Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы абактан бошотулду


“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Худайберди Алашов жана анын апасы Курбантач Арамедова 2,5 ай абакта кармалгандан кийин 15-февралда бошотулду. Бирок бул маалымат боюнча Алашовдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон эмес. Худайберди Алашов жана апасы үйүндө 11 киллограм насыбай сактаган деп, өткөн жылы декабрь айында кармалган жана шарттуу түрдө үч жылга кесилген. Бирок алардын жакындары жана күбөлөр күнөө жалган жерден коюлганын, Алашовдун үйүнөн 20 граммдай гана өзү чеге турган насыбай табылганын билдиришкен.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысы Алашовду куугунтуктоо анын “Азаттыктын” түркмөн кызматы менен кызматташуусуна байланыштуу болгонун билдирип келатат. ЕККУ, АКШ жана адам укугун коргоочу уюмдар журналист Алашовду бошотууну талап кылган. Түркмөн бийлиги “Азаттык” менен кызматташкан журналисттерди катуу кысымга алып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG