Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Ош мамлекеттик акимчилигинин кезектеги коллегиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын жер-жерлерде аткарылышы талкууланды.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигине караштуу тилди өнүктүрүү фондунун директору Алмагүл Тилекманова “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы аймактагы ишкана-мекемелер тарабынан жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатканын белгиледи:

"Мисалы, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын иш кагаздары такай орфографиялык жана стилистикалык каталар менен коштолот. Катчылар бөлүмү аркылуу 1528 кагаз катталган болсо, анын ичинен 259у гана мамлекеттик тилде беленделген. Ошондой эле Ош облустук суу чарба башкармалыгы тарабынан райондорго жөнөтүлгөн каттар жалаң орус тилинде жазылат. Эң кейиштүүсү: Ош облустук медициналык маалымат борборунда компьютерлер толук бойдон кыргызчалаштырылган менен иш кагаздарын терүүдө алар колдонулбайт. Бардыгы орус тилинде басылат. Ал эми мамлекеттик тилди үйрөнүүгө куштар медициналык кызматкерлерге эң жөнөкөй шарттар да жаратылган эмес".

Алмагүл Тилекманова абал ушул тейде уланса, кыргыз тили жакынкы жылдарда мамлекеттик тил макамынан биротоло айрылаарын эскертти.

Тогуз жолдун тоомунда жайланышкан Алай районунун акими Айтпай Жээналиев алардын дарегине коюлган дооматтарды жүйөлүү деп эсептейт.

"Чынында эле жол боюнда жана райондун борборунда илинип калган орусча жана башка тилдердеги көрнөк-жарнактарды миң каршылыкка карабастан алдыртып жатабыз. Ушул жерден баса айтаарым, айыл-кыштактарда дегеле мындай маанай байкалбайт. Ошентсе да аймактардагы мекеме-ишканалардын каржылык, бухгалтердик жана медициналык документтери бүтүндөй орус тилинде жүрүп жаткандыгы талашсыз".

Аким Айтпай Жээналиевдин баамында, бул өңүттө өкмөт чара колдонбосо, мындай көңүлкоштуктун кесепети кыргыз тилинин өнүгүшүнө чындап тоскол этээри бышык.

Саламаттыкты сактоо тармагынын Ош облусу боюнча координатору Валентина Акимова алар тарабынан кетирилип жаткан мүчүлүштүктү моюндады:

"Жетекчилери түпкү улуттан эмес жамааттарда жана медициналык мекемелерде мамлекеттик тилге өтүү өтө олуттуу көйгөйгө айланууда. Мисалы, Абдимитил Мамсаидов жетектеген медициналык өндүрүш борборундагы абал чеке жылытпайт. Ошондой эле Ош облустук медициналык маалымат борборунун деле иши абат эмес".

Валентина Акимованын оюнча, медицина тармагындагы олуттуу кемчиликтерди четтетүүдө жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилерине карата жоопкерчиликти азыркыдан да күчөтүү абзел:

"Ырас, медициналык терминдерди кыргызчалатуу кыйынга туруп атат. Анын үстүнө медициналык мекемелерде иштөө принциби көбүнчө орус жана латын тилдеринде гана жүргүзүлгөндүктөн ушундай көйгөйлөрдү жаратууда. Ошондуктан мындан ары бардык майда-чоң документтерди кыргыз тилинде жүргүзүү зарылчылыгы туулуп жаткан чагы. Менимче, биринчи курстан баштап мамлекеттик тилге өтүү жеңилирээк болот го. Ошондо гана өзбектер, орустар жана башка улуттар кыргызча бат үйрөнгөнгө далалат кылышат. Тескерисинче, азыр бизде мамлекеттик тилди билүү зарылчылыгы болбой жатпайбы".

Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилине мындан ары улуттар аралык тил макамы ыйгарылмайынча, былтыркыдай этностор аралык жаңжалдар тынчыбай тургандыгын эскертти:

"Биз кыргыз тилин үйрөтүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү менен башка улуттарды биротоло басынтып, алардын дарегине шек келтирип, же аларды жок кылуу максатыбыз жок. Керек болсо алардын тилин биз да үйрөнөлү. Көп улуттуу мамлекет экенибизди кантип таналы. Орусча, англисче, французча, түркчө, казакча сүйлөп, атүгүл алардын жашоо, маданиятын өнүктүргөнгө биз да көмөктөшөлү. Бирок ошол эле учурда кыргыз тилине артыкчылык ыйгарып, аны өлкөдөгү улуттар аралык байланыш каражаты катары такай колдонбосок, былтыркыдай улуттар аралык кагылышуулар эзели тынчыбайт".

Губернатор Сооронбай Жээнбеков ошол эле учурда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына моюн толгогон айрым жетекчилер күздөн баштап кызматынан кол жууй тургандыгын дагы кошумчалады.

Серепчи Tөлөгөн Келдибаев Ош облустук бийлиги тарабынан коюлуп жаткан талаптар негизинен жөндүү деп эсептейт.

"“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 6-бөлүмүнүн 14-беренесине ылайык, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыны чечимдери мамлекеттик тилде гана жүргүзүлүүгө тийиш. Ал эми өкмөттүн чечимине ылайык, айрым облус, райондордо жана шаарларда мамлекеттик тил менен биргеликте иш кагаздары расмий тилде, тактап айтканда, орус тилинде да жүргүзүлүшү толук ыктымал. Демек Ош облустук коллегиясынын чечимдери чындыкка да, мыйзамдуулукка да таптакыр коошпойт. Андан оң жыйынтык чыгаары күмөн.

Ошондуктан атайын адистер жана облмамакимчиликтин юристтери бул маселени коллегияга алып чыгаардан мурун ич ара талкуулап алышса жарашмак. Жалпыга маалым, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам бар. Анын 1-беренесинде эле орус тили – расмий тил, кыргыз тили – мамлекеттик тил деп бадырайта жазылган. Ошондуктан бул жерде башка тилдерди куугунтуктаганга кымындай акыбыз жок. Ошондой эле мамлекеттик же расмий тилдерди билбегендердин укугун чектегенге эл аралык укуктук нормалар жол бербейт".


Төлөгөн Келдибаевдин баамында, Жогорку Кеңеш жакынкы арада “Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын бир ыкка келтирмейинче, губернатордун кыргыз тилин улуттар аралак карым-катыштын каражаты сыңары пайдалануу демилгеси жүзөгө ашаары күмөн.
XS
SM
MD
LG