Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Өзбек кварталга Макеевдин ысымы коюлду


Кара-Суунун Жаңы-Чек айылында өзбек улутундагылар жашаган көчөгө былтыр июнда каза тапкан Калыбек Макеевдин ысымын беришти.

Коогалуу күндөрү эки элди жараштырып жүрүп, ал ушул жерде киши колдуу болгон эле. Эми мындай жаман окуялар бул көчөдө кайталанбашы үчүн көчө тургундары ушундай чечим кабыл алды. Кыргыз-өзбек аралаш турган айылдыктар бул көчө эми ынтымактын көчөсүнө айланат деп тилек артышууда.

Калыбек Макеев
Жалаң өзбек тектүү тургундар жашаган бул көчөгө Калыбек Макеевдин ысымы жөн жерден берилген жок. Былтыркы коогалаңда ал эки элди жараштырып, бир нече өзбек кошуналарын сактап калган. Бирок коогалуу күндөрү мыкаачылар анын өз үйүндө өлтүрүп кетишкен.

Ал күндөрдү унутуп, ынтымакташуу максатында да көчөнүн тургундары Калыбек Макеевдин ысымын берүүнү туура көрүшкөн. Көчө башчысы Тахыржан Абдуганиев мындай чечимди жашоочулардын баары колдошконун айтат:

- Бул инсан эки элдин ынтымагын сактайм деп жүрүп шейит болгон. Алла ыраазы болсун! Бул чечимди көчөнүн баары колдоду. Тургундарды баары ал кишиге ыраазы. Тилегибиз ынтымакчылык. Тынчтык болсун! Кудайга шүгүр, азыр көчөдөгү 100 кожолук достукта жашап атат.

Айылдыктар эми бул көчө ынтымактын, достуктун көчөсү болот деп үмүт кылышат. Маркум Калыбек Макеев тирүү кезинде Жаңы-Чек айылындагылардын баары менен жакшы мамиледе болуп келген. Коогалуу күндөрү да ал чатакты басууга аракет кылып, элди тынчтандырууга үндөгөн.

Жашоочу Мухаммедумар Юлдашев ал күндөрдү мындайча эскерет:

- Коогалуу күндөрү мени куткарып калган. Үйүндө 4 күн багып жатты. Топтолгондор келсе, “бул менин кайнатам болот, тийбегиле” деп аман алып калды. Биз аны менен аке-үкөдөй жашаганбыз. Ушундай жаман окуя болду, баары кыйрады. Бирок азыр деле балдары менен достой болуп жүрөбүз. Көчөбүз ынтымактын, достуктун көчөсү болот.

Мухаммедумар Юлдашев
Салтанатка келгендер да эки эл арасында ынтымак мындан ары да улана бере тургандыгын айтышты. “Аялдар конгрессинин” Ош бөлүмүнүн жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова былтыркы кандуу окуялар өзбек-кыргыздын ортосундагы чагымчыл топтордун аракетинен келип чыккандыгын белгиледи:

- Кара мүртөз адамдар атайылап жасап жатканын алгач эки эл тең түшүнгөн эмес. Ушак айыңдын айынан тигинтип уруш болду. Анан карапайым адамдардын өзүнө эле зыян болду. Баарын түшүнгөндөн кийин токтотуп калганыбыз биздин чоң бактыбыз. Эми биз жаман чакырыктарга алдырбайбыз. Бизди ажырата турган эч нерсе жок. Сиздерди көрүп мен кубанып турам, өзбек-кыргыз эгиз козудай болуп тизилип турасыздар. Көчөнүн атын да жакшы кишинин атына коюпсуздар…

Мирлан Макеев
Маркумдун уулу Мирлан Макеев да өткөн нерселер үчүн эки эл тең бири-бирин кечириши керектигине басым жасады:

- Мындан бул жакта эми биздин балдарыбыз менен сиздердин балдарыбыз бирге жашашат.

Көкүрөгүбүздөгү жаман ой, жаман ниеттерибиз жок болсун. Каргашалуу окуялардан калган кара тактарды ыргыталы. Мен бардыгын кечиргем. Эми жамандык, жакшылыкта ар ар дайым биргебиз.


Калыбек Макеевдин артында 5 баласы калды. “Ал кыла албай кеткен иштерди эми анын балдары бүтүрөт” дейт жубайы Зулфия Рыспаева. Ал ошондой эле коңшуларынын мындай аракетине ыраазы болуп турганын жашырбады:

Зульфия Рыспаева
- Кошуналардын баары ыраазымын. Күйөөм каза болуп калган күндөн баштап эле силер мага жакшылык кылып келатасыңар.

Кыргыз-өзбек деп деле эч кимиңер менен урушканым жок. Ортодон эле бирөөлөр чыгып, бизди каршылаштырып койду. Аларга Теңир өз жазасын берээр. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу” дейт кыргызда. Ошонун сыңарындай мындан ары да жакшы мамиледе бололу.


Мурдагы Памир, азыркы Калыбек Макеев көчөсүндө учурда 100 кожолук бар. Былтыркы калабада бул жерде 23 үй өрттөнүп кеткен болчу. Ага карабай жашоочулардын мындай аракетке барып жатышын байкоочулар эки элдин достошуусунун, же бири-биринен кечирим сурап, жакындашуусунун жаңы формасы катары сыпаттоодо.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG