Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Ош: кышкы суукта үч селсаяк тоңуп өлдү


Соңку жылдары туруктуу жашоочу жайы жок селсаяктардын 10дон ашыгынын каза табышына ызгаар себеп болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун "Азаттыкка" тастыкташынча, кыштын алгачкы бир ай ичинде эле туруктуу жашоочу жайы жок 3 адам каза болгон:

- Жыл башынан бери туруктуу жашаган жайы жок 69 адам каттоодо турган болсо, алардын ичинен 2-декабрдан тартып эле бир айдын ичинде 3 адам суукта тоңуп калды. Өкүнүчтүүсү, алардын бири - 1978-жылы туулган Жыпар аттуу келин. Буларды алып барып карай турган, жок дегенде кышкысын сууктан алып чыгып кете турган шаарда бир дагы мекеме жок. Айрым бир бейөкмөт уюмдар тарабынан уюшулган багар-көрөрү жок, ооруп калган адамдарды карай турган жайлар бар, бирок алар селсаяктарды кабыл алуудан баш тартышат. Анткени булар ал жерге барып алып, бир нерселерди кымыра кетишет экен.

Сыдыковдун белгилешинче, селсаяктар жыл сайын кышкы суукта каза болот. Өткөн жылы 4, мурунку жылы 6 үй-жайсыз адам ызгаарда тоңуп калган:

- Кышкы суукта каза болгон селсаяктар жыл сайын орун алып жатат. Алардын жаш курагы да жыл өткөн сайын жашарып баратат. Азырынча биздеги маалыматтарга ылайык, селсаяктардын эң жашы 20, улгайгандары 70-80 жашта.

Селсаяктар кышында негизинен жылуулук өтчү түтүктөрдүн алдында, далдоо жерлерде таң атырышат. Өзүн селсаяк деп атагандан тартынбаган Равшандын көчөдө калганына 20 жыл болуптур:

- Өзүмдү өтө сыйлап, өтө жакшы карайм. Азырынча өлгөнгө аракет кылбайм, андай максатым да жок. Кудайдан ажал келгиче жашай берем. Туулуп эле өлүп калган болбойт. Жанымды сакташ үчүн каалаган жериме барып жатам. Суу түтүктөрдүн жанына барып, жылуу-жылуу жерлерге кирип кетем. Ал жерде үшүмөк тургай, алка-шалка түшүп тердеп чыгам. Бирок башкаларды киргизбейм. Мен жалгыз карышкырмын. Өлүп калгандар менин зонама кирбейт. Алар ичип алып жүргөндөр. Бир жерге жыгылышат да, тоңуп калышат.

Равшандын таштанды чогулткан "аймагына" башкаларды жолотпойт. Жатканда да жылуу жерди таап, курсагын да жакшы тойгузат:

- Тагдыр экен, ушундай болуп калды. Үй-бүлөм, бара турган жерим жок. Селсаякмын. Жүрөбүз ар жерде салпактап. Үйүм бар эле, аны аялым сатып, мени таштап кетип калды. Азыр Орусияда иштеп атат деп угам, эми ажырашып кеткенден кийин ага баары бир да. Мен болсо минтип көчөдө калдым. Жеген-ичкеним таштанды салган жерде даяр, жаткан жерим бар. Өзүмдүн жашоом үчүн күрөшүп атам.

Кышкысын суукта каза болгон селсаяктардын саны азырынча азая элек. Милиция жыл сайын коңгуроо каккан менен жергиликтүү бийликтен камкордук байкалбайт. Байкоочу Арстанбек Акматбеков буларды айтты:

- Булардын тагдыры чынында аянычтуу. Буга өздөрү да күнөөлүү деп эсептейм. Бирок кантсе да бул жарандар Кыргызстандын жарандары эмеспи. Аларга бийлик кам көрүшү керек. Бишкекте селсаяктарга деп атайын жай ачылганын билем. Оштун бийликтери деле ошол сыяктуу нерсени бизде деле ачпаганына таң калам. Балким бюджет жетишпей жаткандыр анысын билбейм. Бирок бул бийликтегилердин ачык кайдыгерлиги. Мүмкүн бул ишке үндөө максатында кандайдыр бир жакшы коңгуроо жок болуп аткандыр.

Шаарда жалпысы 30 жаштан 80 жашка чейинки 60тай туруктуу үй-жайы жок адам каттоодо турат. Алардын ичинде 10 чактысы аялдар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG