Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:51

Ош шаарынын Башкы архитектуралык планын иштеп чыгуу ар кандай себептер менен создугуп келет.

Адистер жакынкы жылдары кабыл алына турган башкы планга ылайык, Ош шаарында жер үйлөр бузулуп, көп кабаттуу үйлөр көбөйүшү керектигин белгилешет. Ошондой эле көчөлөр кеңейтилип, узун-туурасынан жол салынат. Мунун баары шаардын башкы планында “кызыл линия” деп белгиленип, ал жерлерге эч кандай курулуш түшпөөсү шарт. Бирок азыр ал жерлердин баары менчикке берилүү. Мындай көрүнүшкө шаар туугандарынын басымдуу бөлүгү кыжаалат. Алардын бири - Рахима Матраим кызы:

- Биздин шаарда Жалил, Жыргал деген эки бай бар. Ак-Бууранын бир жагын Жалил, экинчи тарабын Жыргал ээлеп алган. Башкы пландын бүтпөй жатышына ушуга окшогон байлар, анан чиновниктер эле тоскоол болууда деп ойлойм. Бири чайкана, бири сауна, дагы бири тойкана салып жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагы башкы планды түзүүгө бөлүнгөн акчалар каякта? Ошончо каражат жумшап аткандан кийин эмнеге ушу кезге чейин Ош шаарынын башкы планы даяр болбойт?- деп нааразы болду Рахима Матраим кызы.

Шаар тургундарынын жүрөгүн өйүгөн бул маселе 4-апрелде Ош мэриясында өткөн жыйында талкууланды. Анда Ош шаарынын Архитектура, курулуш жана шаар куруу боюнча башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетов калаанын башкы планы сейсмикалык изилдөөлөргө байланыштуу созулуп жатканын айтты:

Ак-Буура дарыясы.

Ак-Буура дарыясы.

- Мурдагы генпланды эми бекитебиз деп жатканда, адистер Ош шаарынын алдында 3 жарака бар экенин аныкташты. Аны тектоникалык жарылуу деп коюшат экен. Ал жаракалар жок дегенде 200 метрден болуп жатат. Биринчи жарака Ош шаарынын СМУТТ аймагынан баштап, эски мэриянын алдынан жана облустук ооруканадан өтүп кеткен. Экинчиси - Аскар Шакиров көчөсүндө. Үчүнчү жарака жогорудагы Бир адыр тараптан өтөт. Бул аймактарда көп кабатуу үйлөрдү курууга болбойт. Кокус катуу жер титиресе, мурда отурукташып калгандарды да көчүрүп чыгыш керек. Элди коркутпайлы деп буга чейин айтпай жүргөнбүз. Ушундай коркунучтуу жагдайлар бар үчүн башкы план өзгөртүүлөргө дуушар болгон. Ошол себептүү да ал кабыл алынбай, азыр токтоп турат.

Ош шаарынын мурунку генпланы 1999-жылы кабыл алынып, кийин 2009-жылы кайра иштелип чыккан. 2010-жылкы окуялардан кийин, генпланга дагы алымча-кошумчалар киргизилген.

- Ош шаары Кара-Суунун Шарк, Нариман айылдарын көздөй кеңейиши керек эле. Былтыр ушул айылдарды шаарга өткөрүү боюнча келишим болгондо облустук администрация кол койбой койгон. Себеби, Кара-Суунун шаарлары Ош шаарына өтүп кетет экен деген караңгы түшүнүктөр болгон. Бул Мына ушуга окшогон жагдайлар талаш жаратып келет. Негизи башкы планды бекитүү өкмөткө гана тиешелүү болгондуктан, айрым өзгөртүү, толуктоолорду киргизип биз аларга сунушташыбыз керек. Өкмөт быйылкыга да аз-маз акча бөлүп берди, азыр дагы иштеп атабыз, -деди Ош шаарынын башкы архитектору Нурбек Баетов.

Оштогу курулуш.

Оштогу курулуш.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алымбай Кадыров болсо азыр берилип жаткан жерлерди кайтарып алуу мамлекеттин өзүнө эле түйшүк жаратарын билдирди:

- Борбордук көчөлөрдө, кызыл сызыктын ичинде мурдатан курулуп калган эски үйлөр бар. Заңкайган дүкөн, ресторан, кафелерди салып атышат. Аларга уруксат берилип кеткенине бул жакта туруп алып мен дагы күнөөлүү болуп атам. Ошого Шаардык архитектура азыртан эле уруксат бербей койсо болбойбу? Алар алган жерлерин эптеп курат дагы, сотко барып менчиктештирип алышат. Анан биз эртең ошол жерлерге жол, көпүрө, же дагы бир мамлекеттик мекеме курабыз десек, жеке курулушту бузуу үчүн анын ээлеринен сатып алышыбыз керек. Ашып кетсе 10-15 жылда көчөлөр кеңейет, шаардын инфраструктурасы курулат. Ошону азыртадан ойлонушубуз керек.

Ош шаардык прокурордун орун басары Рысбек Кулов болсо, дагы көп жер тилкелерди менчиктештирүү үчүн, башкы план атайылап бекитилбей келатканын 4-апрелде өткөн Мэриянын коллегиялык жыйынында билдирди:

- Ушунча жыл ичинде шаардын баарын менчикке айландырып, уруксат берип жаткан башкы архитектор Нурбек Баетов. Ал айтып жатпайбы, сейсмикалык жактан туура келбегени үчүн иш жүрбөй жатат, ошого байланыштуу уруксат бербей жатабыз деп. Бирок өзү ошол эле жарака бар деген жерге, облустук архитектуранын аркасына 3 кабаттуу үй курду, эч кандай проблемасы жок эле. Ал боюнча биз кылмыш ишин козгоп, бирок маселе облустук прокуратурага тиешелүү болгон үчүн ошол жакка өткөрүп бергенбиз, жыйынтык жок болуп атат.

Бул иштер боюнча Ош шаардык мэриясы да териштирүү иштерин жүргүзүүнү колго алды.

Ош шаары.

Ош шаары.

Шаардын башкы планы буга чейин да бир катар талкууга алынып, талаш-тартыштарды жараткан. Бирок ошого карабай али күнчө кабыл алынбай жатканын жергиликтүү байкоочу Базарбай Сөлпүев “бийликтердин кайдыгерлиги” деп сыпаттады:

- Кыргыз курулуш, архитектура агенттиги, башка мамлекеттик аткаминерлер ошолордун баарынын жакшы көңүл бурбагандыгынан ушул иш бүтпөй жатат. Маселен жөнөкөй эле бир маселе, мобу Сулайман тоонун айланасындагы үйлөр көчүрүлмөкчү болуп, союз учурунда акчасы төлөнүп берилген. Бирок алар акчаны алды дагы, азыр дагы деле жашап атышат. Ал тургай Сулайман-Тоонун бир капталынан бери жогору жакка чейин үй салып чыгып алышты. Мындай жерлер канча. Алар ошо бийликтердин кайдыгерлигинен чечилбей келатат. Эмнеге биз бир гана борборду оңдошубуз керек? Эмнеге калган шаарларга, калган облустарга кайдыгер мамиледе болушубуз керек? Баарына бирдей көңүл бурулуп, бирдей каралышы зарыл. Анан Ош шаарынын башкы планы акыркы жолу 2012-жылы ОшМУнун башкы залында, ошол эле Кыргызстандын башкы архитекторлорунун катышуусунда талкууланган. Алар ошондо мына бүтүп калдык, ишке салабыз дешкен. Кана ошол башкы план?

Башкы планга ылайык калаага туташ, жакынкы райондорго тиешелүү 14 миң гектардан ашык жер Ош шаарынын карамагына өтүшү керек. Бирок ага чейин эле шаардын өзүнүн ичиндеги стратегиялык жерлердин баары менчикке берилип кетип жатканына коомчулук кабатыр.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG