Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Ошто журналисттердин сабалганын танып жатышат


20-июнда Ош шаарында өткөн нааразылык акциясында НТС каналынын оператору Владимир Безбородовду жана журналист Чынара Сыдыкованы митингдин катышуучулары сабап салгандыгы тууралуу кабар тараган.

Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы журналисттерди эч ким ур-токмокко албагандыгын кабарлады. Дарыгерлер аларда эч кандай жаракат жок экендигин билдирүүдө. Бирок НТС телеканалы тартип коргоо органдарын бир тараптуу иликтөө жүргүзүп жатат деп сындоодо.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун билдиришинче, НТС каналынын журналисти Чынара Сыдыкованын жана оператору Владимир Безбородовдун ур-токмокко алынгандыгы азырынча тактала элек:

Ош шаары
- Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, эч кандай сабалган көрүнүштөр байкалган жок. НТСтин журналисттери митинг болуп жаткан жерге өздөрүн тааныштырбай кирип барып тартып кирген.

Журналист Чынара Сыдыкова да нааразылык акциясында тургандар менен кайым айтыша кетип, аларды агрессивдүү маанайга түрткөн. Бирок 11 адамдын көрсөтмөсүндө белгиленгендей, бул жерде эч кандай уруп-согуулар катталган эмес. Кайым айтышуу, талаш тартыштар болгон. Натыйжада ошол жерде жарандык кийимчен турган биздин оперативдик кызматкерлер журналисттерди ал жерден алып чыгып кетишкен.


Журналисттер дароо эле ошол жерден Ош шаардык аймактык ооруканасында медициналык кароодон өткөн. Оорукананын дарыгери Курсанбек Калыев жабырлануучулардын абалы тууралуу буларды айтып берди:

- Безбородов Владимир “мени белгисиз адамдар түрттү, урду” деп кайрылды. Биз аны текшергенибизде денесине залал келген жерлери табылбады. Ооруканада дарылоонун кажети жок. Ошол себептүү биз аны бул жерде жаткырган жокпуз.

Курсанбек Калыев
Борбордук аянттагы митингдин катышуучулары тарабынан ур-токмокко алынды делген журналист Чынара Сыдыкова жана оператор Владимир Безбородов бизге интервью берүүдөн баш тартышты. Мунун себебин алар өздөрүнүн коопсуздугу менен байланыштырууда.

Ал эми НТС каналынын жетекчилиги Ош шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин бир тараптуу жүргүзүп жатат деп айыптоодо. Каналдын продюсери Айдай Ивакова “Азаттыкка” телефон аркылуу буларды билдирди:

- Көбүрөөк оператор Владимир Безбородов жабыр тарткан. Ага арачага түшкөн журналист Чынара Сыдыкова да анча-мынча жараат алган. Тартип коргоо органдары антип айтып жаткан болсо, журналисттер Бишкекке келсе бул жактан кайрадан медициналык экспертизадан өткөрөбүз. Себеби Ош шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөө иштеринде, митингге катышкандардын көрсөтмөсү менен гана жыйынтык чыгарып жатышат. Экинчи тараптын, биздин пикир эске алынбай калууда.

Айдай Ивакованын белгилешинче, Ошто иш сапар менен жүргөн журналисттер нааразылык акциясында акча таркатууларды тасмага түшүрүп алган. “Ошол себептүү митингдин катышуучулары аларга кол көтөрүшкөн” дейт ал:

Сапаргүл Бердалиева
- Биз тараптан митингди тарткыла деген атайын тапшырма берилген эмес. Алар Ош шаарын башка маселелер менен барган болчу. Алар акцияга кокустан катышып, ошол жердеги акча таркатууларды тартып алышкан экен. Анан аларды ошол жердегилер сабап салышыптыр.

Ал эми акциянын катышуучуларынын пикири башкача. “Кыргыз журтум” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сапаргүл Бердалиева бул окуяны атайын уюштурулган иш катары кабылдоодо. Анын пикиринче, “митингдегилердин эч кимиси журналисттерге кол көтөргөн эмес”:

- Алар азыр мага бетме-бет келише алаар бекен? Көзүмө тике карай алаар бекен, ким, кайсы жерине урганын айта алаар бекен? Уялышат. Бирок алар бетин сыйрып коюшса керек. Бизди жаман көрсөтүш үчүн, же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн атайын ушул ишти кылышты. Провокация деп койсо да болот. Биз ал жерде митингибиз тынч аяктаганына кубанып, кучакташып атсак эле бизди тартып атышты. Анан кайра бизди жамандашмак. Үч күндөн бери биз менен отурган кары-картаңдарга "нават, кант алып ичиңиздер" деп 10-15 сомдон берип атсам ошону тартып алып баатыр болуп атышпайбы.

20-июнь күнү Ош шаардык борбордук аянтында “Ата Журт” партиясынын 100дөй тарапкери нааразылык акциясын өткөргөн. Алар фракциянын лидери Камчыбек Ташиевге жана депутат Жылдыз Жолдошевага "ар кандай жалаа жаап, укуктарын тебелөөнү токтотуу" талабын коюшкан болчу.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG