Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Ажырашкандарды жараштырган айыл башчы


Жакыпбек Акышев
Жакыпбек Акышев

Кара-Суу районунда өз айылын беш колдой билген айыл башчы бар. Аты-жөнү Жакыпбек Акышев.

Агартуу айылында ар бир үйдө болуп жаткан жаңылыкты ал көз жаздым кетирбейт. Атүгүл аялы менен күйөөсү таарыныша кетсе да айыл башчы аларды жараштырып койот. Таарынып, төркүнүнө кетип калган келиндерди үйүнө өзү барып алып келет. Ал иштегенден бери айылда ажырашкандардын да саны азайып калган экен.

Жакыпбек Акышевдин Агартуу айылында башчы болуп турганына 8 жылдан ашты. Бул жылдары ал айылдын көйгөйлөрүн жаттап алгыдай эле болду. Айлыгы көбүрөөк башка иш чыкканына карабай бул кызматтан кетпей жүрөт. Анткени айылдагы жаштардын тагдыры аны көбүрөөк ойлондурат:

- Кээ бир жаштарыбыз иш жоктугунан көчөдө жүрүп, ичип алышууда. Анан үйүнө барып алып чаң-тополоң салат, аялы менен чатакташат. Урушуп кеткендер көп. Бирок мындан бир нече жыл мурункуларга караганда ажырашкандардын саны азайып калды. Ошонун баарын айтып, көзөмөлдөп туруш керек экен. Аны мен кылбасам ким кылат?

Ажырашкандардын саны айылда оңой эле азайып калган жок. Кайсы үйдө “казан-аяк кагышса”, Жакыпбек ошол үй-бүлөгө жетип барат. Ал эмес таарынып кетип калган келиндерди да үйүнөн өзү барып алып келет. Бир жылдан бери эле ал урушуп кеткен 16 жупту жараштырган экен:

- Мактанбайын, мен кетип калган келиндерди бүт алып келем. Күйөөсүн кошо ээрчитип алып, өзүмдүн унаам менен келиндин үйүнө барам. Ата-энесине жакшы сөздөрдү айтып, кырдаалды түшүндүрөм. “Мен кепилдик берем” десем кошуп беришет. Келгенде да аларга 5-10 күндөп, бир айлап көзөмөл кылам. Азыр эми баары эле баягыдай ынтымакта жашап кетүүдө.

Агартуу айылы
Жакыпбек Акышевдин айтымында, ажырашуулардын көпчүлүгү бири-бирин жакшы билбестен баш кошуп алган жаш жубайлардын ортосунда болот:

- Ата-эне балдарына жамандык каалабайт дечи. Бирок көпчүлүгү балдарына өздөрү кыз таап берип эле үйлөндүрүп коюшат. Мажбурлап той кылгандары бар.

Кээ бир балдар тааныбаган эле кыздарды алып качып кетишет. Анан кантип жашайт алар? 1-2 айдын ичинде эле урушуп кетип, ажырашуулар көп катталып атат.


Айыл башчыны түйшөлткөн дагы бир нерсе – тойлордогу ысырапкорчулук.

Агартуу айылы
Акышев колунда жок болуп турса да, башкаларга атаандашып үлпөттөргө чоң каражат жумшагандар көп болгонун айтып, атүгүл карыз алып үйлөнгөндөр көбөйүп жатканын кошумчалады:

- Азыр 200 миң сомуң болбосо той өтпөй калды. Биз айыл жетекчилери элге канча айтып жатабыз. Бирок баары бир эл көнүп калганын кыла берет экен. Жээрге наны жок болуп турса да тойлорун дүңгүрөтүп өткөргөндөр бар. Айрымдары кредит алып, кээлери үйлөрүн сатып той кылат. Кийин карыздарын төлөй албай кылгандары көп.

Кара-Суу районуна караган Агартуу айылында 450 түтүн, 2 миңден ашуун тургун жашайт. Жашоочулардын көпчүлүгү талаа жумуштары менен алек болсо, азыраагы базарда соода кылат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG