Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Ош: Дирекциянын ишине баа берилди


Дирекция тарабынан курулуп жаткан жаңы үйлөр, 26-август, 2010-жыл
Дирекция тарабынан курулуп жаткан жаңы үйлөр, 26-август, 2010-жыл

Оштогу бир катар жарандык уюмдар Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекциянын иштери тууралуу мониторингдин жыйынтыгын жарыялады.

Жыйынтыкка ылайык, былтыркы коогалаңда жабыр тарткан жүздөн ашык тургундар мамлекет тарабынан акчаларды албай калган. Ал эми дирекция бул адамдардын документтери так эместигинен улам каражаттар берилбей калганын айтты. Ал арада муктаждар гуманитардык жардам тааныш билиштик менен таркатылып жаткандыгын доомат коюуда.

6 айдан бери жүргүзүлүп жаткан мониторингге таянып, Оштогу коомдук уюмдар Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясы жасап жаткан иштерди “канааттандырарлык эмес” деп баалашты.

Гүлгаакы Мамасалиева
Байкоо жүргүзүүчү топтун белгилөөсүндө, дирекция калыбына келтирүү иштери менен гана алек болуп, өнүктүрүү жагын унутта калтырып койгон экен. “Интербилим” ресурстук борбордун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева өз тыянагын мындайча бышыктады:

- Мамлекеттик дирекция калыбына келтирүү жана өнүктүрүү деп аталгандан кийин пландарында да өнүктүрүү иштери болуш керек. Ал эми өнүктүрүү пландары дегенде, мисал үчүн, жаңжалдарды алдын алуу, элдин бири-бири менен интеграция болушун түшүнөбүз. Ал эми алардын пландарында жөн эле курулуш иштери болуп жатат. Быйылкы планы да ушундай. Биз болсо шаардагы сейил бактарды оңдоо боюнча сунуш киргиздик. Ушул сыяктуу иштер дирекциянын планында жок.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясы өткөн жылы жалпысынан 683 млн. сомдон ашуун каражат керектеген. Бул сумма аймакта көп кабаттуу жана убактылуу турак-жайларды курууга, жолдорду оңдоого, кайтарымдуу жана кайтарымсыз каражаттарды берүүгө жумшалган. Бирок мониторингде белгилүү болгондой, коогалаңда жабыркаган 105 үй-бүлөгө мамлекет тарабынан жардам каражаттар берилбей калган.

Дирекция: атайын арыз менен кайрылган эмес

“Соломондун нуру” (“Луч Соломона”) уюмунун өкүлү Болуш Сайиев мындай деди:

- Өтө жабыр тарткан адамдарга ссуда жана субсидия катары жардам берүү маселеси каралган. Биз ошол жардам алган адамдардын тизмесин карап чыкканыбызда 105 адам кандайдыр бир шарттар менен акча каражатын албай калышкан. Мунун себебин талдап көрсөк, элге маалымат жетпей калган экен.

Болуш Сайиев
Ал эми аталган дирекция 105 үй-бүлө документтери туура эмес болгонуна байланыштуу акча каражатын албай калгандыгын билдирүүдө. Дирекциянын маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Өткөн жылы жабыркагандардын 90 пайыздан ашыгына 120 млн сомдон ашык каражат, 50 миң сомдон кайтарымсыз акча жана 200 миң сомдон ссуда катары бөлүнүп берилген. Ал эми жанагы 105 үй-бүлөнүн көпчүлүгү, дээрлик бардыгы атайын арыз менен кайрылган эмес. Документтери да толук эмес. Эгер бардык документтерин тууралап алып келишсе, акча каражаты азыр деле берилет.

Гуманитардык жардамдын башка тарабы

Бул аралыкта Ош шаарынынын айрым тургундары таратылып жаткан гуманитардык жардамдар өз ээлерине жетпей жаткандыгын айтып чыкты. Шаар тургуну Айтихан Шамиева жардамдарды таркатуучулар тааныш-билиштерине гана берип жатат дейт:

Дирекция тарабынан курулуп жаткан жаңы үйлөр, 26-август, 2010-жыл
- Ашкан унду жүктөп кетти. Ушул үйдүн комитети эч кимге бербей койду. 6 саат күтүп жаттык. Мына эми азыр келип тактасак, дагы тизмеде жок экенбиз. Жалаң гана тааныштарына берип атышат. Биздин үй комитети да жакын туугандарына берип жатат. Же болбосо жалаң “Жип” минген байлар алып кетишет. Бизге окшогон бей-бечара, майыптарга эч нерсе жок.

Өзүн Гүлхан деп тааныштырган шаардын дагы бир тургуну да мындай пикирге кошулат:

- Биздин үйүбүздө 10 киши. Үй комитет башчысына келсек 6 адамга эле берип жатат. Кийинки сапар 4 кишиге бериши мүмкүн. Чыныгы муктаждар албай эле, каяктагы бирөөлөр алып кетип атышат.

Анткен менен аймактагы бир катар серепчилер карапайым калк гуманитардык жардамдын кынын таап, өз алдынча оокат кылууга көнбөй жатышкандыгына басым жасашууда. Ошол эле учурда Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы гуманитардык жардамдардын берилишин токтотууну жактап чыгышты.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG