Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Ош шаарына барган ар бир кишинин көзү андагы жапыз там, кууш көчөлөрдөн турган кварталдарга түшпөй койбойт. Шаарда жүздөп саналган бул жайларды мындагылар «өзбек маалелери» деп коюшат. Үйлөр каз катар туташ салынган бул көчөлөрдө жалаң өзбек тектүүлөр турат. Башкача айтканда бул алардын тиричилигинин үлгүсү катары калыптанып калган.

Оштогу маалелерди аралап баратып эле көчө шыпырып жүргөн кыз-келиндерди көрөсүң. Шаардагы Мажүрүм тал кварталына жаңы келин болуп келген Саидахан өз үйүнөн баштап, коңшусунун короосуна чейин кирип кеткен экен:

- Жаш келиндер эртең менен эрте турабыз. Анан кадимкидей тиричилик башталат. Баарына тамак жасап берип, күйөөмдү жумушка, балдарды мектепке жөнөтүп отуруп калам. Анан эшик-эликти жыйыштырып, көчөлөрдү шыпырып кирем. Бул эми менин күнүмдүк жашоо образыма айланып калган.

Мажүрүм тал кварталындагы 644 кожолукта жалпысынан 3200 адам бар. Кварталдагы 6 көчө өз-өзүнчө маале деп аталып, ар бирине бирден башчы дайындалган. Алтоонун жетекчисин да маале башчы деп коюшат. 19 жылдан бери Мажүрүм талдын башчысы болуп келе жаткан Баховидин Ахунов көчөнүн узун тарыхына токтолду:

- Мажүрүм тал шаардагы эң эски маалелердин бири. Өзүбүздүн бир мечитибиз, бир чайханабыз бар. Алыс-жакындан келген ушул жерде конот. Биздин ата-бабаларыбыз илгертеден ушинтип маалелерде отурукташып келген, биз да алардын салтын улантып келатабыз. Баарыбыз ынтымакта турабыз.

Эгер бир иш чыкса, той болсо, же өлүм-житим болсо, маале башчысы элди чогултуп масилет кылат. Тойго адамдарды каалашынча чакырат, бирок өлүм-житимге мааледегилердин баары барат.

«Маале» же, «махалля» деген сөз «шаардагы чакан квартал», же «адамдар топтолуп жайгашкан белгилүү аймак» деп түшүндүрүлөт. Бүгүнкү тил менен айтканда, “өзүн-өз башкаруунун коомдук формасы”. Чыгыш өлкөлөрүндөгү элдерде маале деген түшүнүк ХI кылымдарда жазылып калган. Адатта маалелердин очогу катары мечит жана чайхана кызмат кылат. Бул салт азырга чейин сакталып калган.

Мажүрүм талдын жашоочусу Халилжан Адылжанов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мааленин ичинде куракташ, же пикирлеш адамдар чогулуп жоро болуп алабыз. Ар апта сайын чайханада аш басып жейбиз. Ал жерде өткөн-кеткенди кеп кылып, аския айтып, тамашалашып турабыз. Илимдүүлөрүбүз дин жөнүндө сөз кылып, намазга тартып чакырат. Бири-бирибизди ушуну менен да тарбиялап алабыз.

Баховидин Ахунов

Баховидин Ахунов

“Мааледеги аялдар да бири-бири менен тыгыз байланышта турат”,-дейт Мажүрүм талдын башка бир тургуну Мавлюда Алавердиева:

- “Алыстагы туугандан жакынкы коңшу артык” дегендей биз мааледеги аялдар тез-тез чогулуп турабыз. Той болуп, кыз узатса күйөө тарапка акча берилет, ага акча чогултуп беребиз, өлүм болсо ага да тыйын топтоп беребиз. Жамандык-жакшылыкта бири-бирибиздин үйүбүзгө барып нан жаап, тамак-ашын кылуу да биздин милдет.

Ош шаарында маалелердин саны учурда жүздөп саналат. Соңку 5-10 жылдан бери алардын санын кыскартып, жер үйлөрдүн ордуна кабаттуу үйлөрдү куруу демилгеси көтөрүлүп келет. Былтыркы кандуу окуялардан кийин да бул маселе бир нече жолу айтылып, бирок ошол бойдон калып кеткен.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG