Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Аманчылык телефону


Оштон балдарды Бишкекке чыгарып кетүү, 2010-жылдын 17-июну.

Оштон балдарды Бишкекке чыгарып кетүү, 2010-жылдын 17-июну.

Оштогу от күйгөн күндөрдө шаар ичиндеги балдарды сыртка чыгарып кетүү маселеси да курч турган.

(Бул Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ-Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндардын үчүнчүсү.)

Бул окуяны Оштон Салима Исмаилова айтып берди. Ал облустук эмгекке жайгаштыруу жана миграция башкармасында гендер маселелери боюнча адис болуп иштейт.

Былтыркы июндагы улут аралык жаңжал маалында баары эле көчөгө чыгууга батына алган эмес. Эч бир маалымат жок, айлана-тегеректе эмне болуп жатканын билип болбойт эле. Бекинип бир күн, эки күн отурдук. Коркуп атып да, сарсанаага батып да тажагандан кийин кол куушуруп отурганга болбосуна көзүбүз жетти.

13-июнь күн эле, министрдин орун басары телефон чалып калды:

- Эмне кылалы? Адамдарды коргоп дегендей, бирдеме кылыш керек да.

Мен болсо жалаң балдарды ойлоп отурам, кантсе да үй-бүлө жана жаштар бөлүмүндө иштейт эмесминби. Албетте, бала-чаканы от күйгөн жерлерден чыгарып кетиш керек эле. Балдар болсо каникулда, алардын баарын ар жерден кантип чогултабыз?

Мени эркек мүнөз аял дешет. Ошондонбу, иши кылса машинемди айдап алып, облустук акимчиликке бет алдым. Ал жерден тааныш аялга жолугуп калдым да, жүрү, телевидениеге баралы да, сөз сурайлы дедим.

Бирок ал аял баш тартты, коркуп аткан окшойт. Мен болсо теле аркылуу баарына кайрылып, балдарды топтоп, сыртка – Ысык-Көлдөгү лагерге чыгарып кетели деп айткым келип турат.

Ошентип телевидениеге айдап келдим. Ал жерде автоматчан кишилер топтошуп, имаратты кайтарып турушуптур. Көрсө телеканалдын жетекчилери аксакалдарды чакырып, кан төгүүнү токтотууга үндөткөнү жатышкан экен. Карыларды машине менен сакчылардын коштоосунда апкелишти, баскан-турганын да куралчандар кайтарышат.

Мен бирдеме болуп калам дебей, жалгыз келгенимди кара!

Теленин жетекчилери да таң калышты, бирок мага эфир беришти. Болгондо да 15 мүнөт. Өзүмдүн үйүмдөгү телефонду жардам линиясы кылып жарыялап салдым. Айтор, теледен ата-энелерге кайрылып, балдарды бул балээден алыс алып кетели, баланча деген телефонго чалгыла деп айттым. Айткандай эле баары ушуну күтүп турганбы, туш-туштан чала башташты, үмүт чиркин жаман тура.

Ошентип, 19-июнда лагерге алгачкы топту - 61 тестиерди алып кеттик. Арасында кыргызы да, өзбеги да бар эле. Биз биринчи экенбиз, артыбыздын ЮНИСЕФ баш болгон башка эл аралык уюмдар уюштура башташты. Бирок биз биринчи бойдон калдык.
XS
SM
MD
LG