Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

Бийлик өкүлдөрү улут аралык мамилеге от жаккан ар кандай маалыматтарга каршы чабалдыгын көрсөтүүдө.

Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Кыргызстандагы чыр-чатактарды чечүү. Тажрыйбалар жана сунуштар” деп аталган тегерек үстөлдө айтылды.

Шылтоо издеген - табат

Кайгылуу июнь окуясынын эки жылдыгы жакындаган сайын түштүк аймагын ар кандай чагымчыл маалыматтар жана ушак кептер аралап жүрөт. Бирок бийлик өкүлдөрү жана тартип коргоо органдары чара көрбөй жатканын “Баланын укугун коргоочулар лигасы” корунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди:

- Айрым маалыматтарды тактап, изилдесек, алардын чын экендиги далилденген жок. Бирок тартип коргоо органдары ушул маалыматтарды алып, талдап, текшеришпейт. Эгер маалыматтар чын болуп, адамдардын укуктары бузулуп жатса, аларды далилдеп, чара көрүш керек. Эгер ал жалган болсо, жалган деп малыматты жокко чыгарыш керек. Анткени бул маалымат коопсуздугуна байланышкан маселе.

Талдоочулардын айтымында, эл арасында айтылып жаткан чагымчыл маалыматтарды изилдей келгенде алар чындыкка коошпойт. Бирок алар эки элдин ынтымагына доо кетирип, элдешүү жана жарашуу жараяндарына терс таасир этүүдө.

“Маданияттар аралык билим берүү” коомдук бирикмесинин жетекчиси Лира Карагулованын пикиринде, турмушта кандай гана болбосун жаңжал чыгарчу учурлар болот. "Бирок алардын масштабын кеңейтпей сактап калуу ар бир жарандын жоопкерчилигинде болушу керек", - дейт ал. Карагулова кыргыз жана өзбек тектүүлөрдүн жарашуусуна окуяга болгон калыс баа себеп болот деген ойдо.

- Азыр эки жыл болот, бул окуялар боюнча жыйынтыкты чыгарыш керек. Мейли, үч жыл, беш жыл болобу, сөзсүз жыйынтык чыгарыш керек. Күнөөкөрлөрдү калыстык менен соттоп, элге “бул адамдар күнөөлүү, булар окуяны баштаган, булар мынча жылга соттолду” деп айтыш керек. Ошондо элдин көкшүнү сууп, адилеттик бар экен деп, үмүтү жаралат.

Кооптонуу былтыркыдай эмес

Ош шаарындагы "Эдвокаси" адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Жеңиш Тороевдин белгилешинче, мамлекеттик органдар тарабынан көп убада берилип, бирок алардын аткарылбай жатышына карата эл арасында нааразычылыктар бар. Анткен менен Тороев быйыл өткөн жылга салыштырганда эл арасында чочулоо аз деп эсептейт.

- Коопсуздукка кепилдик беребиз деп жатат. Ошон үчүн эл арасында эч кандай чочулоо жок. Мисалы, былтыркы жылга салышырсак абал жакшы. Анда айрыкча өзбек туугандар арасында ишеним жок болуп, дагы бир нерсе чыгып кетеби деп, чек арага жакын көчүп кетишкен эле. Азыр андайлар жок. Ошон үчүн баары жакшы болот деп ишенип отурабыз.

Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын мүчөсү Владимир Нарозя жеке турмуштук байланыштар калктар ортосундагы достукту арттырат деген ойдо.

- Менимче, кимдир бирөө жаңжал чыгаргысы келсе, албетте ага дайыма шылтоо табылат. Ага каршы туруу абдан кыйын болот. Бирок режиссер Ежи Гофмандын “мен эки элдин достугуна ишенбейм, бирок эки адамдын достугуна ишенем” деп айтканы бар. Анын сыңары, биз канчалык жакын болсок, мамилебиз күчтүү болсо, кимдир бирөө чагым уюштурам десе да анын зыяны абдан аз болот.

Ал аралыкта 7-июнда Оштогу өзбек коомчулугунун активисттери кооганын эки жылдыгын утурлай чыгып жаткан чагымчыл маалыматтарга алдырбоону өтүнүп, элге кайрылуу жасады.

Ал эми 5-июндан баштап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипке өткөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG