Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Ош: курултайда шаар көйгөйү айтылбады


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында 17-декабрь күнү жергиликтүү жамааттардын элдик V курултайы өтүп, калаадагы өзүн-өзү башкаруу жобосунун жаңы долбоору талкууланды.

Курултайга чогулган 546 делегаттан 15 чактысы гана чыгып, өз сунуштарын жана жобого карата мактоолорун айтып жатышты. Жыйында чыгып сүйлөөнү каалаган башка делегаттарга сөз берилген жок. Делегаттардын көбү муниципалдык ишканалардан жана "дежур" адамдардан түзүлүп калганы сынга алынды. Ошондой эле курултайда шаарга тиешелүү көйгөйлөр жана проблемалар айтылбаганына көптөрү нааразы болду.

17-октябрдагы Ош шаарынын жергиликтүү жамааттарынын курултайы ачылаары менен эле алдын ала даярдалган президиум жана катчылар бекилди. Андан кийин калаа болуп көрбөгөндөй өсүштөргө ээ болуп, ишканалар шаарда тынымсыз ачылып жаткандыгы жана мэрия тарабынан аткарылган иштер айтылды.

Ош шаары.
Ош шаары.

Мэр Айтмамат Кадырбаев тарабынан сунушталган Ош шаарынын өзүн-өзү башкаруу органдарынын уставынын жаңы долбоору ар бир делегатка алдын ала берилген болчу. Ошол себептүү калаа башчысы жыйын башында аны үстүрт гана коргоп берди:

- Ош шаарынын уставы кабыл алынгандан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жөнгө салуучу бир катар укуктук ченемдик актылары кабыл алынды же олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Мындан сырткары “Ош шаарынын статусу” жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасына бир катар жаңы нормалар киргизилди. Ошондуктан Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын долбоору мэрия тарабынан иштелип чыгып, Ош шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 22-сессиясы менен элдик курултайга сунушталды.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жобосу бул – жөнөкөй тил менен айтканда мэриядан баштап, аймактык кеңеш, кварталдык комитет, көчө башчылары, үй комитети жана катардагы шаардык тургунга чейин калааны кантип башкарып, укук-милдеттеринен кантип пайдаланаары жазылган документ. Мындан 10 жылча мурдараак кабыл алынган жобого, аталган курултайда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилмек. Бирок айрым гана пикирлерди эске албаганда, делегаттар сунушталган долбоорду дээрлик бир добуштан колдоп беришти.

Делегаттардын бири, “Интербилим” коомдук бирикмесинин Ош филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева жобо мэрия менен шаардык кеңештин кызыкчылыгына ыктап жазылганын кыйытты:

- Уставдын кээ бир беренелеринде мэрия менен шаардык кеңеш өзүнүн бийлигин кеңейтүү нормаларын жазып алышкан. Маселен, шаардык кеңеш мониторинг жана баалоо өткөзүү үчүн атайын топ түзгөнү жана ага элдин өкүлдөрүн кошууга укуктуу деген берене бар. Анда кеп жок, ошол тизмени шаардык кеңеш гана бекитет деген жери туура эмес болуп жатат. Башкача айтканда, мен жарандык коомдун өкүлү катары, мэрия менен шаардык кеңешке тиешеси жок, атайын бир топ түзүп, кайсы бир ишке баалоо жүргүзө албай калат экем. Дагы бир кемчилдиги, беренелердин биринде “жамааттык топторго мэрия байкоо салганга, аларды баалаганга укуктуу” деп белгиленген. Жамааттык топтордун өзүнүн мыйзамдарына таянсак, адамдар ар кандай топторду, уюмдарды, партияларды түзүп, түрдүү тармакта өз алдынча, мыйзам чегинде каалагандай иш алып барууга укуктуу болот. Башкача айтканда, мэрия бул жерден жарандардын жеке иштерине кийлигишкиси келип жатат .

Ошентип курултайга чогулган 546 делегаттан алдын ала тизмеге жазылган 15 чактысы гана сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алды. Алар да негизинен Кадырбаев сунуштаган долбоорду мактоого алып турду. Тизмеден сырткары трибунага чыккысы келгендерге мэр өзү чектөө киргизип, суукка шылтап, сөздү кыскартып жатты.

Ошого карабай сөз алган Ош шаарынын тургуну Бахтияр Маматжанов жободо айтылбай жаткан жагдайларды эске салды:

Бахтияр Маматжанов.
Бахтияр Маматжанов.

- Жобо боюнча улут аралык мамилени чыңдоо маселеси да каралмак. Этностор боюнча мамлекеттик органдын кишилери атайын Бишкектен да келишиптир. Бирок бул жерде ал боюнча бир да сөз болгон жок. Башкасын коелу мэриянын өзүндө да бүт вице-мэрлер, башка кадрлары бүт бир улуттан түзүлгөн. Мен кыргыздын жигитимин, бирок мага бардык улуттар бирдей. Кыргызстанда 80 улут жашайт, анда неге жобо боюнча иш ушул жерден башталбайт? Сөз теория жүзүндө эмес, практикалык түрдө жүрүшү керек. Ушул жобону 100% колдоп бекитип берсек эле болдубу чиновниктерге. Биз аларга эмес, алар бизге кызмат кылышы керек.

Маматжанов ошондой эле, Элдик Курултай болуп жаткандан кийин калаадагы кырдаал, учурдагы көп көйгөйлөр айтылышы керек эле деди:

- Мына шаарда коррупция күн санап курчуп атат. Бирок мэрияда коррупциянын алдын алуу боюнча эмне иш жасалып атат? Быйыл Ош шаары КМШ мамлекеттеринин маданий борбору болду. Бул боюнча бир иш жасалдыбы? Парктар, коомдук жайлар бүт менчиктештирилип кетип жатат. Ким анын алдын алып жатат? Мына бизде Курманжан Датка кичирайонунда бир да парк калбады. Скверди бүт байлар менчиктештирип, кабат-кабат үйлөрдү салып атышат. Мына Ак-Бууранын боюн карагыла, бүт менчиктештирилип кетти. Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы бул Ош шаарынын уникалдуу жүзү, башкача айтканда визиткасы. Анан ошонун баарын байлар ээлеп кете беришеби? Дарыянын эки тарабын бүт тосуп алышты. Жакында дарыяга эс алганы түшөм десеңиз, жөн эле көрүү үчүн акча берип кире турган болуп калды. Эмне үчүн Курултайда ушул маселелерди айтып, чечпейбиз? Качанга чейин унчукпай жүрө беребиз?

Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Делегаттар негизинен жергиликтүү бийлик органдарында иштегендер экени, сөздөр да көбүнчө ошолорго берилип жатканы да жыйынга катышкандар тарабынан сынга кабылды. Курултайдын катышуучусу Азамат Асатилла уулу мындай дейт:

- Курултай бир сөз менен айтканда, мэриянын “дүжүр” адамдарынын чогулушу эле болуп калды. Куду союз учурундагы партиянын эле бир жыйынына окшоштурдум мен. Парторг чыгып добуш бергиле десе берет, отургула десе отургандай эле. Болуптур Курултай бир эле ушу жобону талкуулоо үчүн эле чогулуптур дейли, бирок ошонун ичинде бүт көйгөйлөргө байланышкан жагдайлар бар эмеспи. Мына кышкы абал, газ-энергетика кризиси, жумушсуздук, улуттар аралык мамиле, жол тыгын сыяктуу толгон токой маселелер көз жаздымда калды. Делегаттар да буга чейин бүт даярдалып, сөздөрүнөн бери жазылып берилиптир.

Маалым болгондой, Ош шаарынынын өзүн-өзү башкаруу жобосу алты бөлүмдөн жана 33 бөлүктөн турат. Аны Курултайдан кийин Ош шаардык кеңеши карайт. Депутаттар жактыргандан кийин гана жобо күчүнө кирмекчи.

Ош шаарынын жамааттарынын Курултайы 2005-жылдан бери эми уюштурулуп жатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG