Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Ош: суюлтулган газдын убайымы


Өкмөт башчы Ошко барганда кыштан чыгуу үчүн шаарга Орусиядан келген каражаттын 30 млн. доллары жумшаларын айткан. 18-июль, 2014.

Өкмөт башчы Ошко барганда кыштан чыгуу үчүн шаарга Орусиядан келген каражаттын 30 млн. доллары жумшаларын айткан. 18-июль, 2014.

Электр линияларын чыңдоо менен бирге газсыз калган Ошту суюлтулган газ менен жабдуу долбоору ишке кирди.

Ага ылайык, шаарда бул көгүлтүр отун менен камсыздоочу жайлардын картасы жарыяланды. Бирок ошол эле кезде калаадагылар күйүүчү отундун бул түрүн пайдалануудан чочуп турушат.

Кантсе да 20 жылдан бери суюлтулган газ колдонбогон эл аны иштетүү жол-жобосун унутуп калды дешет жергиликтүүлөр. Айрымдар көп кабаттуу үйлөрдө газ баллондор жарылып кетүүсү мүмкүн деп кабатыр болушууда.

Ош шаарынын тургуну Гүлүмкан Абдраева газ жоктугунан тамак-ашын, тиричилигин электр жылыткычтары менен өткөрүп жаткан. Эми ал быйыл кышта электр энергиясы да күн алыс өчүп калышын түшүнүп турат. Ошол себептүү күзгө чукулдап, ал дагы үйгө суюлтулган газ койдурганы жатат. Бирок аны кабатыр кылган нерсе газ баллондун коопсуздугу:

- Биздин үй Оштун Манас-Ата кичирайонунда жайгашкан. Азыр эле биздин үйлөргө караштуу трансформатор жарылып, күн алыс оңдоп жатабыз. Утуру атылып кетүүдө. Жаз-жай мезгилинде акыбал ушундай болуп жаткандан кийин, биз кышта кандай абалда болобуз. Биз жарыксыз эле олтурабыз го сыягы. А суюлтулган газды бешинчи кабатка коюуга кооптонуп жатабыз. Бирок аз күндөрдөн кийин айласыз коёбуз го. Мен азыр газ баллон сатып алууну пландап жатам. Жарылбай же өрттөнүп кетпей кыштан аман чыгып кетсек болгону.

"ГазПромдун" Ош аймактык башкармалыгы. 18-июль, 2014-жыл.

"ГазПромдун" Ош аймактык башкармалыгы. 18-июль, 2014-жыл.

Өзбекстан газ бербей койгондон бери өкмөт Ош шаарын кышка даярдоонун башкы жолу катары электр линияларын чыңдоону колго алган. Анан албетте шаардыктарды суюлтулган газ менен да камсыз кылуу керек.

Муну президент Алмазбек Атамбаев Ошко келгенде өзү да белгилеп, бирок экинчи кабаттан жогоруга отундун бул түрүн алып чыгууга болбой турганын айтып кеткен. Азыр ага карабай, газды көп кабаттуу үйлөргө ташып чыгып атышкандар көп.

Ош шаардык кеңешинин депутаты, “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү Бактыгүл Темирова буларды айтат:

- Бир үй-бүлөнүн коопсуздугу канчалык кымбат. А бул жерде жалпы бир шаардын коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жатат. Суюлтулган газды биз тээ 90-жылга чейин, союз учурунда гана колдонгонбуз. Азыр көбү аны иштетүүнүн жол-жобосун унутуп калышыптыр. Азыр элдин баары суюлтулган газды муктаждыктан улам, аргасыз түрдө алып жатышат. Эртең эми кудай сактасын, бир жарылуу болуп кетсе ага ким жооп берет? Газды саткандарбы? Мэриябы? Ким жооп берет? Кокуй, экинчи кабаттан жогору чыгарууга болбойт, коркунучтуу дешкен. Мен өз көзүм менен көрдүм, бешинчи кабатта колдонуп жатышат. Алар эми кандай болот?

Оштогу газсыз турмуш.

Оштогу газсыз турмуш.

Адистер болсо суюлтулган газдын коопсуздугун кароо үчүн баллонду толтурууда башкысы аны тазалоо керектигин айтышат.

