Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Кооганын шылтоосу менен үй алгандар аныкталды


Коогалаңда жабыркагандар үчүн курулган жаңы үй
Коогалаңда жабыркагандар үчүн курулган жаңы үй

Соңку 2 айдын ичинде Ош шаардык милициясы "коогада жабыркадым" деп жалган арыз менен үй берилген 5 фактынын бетин ашкереледи.

Жасалма жол менен документ жасап, үй алгандарга тиешелүү кызмат адамдары да кол кабыш кылышы мүмкүн экени айтылууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун билдиришинче, 2010-жылкы кандуу окуянын шылтоосу менен үй алгандардын алдамчылыгы алардын документтерин иликтөөдөн кийин билинген:

- Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмдүн кызматкерлери акыркы 2 айдын ичинде мыйзамсыз түрдө жалган документтерди тапшырып, жалган көрсөтмөлөр менен кооганын жабырлануучусу катары жалган жерден батир алган 5 факты ачыкка чыкты. Бул фактылар боюнча азыр иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бирок милиция шылуундук кылды делгендердин аты-жөнүн ачык шардана кылган жок. "Алар жакындарынын өлүмүн коогалаңга байланыштырып, маркумдардын жана жарадарлардын үстүнөн пайда табуу аракетин көздөшкөн" дейт Сыдыков:

- Бирөө "коогалаңда белгисиз бирөөлөр аялымды өлтүрүп, ичиндеги баламды кошо союп салышты" деп аныктама алып алган. Чынында анын аялы 2010-жылдын 8-июнь күнү, коогалаңга чейин өлгөн. Дагы бирөө "күйөөмдү бирөөлөр кандуу окуя учурунда уруп салып, мээси жанчылып, шишип кетип каза болуп калды" деген билдирме алган. Анын күйөөсү да өзбек-кыргыз кагылышына чейин эле өз ажалы менен өлгөн экен. Калган үчөө да ушул сыяктуу жасалма документ ждаярдап, үй алууга аракет кылышкан.

Канткен менен кандуу окуяны пайдаланып, алдамчылык жол менен мамлекеттен жардам алгандар коогалаңда чындап жабыр тарткандардын нааразылыгын жаратууда.

"Ош шейиттери" коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева "Азаттыкка" мындай деди:

- Кудайдан коркпогондор бар экен. Болбосо ушундай азап тартып, көзү көлдөп ыйлап жүргөндөр бул жакта калып эле, кайдагы бир шылуундар кантип батир алып калсын? Дагы эле баягы колу узундар, тууган-уругу чоңдордун баары жок жерден эле үйгө марып атышат.

Айтиева ошондой эле соңку фактыларга бийликте турган айрым аткаминерлердин да тиешеси бар экенин кошумчалады:

- Өкмөттүн токтомунда үйлөрдү алгач каза болгондор менен дайынсыз жоголгондор алсын деп белгилеген. Андан кийин анан үй-жайынан ажырагандар, жараат алгандар, майып болуп калгандар алсын дешкен. Бирок азыр биринчи категориядагылар бүтө электе аралаш берип салышты. Анан бир дагы категорияда жок, асмандан түшө калган кишилер деле үй алып жүрүшөт. Ал эмес, акча алып, бир эле үй-бүлөгө 2-3төн батир берип койгондор бар.

Өкмөттүн токтому менен Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы курган көп кабаттуу үйлөрдү жергиликтүү бийлик таратыш керек. Ошол себептүү да мамлекеттик дирекция бул маселеге эч кандай тиешеси жоктугун айтып чыкты.

Ал эми үйлөрдү бөлүштүрүп жаткан Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы бети ачылган мыйзамсыздыктарга айыптуу эмес экенин ачыктайт. Муниципалдык башкармалыктын турак жай бөлүмүнүн жетекчиси Абдымиталип Калбеков:

- Биздин мекеме келген ар бир соттук-медициналык экспертизаны, өлдү, жараланды, үйү өрттөндү, таланып-тонолду, сабалды деп аныктама берген органдарды текшергенге укугубуз жок. Эгер алар туура эмес берип жаткан болсо, андан ал ошол кызматтардын проблемасы. Арыз алып келгендер кандай аныктама алып келсе, так ошол боюнча аларды комиссияга койобуз. Мэриянын алдындагы турак жай комиссиясы карап чыгып, алар мамлекеттик комиссияга сунуштайт. Андан кийин гана адамдарга үй берүү маселеси чечилет.

Маалым болгондой, мэрия Ош шаарында улут аралык араздашууда жакындары набыт болгондордун 182сине, дайынсыз жоголгондордун 23үнө, турак жайынан айрылгандардын 22сине, үйлөрүнө кире албагандардын 17сине жаңы салынган көп кабаттуу турак жайдан батир берген. Бирок дагы 200дөй арыз берген киши үйгө ээ боло элек.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG