Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кыргыз-өзбек үй-бүлөнүн куш боосуна - 100 миң сом


Жаш жубайлар Арстан Калбаев жана Зилола Жамалдинова
Жаш жубайлар Арстан Калбаев жана Зилола Жамалдинова

Кара-Суу районунун Сарай айылында кыргыз-өзбек улуттарынан жаңы интернационал үй-бүлө жаралды. Үлпөт той эки элдин тең салт-санаасы менен коштолуп, жашк жубайларга жергиликтүү бийлик 100 миң сом менен сыйлады.

Сарай айылындагы кыргызы да, өзбеги да чогулуп, кубанычтары коюндарына батпай турган чак. Анткени үйдүн кичүү уулу Арстан Калбаев өзбек кызы Зилола Жамалдинова менен баш кошту.

Тойдо эки улуттун тең ыр-күүсү жаңырып, кыз өзбекче узатылып, кыргызча кабыл алынды. “Сүйүү улут тандабайт” демекчи, “той күнөөкөрлөрү” бирин бири улутуна карабай жактырып калышканын айтышат.

Кубанычын жашыра албай турган Арстан Калбаев жубайы менен кантип таанышып калганын төкпөй-чачпай айтып берди:

- Экөөбүз базардан таанышып калдык. Анан сүйлөшүп, тааныштардан “кандай кыз?” деп кызыгып сурадым. Алар мага Зилоланы макташып, үй-бүлөсү да ынтымактуу жашаарын айтышты. Ошентип бири-бирибизди жактырып калдык. Үйдөгүлөрдү жөнөтүп, куда түштүк. Алар да макул болуп, мына эми баш кошуп калдык. Эми ар түрдүү пикирлерди айткандар да бар. Бири билип сүйлөсө, башкасы түшүнбөй сүйлөйт да. Жаман сүйлөгөндөрүнүн сөздөрүн укпай койгонго аракет жасап келебиз.

Жаштарга бакыт тилеген эне

Каада-салттын айырмачылыктары ортодо бир маселени жаратканы менен, акырындап буга да көнүүгө туура келет. Зилола Жамалдинова жаңы үйгө тез эле үйрөнүп кеткенин айтат:

Бата сураган жаштар.
- Аз-маз кыйынчылыктар болуп жатат. Салт-санааны акырындап үйрөнүп алам да. Биздин баш кошуп калганыбызды тагдыр деп түшүнөм. Бири-бирибизди жактырсак, эч ким бизге тоскоолдук боло албайт. Үйдөгүлөрдүн эч кимиси каршы болгон жок. Ыраазы болуп, баталарын беришти.

Арстан Калбаевдин бир тууган агасы да өзбек тектүү кызга үйлөнгөн. Алар азыр эки балалуу болуп калды. Булар ошентип башкаларга үлгү болчу интернационал үй-бүлөгө айланып отурат.

Эки элдин достугуна себепчи болуп жаткан балдары менен Сабира эне ар дайым сыймыктанганын жашыргысы келбейт:

- Улуумдун аялы да өзбек. Бир уул, бир кыздуу болуп калышкан. Бул балам да өзбек кызын алып жатат. Мен өзүм да өзбектер менен аралашып, дос болуп жашап келатабыз. Мен эч качан өзбек, же кыргыз дебейм. Балдарым өздөрү жактырып алып жатышат. Келиним келгенден бери да баарын өздөштүрүп, жакшы кызмат кылып жатат. Отуруп алган жок. Башкысы экөө бири-бирин сүйүп, бактылуу жашашса болду.

Ынтымак үчүн сыйлык

Кара-Суу районунда мындан бир нече күн мурда эки улут өкүлдөрү баш кошсо акчалай сыйлык берилери айтылган эле. Убада берилгендиктен, алгачкылардан болуп баш кошуп жаткан бул аралаш үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик тарабынан 100 миң сом тапшырылды. “Акция мындан ары да улантыла берет”,-дейт Сарай айыл округунун башчысы Баатыр Аким:

- Бизде илгертеден эле кыргыз өзбекке кыз берип, өзбек кыргыздан кыз алып келебиз. Анан муну дагы да чыңдоо үчүн кечээги коогалаңдан кийин ушундай демилге көтөрдүк. Бул үйгө 100 миң сом берип жатабыз. Мындан кийин да башкалар үйлөнсө, баарына ушундай эле суммада акча беребиз. Анткени башкы максатыбыз – эки элдин ынтымагын чыңдоо.

Анткен менен жаңы куралган жаш үй-бүлө үчүн аларга берилип жаткан 100 миң сом биринчи орунда турбайт. Алар мындан ары бири-бирин түшүнүшүп, эки элдин ынтымагына тутка болуп берсек деп тилек кылат. Бул үйгө келген, кеткендер да жаштарга бакыт тилеп, “эки элдин ынтымагын чыңдады” деп ыраазылыгын айткандан тажабай турушат.


Кыргыз-өзбек үй-бүлөнүн куш боосуна - 100 миң
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG