Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Кыргыз-өзбек аралаш отурукташкан Ош шаарынын бир катар аймактарына өткөн жылкы июнь коогасынын кесепеттери тийген эмес. Буга алардын биргеликте жашаган аймактарын коргоп чыгып, чагымга алдырбоо аракеттери себепчи болгон.

Ош шаарынын Геологдор шаарчасы, Түштүк кичи району сыяктуу шаардын кыргыз-өзбек өкүлдөрү аралаш отурукташкан бөлүктөрү башаламандыктар учурунда жабыркаган эмес. Буга жергиликтүү коомдоштуктардын чагымчыларга бирдей каршы турганы себеп болгон.

Шаардын Түштүк кичи районунун тургуну Султан Каракожоев коогалаң учурундагы тынчтыкты сактоодо аралаш отурукташкан жамааттын өз аракеттери жыйынтык бергендигин мындайча сүрөттөдү:

- Биз бирге тургандыктан бул райондо тополоң болгон жок. Бузуп-жаруу, бири-биринин үйлөрүн өрттөө сыяктуу иштерге жол берилген жок. Анткени биз “сен өзбек, бул кыргыз” дебестен бир муштумдай болуп тынчтыкты кармап турдук. Бизге кыргыздар келсе мындагы кыргыз тургундар чыгып сүйлөшүп, өзбектер келсе өзбек кошуналарыбыз аларды тыйып турушту.

Черёмушки районунда талкаланган үйлөр
Шаардын аталган аймактарындагы көчөлөрдө бир үй кыргыздыкы болсо, экинчиси өзбектики. Жергиликтүү жамааттар ортосундагы өз ара ишеним мурдатан калыптанып, мындагы үй-бүлөлөр мурда кандай болсо, азыр деле алыш-бериш мамилелери сакталып калгандыгын айтып беришти.

Геологдор шаарчасынын тургуну Шакиржан Убайдуллаев каргалашуу июнь күндөрү кыргыз үй-бүлөлөрү менен биргеликте бир казандан тамактанып отурушкандыгын эскерди:

- Ошол оор күндөрү биз бирге туруп, үй-бүлөлөрүбүз менен бир жерге чогуу жайгашып алып, тамак-аш даярдап жаттык. Кошуналар ортосунда “бул андай, тигил мындай” деген сөздөр болгон жок. Тескерисинче, ошол күндөр биздин кошуначылыкты жана адамгерчиликти чыңдап, мурдагыдан да күчөтүп койду десек болот. Шаардын башка аймактарында орун алган жанагыдай аракеттерди көрүп ичибиз ачышты. Бирок айла жок, ошол чагымдарга андагы эл өздөрү алдырып коюшту окшойт.

Коогалаңда өрттөлгөн кафе
Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар эки тараптан тең келишкен чагымчылардын тилине кирбей, үй-мүлкүн талап-тоноодон сактап калышкан.

Ошол мезгилде "бир улуттун өкүлдөрү экинчилерин жапырт кыргынга учуратып жатышат" деген сыяктуу ушак-айыңдарга карабастан жергиликтүү эл куралчан топтордон бирин-бири коргоп, адам курмандыктарына жол беришкен эмес.

Ош шаардык мэриясынын коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби бөлүмүнүн башчысы Турсунай Айтматова аралаш отурукташып, ынтымакты бекем кармай алган жамааттар гана чагымчыл күчтөргө туруштук берүүгө жөндөмдүү экендигин көрсөттү деп эсептейт:
Ошол күндөр биздин кошуначылыкты жана адамгерчиликти чыңдап, мурдагыдан да күчөтүп койду десек болот.

- Каерде ушак-айың тараткан күчтөрдүн таасири күчтүү болуп, ошолорго эл ишенип алган болсо, ошол жерлерде жабыркагандар көп болду. Бирок мына ошолорго ишенбей, туруктуулукту сактоодо өздөрүнүн чыныгы адамгерчилигин көрсөтө алышкан ошол аралаш отурукташкан аймактарда кырдаалды карапайым калк өзү сактап калды. Ишти баштап коюп, качып кеткендердин ойлогон ойлору ишке ашпай калды. Мында ошол карапайым элдин өзүнүн ыйманы жана өз ара ынтымагы чоң роль ойногондугун баса белгилеш керек.

Анткен менен Ош шаарынын көпчүлүк бөлүгү бир улуттун өкүлдөрү гана жапырт жайгашкан аймактардан турат. Буларга негизинен Ак-Тилек кичи району, Жапалак айылы, Амир-Темур шаарчасы, Шейит-Дөбө жана Жийделик сыяктуу бир катар аймактар кирет.

Учурда жергиликтүү бийлик аталган аймактардын жамааттарынын өз ара түшүнүшүүсүн жана карым-катнашын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды уюштурушканы менен алардын натыйжасы аз болуп жаткандыгынан кеп салышууда.
XS
SM
MD
LG