Шаарда иш алып барып жаткан “Чуданов” фирмасынын жетекчиси Акжол Чуданов мындай дейт:

- Биринчиден, суюлтулган газды куюп жатканда, аны куйган киши атайын адис болушу керек. Анан эгер газ баллон нормалдуу болбосо, аны ачыш керек дагы, тазалаш керек. Тазалап, резбаларын майлап кайра жаап, анан өзүнүн атайын "бекиткичтери" болот, ошо менен мыктылап чаптоо зарыл. Эгер оозу жакшы бекилбей калса, андагы резинкаларды да жаңылоо керек. Көбүнчө ошо резиналары желип кетет дагы, газ чыга бериши мүмкүн. Ал үйдө турса кооптуу болот. Анан менин ишканамда бул эрежелердин баары аткарылат. Бирок башка ишканаларга мен кепилдик бере албайм.

Учурда Ош шаарында “Чудановдон” башка “Интергаз”, “Ингаз” жана “Кичкинов” аттуу жеке менчик ишканалар иштеп жатат. Алар суюлтулган газ сатуучу 10дон ашык атайын жайларды ачты.

Чуданов ошол жерлерде да тургундарга маалымат берилерин айтат:

- Иштетип бүткөндөн кийин, же кечинде газ баллонду редуктордон бекитип, жаап коюш керек. Иштеткенде ошол жерден кайра ачып, кадимкидей иштетиле берет. Анан дагы баллонду бийик жерден ылдыйга ыргытпаш керек, бир жерге өтө катуу таштабаш керек. Жанында от турбаш керек, электр же мештен алысыраак коюу кажет. Анан эң башкысы бул ашканада гана туруш керек. Сөзсүз түрдө ашкананын терезесин ачып коюу керек. Ашкана менен зал, ашкана менен жата турган жайдын эшиктерин кечиндеси жаап коюу туура болот.

Ош шаарында 2014-жылдын 14-апрелинен бери газ жок.

Ош шаарында 2014-жылдын 14-апрелинен бери газ жок.

Ал эми Ош шаардык мэриясы болсо, суюлтулган газды колдонуунун эрежелери боюнча калк ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтууда. Ош шаарынын вице-мэри Кутманаалы Абдырахман уулу мындай дейт:

- Суюлтулган газдын коопсуздугу боюнча азырынча бир топ көйгөйлөр бар. Себеби анын тыгыздыгы кадимки газдыкына караганда бир топ жогору болот да, жаратылыш газына окшоп өйдө көтөрүлүп кетпестен төмөн түшүп кетет. Ошондуктан “Газпром” ишканасынын Ош шаардык бөлүмү менен биргеликте атайын коопсуздук, техникалык эрежелерди камтыган баракчаларды басып чыгарып жатабыз. Эл арасында түрдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Бирок кантсе да элибиз суюлтулган газды эгемендүүлүк алганга чейин колдонуп келген. Башкача айтканда практика бар. Эгер эрежелердин баарын так аткарсак, бул газ эч кандай коркунуч алып келбейт.

Бийликтер кабарлагандай, газ баллондорду жеке ишканалар тургундарга күрөөгө берип турат. Айрым муктаж үй-бүлөлөргө газ баллондорду бийликтер сатып бериши мүмкүн. Тагыраагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн миңден ашыгына газ баллонду, төрт миңден ашыгына электрмештерди Ош шаардык мэриясы алып берет.

Учурда аймакта 60 миңдей газ абоненти бар. Алар болжолдуу 16 миң тоннанын тегерегинде суюлтулган газ керектеши мүмкүн. Бийликтер кабарлагандай бул запас ашыкчасы менен бар.

Суюлтулган газдын бир килограммы Ошто азыр 60 сомдон сатылууда. Ушул эле көлөм Бишкекте 42 сомду түзөт.

Суюлтулган газ бул - кадимки эле көгүлтүр отундун муздатуу жолу менен 600 эсе кичирейтилген түрү. Аны сактоо жана ташуу ыңгайлуу.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Оштун кыштан тынч-аман чыгып кетүүсүнө Орусиядан келген 250 млн. доллардын 30 миллиону жумшалаарын аймактагы иш сапарында ачыктаган. Анын ичинен 261 млн. сому электр тармагын чыңдоого, станцияларды кубаттоого, линияларды жана трансформаторлорду алмаштырууга жана суюлтулган газ менен камсыз кылууга керектелет.

“Кыргызгаз” ишканасы Орусиялык “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин, келишим бүттү деген шылтоо менен Өзбекстан 14-апрелде Ошко газ берүүсүн токтоткон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG