Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Кадырбаевдин жылдызы кантип жанды?


Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын жаңы мэри.
Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын жаңы мэри.

Айтмамат Кадырбаев бүгүн шаардык кеңештин 25 депутатынын колдоосу менен Ош шаар башчылыгына шайланды.

Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракцияларынан куралган коалициялык көпчүлүк алып чыккан. Ошентип ал бүгүнкү шайлоодо атаандашы, шаардын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдон алты добуш ашып түшүп, жеңишке жетти.

Шаардык кеңеште жаңыдан куралган көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин алып чыккандан тарта буга чейин коомчулукка аты анча белгисиз бул кишиге көпчүлүктүн көңүлү бурула баштаган. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин азыркы бийликке каршы чыккан кишинин талапкерлиги сунушталышы бир чети таң калтырып, суроо да жараткан.

Кыргызстандын соңку тарыхына көз чаптырсак, Айтмамат Кадырбаев 2005-жылкы март ыңкылабынан кийинки Оштогу окуяларда элдин көзүнө илинген. Ошондо ал Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Баяман Эркинбаевге каршы акцияларда топ баштап жүргөнү айтылып келет. Кызыгы бул акцияларда ал азыркы атаандашы Мелис Мырзакматов менен үзөңгүлөш жүргөн.

Бул акциялар ошол туштагы Бакиев бийлиги каалагандай ишке ашкан соң, 2006-жылы Кадырбаев өлкөдөгү ири базарлардын бири - Кара-Суу базарынын директорунун орун басарлыгына келет. Андан кийин 2007-жылдан 2010-жылы өлкөдө бийлик алмашканга чейин Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп иштейт.

Апрель ыңкылабынан кийин өлкөдө туруксуз абал өкүм сүрүп турган маалда Ошто убактылуу өкмөткө каршы чыгып, облустук акимчиликти басып алгандардын башында турган. Аз убакытка облустук бийлик имаратын ээлеп алгандар аны өздөрүнчө губернатор деп да жарыялап жиберишкен. Бирок аларды дароо эле расмий бийлик имараттан кууп чыккан.

Ошондон кийин аты-жыты белгисиз болуп кеткен Айтмамат Кадырбаев 2012-жылы кайра кызматка илинип, кийинчерээк жоюлуп кеткен Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Эми минтип жылдызы жанып, Ош шаарынын мэрлигине шайланып отурат.

Айтмамат Кадырбаев 48 жашта, 1966-жылы Оштун Кара-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 1990-жылдардын башында облустук бир мекемеде экономист, башкы эсепчи, 1993-1996-жылдары «Ош азык-түлүк соодасы» АКнын инспектору, андан соң директору болгон. 1996-1998-жылдарда Ош шаардык базарлар башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Кадырбаевдин өмүр таржымалында 2000-жылдардын башында ал бир жылдай Чүй облустук ИИБинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери да болгону жазылып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG