Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Миллиондорду карактагандардын калканчы ким?


Ош аэропорту
Ош аэропорту

"Азаттык" бул жолу өткөн жылы Ош аэропортундагы карактоону иликтеди.

27-декабрь, 2014-жыл. 09.30. Ош аэропортунун VIP аймагындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү автоунаа келет. Бул жерден жөн-жай тургундар өтө алмак эмес, буйрукка ылайык, дипломатиялык номерлүү “Тойота” тосмодон токтоосуз өткөрүлөт. Кирип, VIP бөлүмдүн жанындагы өткөрүү пунктунун бир ыптасындагы кеңсенин жанына токтойт. Байкоо башталат. Кеңседе ири акчалар эсептелип жаткан. 10.40та Ош-Үрүмчү рейси бар болчу. Маалыматка ылайык, акчалар ошол жакка жөнөтүлмөк. Саат 10.02. Спецназ формасындагы куралчандар атайын операция жүргүзүп жатканын айтып, кеңсеге чабуул коюшат. Бул учурда сырттагы күзөтчүлөр жалган операцияга ишенип, ишке аралашкан эмес. Ичкери киргендер эсептелип бүтүп, жөнөтүүгө даярдалган миллиондогон долларларды, атайын операцияга окшотуу үчүн, ортомчу ишкананын жетекчисин барымтага ала кетишет.

Миллиондорду карактагандардын калканчы ким? (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:57 0:00

Бул окуяга байланыштуу Бишкек шаар кеңешинин депутатынын иниси кармалып, суракка алынган. Ал каракчылыкка шектелгендердин бири менен дос экенин танган жок, бирок, карактоого катышы жок экенин айтууда. Ал эми кылмышка шектелгендердин башка бирөө Кызыл-Кыя шааркеңешинин депутатынын иниси. Мындан улам карактоого саясий күчтөр, а тургай Ак үйдүн жетинчи кабатында отурган таасирдүү саясатчылар аралашкан деген шектенүүлөр пайда болду.

Миллиондорду карактагандардын калканчы ким? (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:21 0:00

Бул каракчылык милиция үчүн чоң сыноо болууда. Анын үстүнө, коомчулукта карактоого милициянын катыштыгы бар деген пикир жаралууда. Милиция жетекчилиги болжолдонгон версиялардын баарын текшерип көрөрүн айтууда. Бул арада Омскиде каракчылардын анабашы кармалганы кабарланды. Ал келсе акчалардын дайыны, кылмыштуу топту кантип кураганы, кимдер көмөктөшкөнү ж.б. суроолорго жооп алынаары күтүлүүдө.

Миллиондорду карактагандардын калканчы ким? (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:48 0:00

XS
SM
MD
LG