Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Кара-Суунун Отуз-Адыр айылында мектеп мугалимдери алты жаштагы кызды жоолук салынганы үчүн даярдоо классына киргизүүдөн баш тартышкан.

Медет Жаманкулов атындагы мектептин мугалимдери окуучудан мектеп формасын талап кылып, жашы жете элек кызга жоолук салынбайсың дешкен.

Алты жаштагы Сумая курандын бир нече сүрөөлөрүн жатка билет. Аны атасы эки жашынан тарта эле дин жолунда тарбиялаган. Намазды да аз-аздан үйрөнүп, кайда жүрбөсүн жоолукту башынан түшүрбөйт. Бирок эми мектептин даярдоо классына кирерде көйгөй жаралып отурат.

- Жоолук бул Алланын өкүмү. Мен дайыма салынып жүрөм. Мугалимдер мектепке жаңы келгенде унчуккан эмес, эки-үч күндөн кийин эле "чеч" деп айта башташты. Атам алар менен сүйлөшүп аткан. Азыр сабакка киргенде жоолугумду чечип, партанын үстүнө коюп отурам.

Медет Жаманкулов атындагы мектептин окуучулары

Медет Жаманкулов атындагы мектептин окуучулары

​Ошентип жетиге чыга элек кыздын Отуз-Адыр айылындагы мектепте окуур-окубасы арсар болуп калгандай. Сумаянын атасы Айбек Аширбаев абалдан кантип чыгарын билбей турган экен:

- Башында жакшынакай эле окуп жүргөн, анан бир күнү эле үйгө телефон чалышып, кызыңар “жоолук салынып келбесин” деп айтышыптыр. Өзүм мектепке келип да, эжекеси менен сүйлөшүп, чече албай койдум. Алар “жоолук салынган кыздарды биз такыр окута албайбыз, биз ата-энелер менен чечип койдук, каякка барып окутсаң, ошол жакка окуткула” дешти. Башка мектептерде жоолук салынган кыздарды жөн эле киргизип жатышат го, бизде эле ушундай болуп атат. Эми биз эмне кылышыбыз керек? Кызыбызды же шаарга алып бара албасак, же башка мектептерге жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, үйдө эле тарбия берет окшойм.

Ал эми мектеп жетекчилиги болсо мектептин жобосу менен Билим берүү министрлигинин буйруктарын бетке кармап, Сумая Каныбекова бирдиктүү форма кийбей жатканын айтууда. Алар ошондой эле акыл-эси толук жетиле элек кызды атасы жоолук салдырып койгонун сынга алышты.

Бактыгүл Жээнбекова

Бактыгүл Жээнбекова

Жаманкулов атындагы мектептин директору Бактыгүл Жээнбекова бул жалпы жамааттын жана ата-энелердин чечими болгонун белгилейт:

- Бул маселени мен өзүм эле чечип койгон жерим жок. Мектепте 60 мугалим болсо, ошонун баары, Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө канча ата-эне болсо ошолордун баары бир чечимге келишкен. Хижаб кийгендерди жана жоолукту хижаб формасында салынгандарды мектепке киргизбей турган чечим кабыл алганбыз. Мектептин бирдиктүү формасы тууралуу министрлик да бизден талап кылат, ал биздин мектептин жобосунда да бар. Мен ошого карап эле окуучулардан талап кылып жатам. Биринчиден, ал кичинекей кыз өз алдынча ойлонуп, аң-сезими өсө элек болсо ага жоолук салынгандын эмне кереги бар? Экинчиден, ал кыз жоолук салынып атса, ага кайсы жерине бантик тактырам?

Билим берүү министрлиги жоолукка каршы эмес экенин, бирок кичинекей Сумая аны хижаб катары салынып алганын да агартуучулар туура эмес көрүнүш деп санашууда. Ошентсе да бул келишпестик бир жагына чечилерин, кыз мектептен чыгарылбасын айтышты.

Айжан Куланова

Айжан Куланова

Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айжан Куланова буларга токтолду:

- Биз окуучулардын бирдиктүү форма кийип, кыздар чачына ак бантик тагынышын талап кылабыз. Анан кичинекей кыздарга жоолук салса жүдөйт экен, арт жакта отурса укпай калышат экен, ошол себептүү мектепке жоолук салынып келбей эле койсо дегенбиз. Анан эми мектептен сырткары каалагандай укугу бар. Ошентсе да Сумая Каныбекованы мектепке киргизбей коюптур дегенди мен четке кагам, бул маселени чечебиз.

Ал эми айрым эксперттер, жарандык активисттер наристе кызга жоолук салууну анын укугун эске албоо катары баалашууда. Алар наристе кыз жоолук салынгандын же хижап кийгендин максатын толук түшүнбөйт. Ошондуктан мындай чечимди бойго жеткенде өз каалоосу менен кабыл алышы керек деген пикирде:

- Жоолук салынган өзү жакшы эле нерсе. Бул кыздарды ыймандуулукка чакырып, аны жаман жолдорго чыгып кетүүсүнөн сактайт. Бирок алты жаштагы кыз жоолук деген эмне экенин, аны салынуунун маани-маңызын таптакыр түшүнбөйт да. Эне сүтү оозунан кете элек наристе эмнени билет? Кичинекей кыз ойногондо кыйналат, ысып кеткенде жүдөп чечип салышы мүмкүн. Ага ата-энеси эле кыстап салдырып койсо керек да. Кыз бойго жеткенде өз каалоосу менен жоолук салынса болот, - деди Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова.

Канткен күндө да жоолук жана хижаб маселеси жыл сайын мектептерде көйгөй жаратып келет. Өзгөчө сентябрда бир сыйра ызы-чуу болуп, анан кайра басылып калчу жагдайы бар.

Билим берүү министрлиги буга мыйзамдык жактан так белгилеп, бир чекит койбосо, чыр дагы кайталанчудай. Отуз-Адыр айылындагы Медет Жаманкулов атындагы мектепте 800дөй бала окуйт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG