Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев июнь коогасынын быр жылдыгынан кийинки кырдаал тууралуу “Азаттыкка” кеп салды.

“Азаттык”: Кооганын бир жылдыгы буйурса тынч өттү. Эми окуялар мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн? Алдыда президенттик шайлоо турат. Айрым саясатчылар аны утурлай кайсы бир этникалык топтор менен соодалашууну баштаганы айтылууда.

Жыпар Жекшеев: Кудайга шүгүр, Ош коогалаңы эми кайталанбайт деп мен ишене алам. Себеби бул кыргыздарга да, озбектерге да абдан чоң кайгылуу сабак болду. Бул жерде эч ким жеңген жок. Баары жеңилди. Ал эми кайсы бир саясатчылар өздөрүнүн саясий карьерасы үчүн, президенттикке жетиш үчүн, мансапка жетиш үчүн соодалашып, упай топтош үчүн ар кандай топтор менен аракет кылышы мүмкүн. Бирок менимче, эл деле түшүнүп калды. Мисалы өзбек элин, же дагы бир башка улуттарды да топ-тобу менен ээрчитип кете турган көрүнүктүү лидерлер жокко эсе. Себеби жикчил максаттарды көздөгөндөр азыр өзүңөр билгендей качып жүрөт.

Бул жерде ар кандай провокациялар, ар кандай бузуку иштер болушу толук мүмкүн. Анткени шайлоо бизде эч качан таза өткөн эмес да. Бирок ошого карабастан мен Улуттук комиссияда иштеп жүрүп түштүккө бир канча жолу барып, элдин арасында болуп, элдин маанайын көрүп ишенип турам, кудай сактасын бизде мындан ары жаман этникалык карама-каршылыктар болбойт деп ойлойм.

“Азаттык”: Кооганын бир жылдыгын утурлай түштүккө кошумча күч кызматкерлери жөнөтүлдү эле. Ага чейин деле ар кандай ири аскердик машыгуулар өткөн. Тынчтык ушинтип күч менен орноп калабы? Бул канчага чейин созулушу мүмкүн?

Жыпар Жекшеев: Күч деген болуш керек. Ош коогалаңы башталганда, июнь учурунда мени ушунчалык таң калтырганы биздин Ички иштер министрлигинде иштеген кызматкерлердин дагы, жоокерлердин дагы атайын курал-жабдыктары жетиштүү болбоптур. Ал гана эмес октон сактоочу сооттору да болбоптур. Алар жөн эле тирүүлөй бута болуп калышыптыр. Анан ушундай абалда турган мамлекет өзүнүн коопсуздугун кантип сактайт эле? Чек арачылардын акыбалы деле анча жакшы эмес болчу. Улуттук комиссия өзүбүздүн корутундубузда алардын баарына чара көрүү боюнча президентке, парламентке сунуштарды бергенбиз. Ошол чаралар азыр көрүлүп жатат.

Бирок күч менен элди кармап туруу болбойт. Гуманитардык багытта, элди жакындатуу максатында жаңы саясий багытты тандап алышыбыз керек. Азыр ушул эки улутту өзүнчө бөлбөстөн, ортодогу ажырымды жоготууга аракет кылып ынтымакта бирге жашоосун камсыз кылышыбыз керек. Себеби биздин башыбыздан өткөн окуя бизге сабак болду. Кыргыз-өзбек чогуу жашаган, бир үйдө турган жерде бири-бирин сактап, коопсуздукту камсыздап калышкан. Өзүнчө бөлүнүп, кайсы бир мааледе жалаң өзбектер туруп калган жерде кыргыздарга каршы чабуулга өтүшкөн. Ага атайын даярдык көрүшкөн. Кыскасы биз мындан ары эки элдин ортосун бөлбөй, бирдей мамиле кылып шарт түзүп берүү - бүгүнкү күндүн талабы.

“Азаттык”: Шарт түзүп берүү эмнеден башталышы керек?

Жыпар Жекшеев: Биз абдан көлөмдүү сунуш бергенбиз. Биринчиден, түштүктө жакшы ишканаларды ачып, элди иш менен алектентиш керек. Көбүнчө жаштар жумушсуз калып жатпайбы. Бекеринен сыртка кетип жаткан жок да. Экинчиден, азыркы мезгилге жооп бере турган жаңы турак-жайларды салып, ошол жерге эки элди чогуу жайгаштыруу аракеттери болушу керек. Үчүнчүдөн, маданий, билим берүү жагынан иштер жүрүшү зарыл. Чогуу окутуп, чогуу иш-чараларды өткөрүү талапка ылайык. Эң негизгиси – коопсуздук жагын бекемдешибиз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG