Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Ошто жарыксыз жашоо жанга батты


Ошто газ жана электр энергиясынын тартыштыгы жыл сайын кышкы чилдеге туура келип турса, быйыл күзүндө эле башталды.

Мындай абал шаар тургундарына тамак-аш даярдоодо, күнүмдүк тиричиликте кыйынчылык жаратууда. Айрыкча бул көйгөй көп кабаттуу үйлөрдө жашагандарга ашыкча түйшүк болуп жаткан кези.

Туратбек Асамалиев жаш үй-бүлөнүн башчысы. Жубайы менен Зайнабединова конушундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ижарада турат. Аны менен дүкөндөрдүн биринде жолугушуп калдым. Колуна бир түрмөк шам кармап алган экен. Жарыктын күн сайын он сааттап өчүп жатканынан бир түрмөк шам беш күнгө да жетпей жатканын айтты:

- Бир түрмөктө сегиз шам болсо, ошол төрт күнгө жетпейт. Жумуштан келе жатып нан, анан сөзсүз шам сатып алам.

Ноябрдын башынан эле жарыктын тез-тез өчүп жатканына нааразы болгон Туратбек тийиштүү кызматтагыларды улам тилдеп жатты. Аны менен сүйлөшүп отуруп, үйүнө бардык. Биз келгенде жарык жок экен. Бир топ күндөн бери эртең мененки саат жетиден кечки жетиге чейин электр энергиясы берилбей жатканын жубайы Айсалкын экөө айтып отурду.

Туратбек: Эртең менен жарыкты өчүрөт, ошол бойдон кечинде берет. Жылытуу тармагы да жакшы эмес

Айсалкын: Газдын басымы да төмөн. Жумуштан эрте келип, тамак жасап алууга шашам. Эртерээк бышырып албасаң, саат 6-7ден кийин элдин баары казан асканда, газ үлпүлдөп калат. Андай учурда тамак саат түнкү 11ге барып бышат. Төрт жаштагы кызыбыз бар. Аны чоң энесиникине жибердик.

Туратбек: Минтип свет жок, үй суук, газ аз болуп жаткандыктан аман-эсен кыштан чыксын деп, айылга алып барып койдук. Эмнеге жарык өчө берет деп сураштырсак, Ош электр ишканасы жаңы подстанцияларды орнотуп жатыптыр. Аны сөзсүз кышта орнотуш керекпи? Жайында эмне кылды экен булар? Улам эле свет өчө бергендиктен, үйдөгү техниканын баары бузулуп, иштен чыкты. Айлыкка иштейм. Араң алган телевизорум бар эле. Жарык өчө берип, ток азая берип, күйүп калды.

Туратбек менен Айсалкын кыш мезгили Оштун тургундары үчүн жыл сайын ушундай көйгөй менен коштолоорун айтып отурган учурда жашы 60тан ашкан кошунасы Саламат эже келип калды:

- Балалуу-чакалуумун. Неберелеримдин баары жаш. Өткөн күнү төрөтканадан неберемди чыгарып келдик эле, эки күн катарынан газ жок болуп, свет да жок болуп калса болобу. Же кабаттуу үйгө меш жага албасаң. Эмне кылаарыбызды билбей, балабызды боорубузга кысып отурдук, ыйламсырап.

Туратбек үйдүн бардык терезелерин чаптагыч менен жаап чыкканына карабай, үйдүн ичи муздак. Үстүбүздөгү калың кийимдерди чечпей эле отурдук. Айсалкын газга койгон чай 40 мүнөт дегенде араң кайнады.

Андан чыгып, Туратбектин жумушуна жол алдык - Курманжан Датка көчөсүндө элге компьютер менен байланышкан кызмат көрсөткөн ишканалардын бири экен. Навои, Ленин көчөлөрүндөгү дээрлик ар бир мекеменин жанында генератор иштеп турат. Тырылдаганы кулакты жарып бүттү.

- Элдин баарында генератор. Ошентип генераторго таянып калганбыз, дырылдатып эле. Эмне кылалы анан? Башка айла жок да.

Ошентип отуруп, анын жумушуна келдик. Бул жерде жарык бар экен. Бирок анысы да тез-тез өчүп турат:

- Жумушта деле аябай көп өчүп жатат. Компьютерге жазганымды улам сактап турам. Болбосо свет өчүп, жок болуп кетет. Өткөн күнү жарык өчтү эле компьютерим программадан чыгып кетип, бузулду.

Каарманыбыз эми гана компьютерин тамызды эле, жарык өчүп калды:

- Көрдүңүзбү? Эми эле айтып турдум эле, мына, өчтү. Эмне кыла алмак элек... РЭСке чалсаң, авария болду, ошого өчүрдүк, күтүп туруңуз, жарык келип калат дейт. Кээде телефонду такыр эле албай коёт.

Ошто күнүгө ушундай абал... Электр тармагындагылар жарыкты өчүрүү зарылчылык экенин айтышат. Ош электр ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков шаарга жаңы трансформаторлор коюлуп, жаңы линиялар тартылып жатканынан улам ушундай болуп жатканын билдирди:

- Азыр "Датка-Түштүк" 220 киловольттук линия тартылып жаткандыгына байланыштуу ушундай өчүрүүлөр жүрүп жатат. Андан сырткары шаардагы дээрлик бардык трансформаторлордо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Калаанын Кулатов, Анар, Төлөйкөн кичирайондорун электр энергиясы менен толук камсыздоо үчүн жаңы электр бөлүштүргүч орнотуп жатабыз. Келечекте жарык менен шаарды толук камсыздоо үчүн азыркы өчүрүүлөр бизге аябай зарыл. Азыркы үнөмдөө аба-ырайына байланыштуу режим сактоо боюнча өчүрүүлөрдү да жүргүзүп жатабыз. Эгер конуштарды толук электр энергиясы менен камсыздасак, анда трансформаторлорго күч келип, шаар жарыксыз калышы ыктымал.

Ош шаарындагы мындай абал быйыл эле болуп жаткан жок. Жыл сайын тармакты жетектегендердин жообу бирдей. Жергиликтүү бийлик болсо электр жана газ тармагы аларга баш ийбестигин, бул маселени министрлик гана чечиши керектигин айтат...
XS
SM
MD
LG