Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Ошто адам аткезчилигине каршы "Адам сатууга жол жок!" аттуу долбоор ишке киришти. Бул долбоордун чоо-жайы тууралуу демилгечилердин бири, Оштогу “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун жетекчиси Авазкан Ормонова ой бөлүштү.

- Ошто адам аткезчилигине каршы долбоорду уюштурууга эмне түрткү болду?

- Биз адам сатууга каршы акыркы төрт жылдан бери иштеп келе жатабыз. Адам аткезчилиги боюнча биздин эле уюм гана иштебейт. Кыргызстан боюнча отуздан ашуун бейөкмөт уюм чогулуп, адам сатууга каршы атайын бирикме түзүлгөн. Мына ушул бирикмеге кирген уюмдардын бардыгы ушул багытта иш алып барат. Төрт жылдан берки биздин ишибиздин жыйынтыктарын талдай турган болсок, адам сатуу негизги себептеринин бири мамлекетте саясий туруктуулук түзүлбөй жатканына, жумушсуздуктун күчөп бара жатканына байланыштуу.

Айыл жеринде жерди туура иштете албай, андан көрө чет өлкөгө чыгып, акча таап келейин дегендер көп экен. Ошентсе да адамдарды "Казакстанга же Орусияга барып иштебе" деп токтотуш абдан кыйын. Бирок алар чет жерге иштеп кетип жатса, адам сатуунун курмандыгы болуп калбасын деп, алдын ала маалымат кампаниясын жүргүзөлү деген ой келген. Ошондуктан бул долбоорду баштадык.

- “Адам сатууга жол жок!” долбоорунун алкагында маалымат берүү менен гана чектелесиздерби?

- Биз негизи үч багытта иш алып барабыз. Биринчи багытта адам аткезчилиги боюнча маалымат таркатабыз. Маалымат берүү кампаниясын мурункудай болуп өкмөттүк эмес уюмдар алып барбайт. Бул иш-чарага Ош облусундагы жети райондогу жети кесиптик лицейдин студенттери өздөрү келип, даярданышып, андан соң жер-жерлерге маалымат таркатышат. Себеби алар көбүнесе потенциалдуу мигранттар болуп эсептелет.

Экинчиден, айыл өкмөттө иштеген кызматкер менен участкалык милициянын потенциалын кантип көтөрүп, адам сатууга каршы кантип күрөшүү керек деген багыты бар. Ошондой эле 185 ишеним телефонуна тынбай кайрылып, ал жерден толук маалымат алып турууга мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андан кийин адам сатууга дуушар болуп калган адамдар бар болсо, анда биз аларга толук жардам бере ала турган мүмкүнчүлүктөрдү айтып түшүндүрөбүз.

- Бул долбоор жалпысынан канча аймакты камтыйт?

- Бул негизинен Ош облусун гана камтыйт. Аймактагы жети райондо, Чоң-Алай, Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Араванда иш алып барабыз.

- Сиздин уюм кеминде төрт жылдан бери адам аткезчилиги маселесин иликтеп келет экен. Бул жылдар аралыгында кулчулукка кабылган канча адам сиздерге кайрылды?

- Азыр мамлекеттик мыйзамдык нормаларды карай турган болсок адам сатууга дуушар болгон жаранды аныктоонун өзүнүн стандарттары бар. Бул эл аралык нормаларга карата иштелип чыккан. Ошонун негизинде биз адам сатууга кабылган адамдар менен кайра баштан суроо-сурамжылоо жүргүзөбүз. Ал сөзсүз түрдө укук коргоо органдары менен бирге чечилип каралат. Анан бул адамдарга ошондой статус беребиз.

Негизинен бизде адам сатуу боюнча кайрылган адамдар абдан эле көп. Себеби 2004-2006-жылдары Ноокат районунан Казакстандын тамеки плантацияларына иштөө үчүн абдан көп адам кеткен экен. Аравандан барып, ачуу калемпир тигип иштегени баргандар катталган. Өзгөндөн курулушка иштегени кеткендер бар.

Ошол кезде көбүнүн укугу тебеленип, алар убагында адам аткезчилигине кабылганын билишкен эмес. Бүгүнкү чейин түштүк боюнча кайрылган адамдар 560 адамды түзөт. Алардын ичинен 176 адам адам сатууга кабылган деген макам алган. Себеби ал макам аябай көпкө чейин такталат. Анын 68 адамы биздеги “Коопсуздук үйүнө” келип толук жардам алышты.

- Кыргызстандыктардын кулчулукка кабылганы тууралуу маалыматтар бат-баттан эле чыгып турат. Алардын айрымдары бошотулса, өзүнүн кулчулукка кабылганын билдире албай жүргөндөрү да бар. Натыйжада адам аткезчилигине каршы мамлекеттин саясаты кандай болушу керек?

- Күрөшүүгө өкмөттүк түзүмдөр өздөрү деле кызыкдар. Мамлекетте атайын жооптуу институттар бар. Андай тармактардын катарына укук коргоо органдары, миграция министрлиги, өкмөттүк эмес уюмдар жана ошондой эле Кыргызстанда иштеп жаткан бир нече эл аралык уюмдар бар. Алардын бири Эл аралык миграция жана ЕККУ уюму. Булардын бардыгы биригип, өздөрүнүн пландарын иштеп чыгышкан. Ошол пландардын аткарылышын гана көзөмөлгө алуу керек.

Бизде абдан жакшы пландар иштелип чыгат. Бирок аларды аткарууга келгенде акча каражат жетпей калды деген себептер менен токтоп калат. Ошондуктан адам сатууга каршы улуттук программалар парламентте тарабынан каржы булагы камсыз кылынып берилсе, адам сатуу көрүнүшүн толугу менен жоготпосо да, кыйла кыскартканга шарт түзүлөт эле.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG