Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекилов билдирди.
Буга чейин айтылгандай, тоодо 7 окуучу эмес, 24 окуучу муз тээп жүрүшкөн. Баары 9-класстын окуучулары. Көчкүдө калган 8 баладан 2 кыз каза болду, 2 бала ооруканага жеткирилди, калгандары үйүндө.
Көчкү болгон жерде жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айтымында, окуучулар бүгүн каникулга тараган. Мектептин маңдай тарабында 1-2 чакырым алыс жердеги тоонун бооруна барып жылгаяк тебишкен. Көчкөн кар балдарды каналга басып калган. (AKu)