак, Ош жана Баткен шаарларын, облустарын толук газ менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кочкор-Атадагы мунай заводдун да алкагын кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Анткени ал жерден азыркыдан да көбүрөөк нефть, газ чыгып калуусу мүмкүн. Мындан сырткары, түндүк-түштүк газ куурун, буюрса “Газпром Кыргызстан” куруп калуусу мүмкүн. Ал курулуп калса Бишкектен Ошко газды тартып келебиз, кааласак Оштон Бишкекке газ алып бара алабыз.

Ошко 14-апрелден тарта газ берүү токтотулган
Ошко 14-апрелден тарта газ берүү токтотулган

Буга чейинки билдирүүлөрүндө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да түндүк-түштүк газ куурун куруу демилгеси каралып жатканын кеп кылган. Соңку пресс-конференциясында президент Кадамжайдагы газ запасы боюнча бир ай ичинде чечим кабыл алынаарын айткан. Бирок азырынча бул кептер сөз жүзүндө эле калып жатканын адистер айтып келишет.

Оштук серепчи Абдыжапар Аккулов мындай дейт:

- Газ боюнча бийликтин туруктуу позициясы болбой жатат. Бир жыл ичинде түндүк-түштүк газ куурларын куруп салабыз деп президент жыл башында, Ошто газ токтогондо айткан. Бирок мына ошондон бери бир жыл өттү, кана иш башталганы? Бул эмне элдин башын айлантып, утурумдук алдап туруу беле? Эгер болбой турган болсо, аны эмнеге айтып, элдин алдайт? Экинчиден, Кадамжайдан булак таптык дейт, бирок ал жерде газдын запасы өтө деле көп эмес экен. Аны азыр Кыргызстан иштетип чыгара албай турганын, ал жердеги запас өлкө үчүн анчалык деле көп эмес экенин билип туруп, дагы эмне элди алдап жатышат? Мына Өзбекстан газ берип жатат деп сүйүнүп туралы. Бирок булар дагы эртең-бүрсүгүнү өчүрүп койбойт деп ким кепилдик бере алат? Өзбекстан газды бизге буроо катары колдоно турганын көрүп, түшүнүп калдык. Демек эми бийлик ушуга ар дайым даяр болуп, керек болсо башка бир туруктуу көгүлтүр оттун булагын табуусу кажет.

Ошентсе да шаардыктар көгүлтүр от берилди деген кабарга азырынча ишенип-ишенбей турушат. Тургундардын бири Жылдыз Фармонова үйүнөн азырынча газ чыга элек экен:

- Азыр менин үйүмө газ келе элек, бирок келген болсо, кудай эле жалгасын. Эгерде газды чындап берген болсо, ушул боюнча толук беришсин. Жаңы жылдан тегерегинде эки-үч берип анан, кайра элди алдаган болушса, анда жакшы болбойт. Азыр кыштын биринчи айы - декабрь жеңил болуп, сүйүнүп жатабыз. Эртең январь-февралда катуу кар түшсө, жалаң электр менен отурган көп кабаттуу үйдөгүлөр чынында ыйлашмак. Азыр эми көгүлтүр от берилип калса, эптеп ушу менен жазга чыгабыз. Быйылкы жылдан бийлик сабак алып, эмдиги жылкы кышта да ушундай абал болбос үчүн алдын ала иштерди жасагыдай болсун.

“Газпром Кыргызстан” ишканасы Орусиялык “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин келишим бүттү деген шылтоо менен Өзбекстан 14-апрелде Ошко газ берүүсүн токтоткон. 9 айдан бери Ошто 60 миңдей абонент көгүлтүр отсуз жашап келген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG