Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

Ош жана Жалал-Абад тургундары бийликке бардык улуттар аралаш жашаган райондор менен мектептерди куруу сунушун айтышууда. Ошондой эле июнь коогасына негизги себепкерлер кармалбай жүргөнүнө, айрым саясий лидерлердин улутчул маанайдагы билдирүүлөрүнө нааразылыгын билдиришкен.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жараянына карата жүргүзгөн байкоого ылайык, улут аралык жаңжалда жабыркаган жана жакындарынан айрылган жарандар окуянын чыгышына түздөн-түз тиешеси бар адамдардын кармалбай жүрүшүнө нааразылыгын билдиришкен.

Ош жана Кара-Суу районунун айрым тургундары "шаардын башкы планын аткарууда үйүбүз түртүлүп калат" деп кооптонушат. Тынчтык жана туруктуулукка толук кепил жок болгондуктан көптөгөн ишкерлер талкаланган бизнесин кайра жандандырууга даабай турушат.

Ошондой эле шаар жашоочулары бизнести калыбына келтирүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөнүн, насыяны кайтарууда жеңилдиктер тууралуу маалыматтар болбогонун белгилешкен.

Үй-жайы өрттөлгөн жарандар суук түшкөнчө үйлөр бүтүп, жаңы тамдарга кирип калгандарына ыраазы. “Анткен менен чоң үй-бүлөлөр аны кеңейтүүгө муктаж болууда”, - дейт байкоо жүргүзгөн топтун өкүлү Руслан Ташанов.

- Жабыр тарткан үй-бүлөлөр үчүн 38-42 квадратка чейин үйлөр курулган. Бул көптөрү үчүн абдан тар. Июнь коогалаңына чейин бир короодо 3-4 үй-бүлө жашап, жашоочулардын саны жыйырмага жеткендер бар экен. Ошондуктан көптөрү турак-жайын кеңейтүүгө муктаж.

Курч маанай үстөмдүк кылат

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү шаарды калыбына келтирүүнүн механизмдери туурасында такыр маалыматтары жок. Руслан Ташанов мамлекет менен жабыр тарткандар ортосунда мамиле, пикир алмашуу жок экенин белгилөөдө. Мындан сырткары айрымдар гуманитардык жардамдардын эки улутка бирдей таратылбай жатканына нааразылыгын айтышкан.

Руслан Ташановдун айтымында, аталган эки шаар тургундарынын тартип коргоо органдарына карата ишеними төмөн жана алардын жөнөкөй жарандарга жасаган мамилелерин сынга алышкан.

Ошондой эле мониторинг жүргүзүү маалында этностор аралык бири-бирине ишенбестик, айрыкча жаштар арасында эмоционалдык-психологиялык курч маанайдын бар экени, толеранттуулуктун жоктугу, ар кандай ушак-айыңдардын тарашы байкалган. Сурамжылоого катышкандар айрым саясий лидерлердин улутчул маанайдагы билдирүүлөрүнө нааразылыгын билдиришкен. Мындай фактыларды этностук азчылык кысым катары кабылдоодо.

- Биз өткөргөн тегерек үстөл учурунда башка улутту кемсинткен материалдарды көрсөтүштү. “Ушуга окшогон пикирлер, фактылар биздин элдешүүбүзгө тоскоол болууда" деген ойлорун айтышты. Парламентте айтылган сөздөр, улут аралык маселелерди талкуулоо – улуттардын нааразылыгын жаратууда. Бул улуттардын жакындашуусуна бөгөт коюуда.
Эки элдин ынтымагын мурдагы акыбалга алып келүү үчүн убакыт да, аракет да талап кылынат.


Ал эми байкоо жүргүзүү долбоорунун жетекчиси Алтынбек Исмаилов өлкө түштүгүндө, айрыкча шаар тургундары массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн негативдүү жаңылыктардан тажаган. Айрыкча аялдар жана жакындарынан айрылган жаш балдар психологиялык жардамга муктаж. Кээ бирлери оор жаракат алганына карабастан медициналык тиешелүү жардамдарды алган эмес.

Жабыр тарткандардын көптөрү ушул күнгө чейин мамлекеттен компенсация алалбай келет. Маселен, Сузакта 46 киши каза болгон, алардын ичинен 19 үй-бүлө гана 20 миң сомдон жөлөк пул алган.

- Азыр Сузак эли митингге чыгабыз деп жатат. Каза болгондордун жакындары компенсацияны кантип алабыз дешет. Мусулманчылыкта сөөк жерге эрте берилет. Компенсацияга келгенде судмедэкспертизадан өтүш керек, прокуратурадан кат алыш керек деп ушул процесс абдан кыйын болуп атат. Мамлекет адамдардын айтканына, көйгөйлөрүнө көңүл бурбай ушундай жоболорго көп көңүл буруп жатканын айтышууда.

Жооп күткөн сунуштар

Ушул убакытка чейин Ошто 700дөн, Жалал-Абадда 120, Базар-Коргондо 24төн ашуун батирдин курулушу бүтүп, ээлерине тапшырылган. Эки шаарда жалпысынан 25 көп кабаттуу батир куруу пландалса, анын жыйырмасында курулуш иштери жүрүүдө. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясына мамлекеттен 100 млн. доллар бөлүнүп, анын 15 млн. доллары иштетилген.

Аталган дирекциянын жетекчи орун басары Каламбай Бактыгуловдун айтымында, учурда курулуш иштеринин экинчи этабы башталганы турат. Бирок улуттарды аралаштырып жайгаштыруу, батирлерди бөлүштүрүү иштерин атайын комиссия карайт экен.

- Биз өзүбүз эле барып адамдарды аралаштырып жибере албайбыз. Адамдардын өз укугу, жерге, жашап аткан үйүнө болгон укугу бар. Жергиликтүү бийлик, коомдук, эл аралык, мамлекеттик уюмдар биригип түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Эки элдин ынтымагын мурдагы акыбалга алып келүү үчүн убакыт да, аракет да талап кылынат.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” жүргүзгөн байкоо бардык комментарий, сунуштар менен президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Анда эки элди элдештирүү, шаарды оңдоонун натыйжалуу жолдору, адам укуктарын сакталышы тууралуу сунуштар киргизилген.

Негизги сунуштар: этностор аралык маселелерди чагылдырууда массалык маалымат каражаттарына көзөмөлдү күчөтүү, кыргыз-өзбек аралаш мектеперди көбөйтүү, өзбек тилдүү мектептерге акырындап кыргыз тили сабагын киргизүү эсептелет. Мындан сырткары коомдук тартипти камсыздоо үчүн кыргыз-өзбек биргелешкен кошуундарды түзүү жана күч структураларынын ишин күчөтүү, жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүү жана башка ондогон сунуш бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG