Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Аксы районундагы Итагар айылын "Жылдырмалардын айылы" деп коюшат.

Чакан кыштакта жашагандардын дээрлик баары сөздү жөн айтпай, жылдырып, тамашалап айтканды жакшы көрүшөт.

Итагарлыктардын бул тилин ал жерге барган ар бир эле киши түшүнө бербейт.

Ажыбек Алымкулов өзүнүн досун кантип тамашалаганы жөнүндө айтып берди:

Ажыбек Алымкулов

Ажыбек Алымкулов

- Классташым бир кишиден "күзүндө берем" деп эчки алган эле. Анан күзгө жетпей эле бир айга Бишкекке барып келгени кетти. Анан жанагы эчкинин ээси мага келиптир, "сен күбөсүң, ошол эчкини берип койгула" деп… Анан мен жылдыра баштадым, "эй, ал сизди алдап эле кетип калган. Сиз билбейсиз, ал алганын бербейт. Паланчада паланча карызы бар, түкүнчөдө түкүнчө карызы бар, баарын сүйрөп, качып жүрөт" деп койдум. Киши жини келип эле, "мен анын атасынын үйүнөн болсо да барып алам" деп, ошентип бир эчкисин жетелеп кетип калыптыр. Анан кийин келип алып классташым таң калат, "эмне үчүн анттиң?" деп, мен тамашалаганымды айттым… "Тескерисинче сага жакшы болбодубу, эчкиден кутулуп калдың" дедим.

Көрсө, мындай окуялар Итагар айылында күн сайын ар башка сценарийде кайталанып турат экен. Ошон үчүн да бул айылды "Жылдырмалардын айылы" деп коюшат.

Жергиликтүүлөр бул сыяктуу тамашаларды түшүнүшкөнү менен, келген-кеткендер анын маанисин кээде аңдай албай калат.

"Эмгек сиңирген жылдырма" Алымкулов:

- Азыр айылдыктар бири-бирибизди билебиз, түшүнөбүз. Кээде катуу тамашалар кетип калса, түз эле кабыл алабыз. Бирөө тамашалай баштаса, экинчиси түшүнбөй калса эле үчүнчү киши биринчини коштоп, кепти улап кете берет. Тамаша ачылганда гана баары каткырып, күлүп жатып калышат. Жанагы Чоңколор сыяктуу эле да, биздин сүйлөшүп жатканыбызды башкалар көп түшүнбөй кала берет. Мисалы, жөн эле туруп эле, бирөөнүн үйүндө той өтүп атат, же киши каза болуп калыптыр деп батага киргизип жибере берет.

Айталы Өксөнбаев

Айталы Өксөнбаев

Жылдырмалык бул кесип, же өнөр эмес. Бул жалган сүйлөө, же калп айтуу да эмес. Бирок итагарлыктардын дээрлик баары сөздүн бул тармагын жакшы өздөштүрүп алышкан. Бир эсе күнүмдүк тиричиликти кызыктуу кылуу үчүн да ар кандай кырдаалды тамашага айлантып, жаңы окуяларды жаратып турушат.

Айыл тургуну Айталы Өскөнбаев мындай дейт:

- Туура кепти сага эч ким айтпайт, жылдырып айтып койот. Маселен сен бул жакка баратсаң, тиги жакты көрсөтүп койот. Мал жоготсоң, тиги жерден көргөм деп койот, сен издеп жүрө бересиң. Боло турган ишти болбойт деп, болбой турган ишти "муну мындай кылса болот" деп коюшат. Көбүн түшүнөсүң, кээде гана алдырып койосуң. Анан эртеси гана түшүнүп, "кечээ мени жылдырып коюпсуң" деп, тиштенип отуруп калат.

Жөн сөздү бура тартып, бир кепти эки кылган бул адат айылдыктарын илгертеден келаткан салты. Бирок "жылдырма" деген сөздүн өзү соңку жыйырма жыл ичинде гана пайда болду.

Муратбек Боробаев

Муратбек Боробаев

Айылдын аксакалы Муратбек Боробаев буларга токтолду:

- Европалыктарда Габрово деген жерде ушундай бир кызыктай сүйлөгөн адамдар бар, Чаткалда бир Дөң деген айылда «дөң сөз» деген түшүнүк бар. Так ушул сыяктуу эле биздин жылдырмалык өзүбүзгө көнүмүш нерсе.

Кээде бетине түз айта албаганды буруп айтып, каймана айтып жеткиребиз. Шылдыңдап, же күлө турган нерсени да ушундай тамашага айлантабыз. Анан эми «жылдырма» дегенде эле бир нерсени жылдырып жибербейт, сөздү гана жылдырат.


Аксынын тоолуу айылы саналган Итагарда 500дөй түтүн бар. Тиричилиги мал чарба жана азыраак дыйканчылык менен өткөн бул айылга келген-кеткендер бул жердегилердин башкаларга окшобогон адатына таң калып кетишет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG