Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

Жаңжалдарды алдын алууда жана жөнгө салууда бийликтердин, бейөкмөт уюмдардын жана ММКлардын кызматташуусун күчөтүү эң зарыл фактор болуп турат. Бул тууралуу тараптардын Оштогу тегерек үстөлүндө айтылды.

Жыйында ошондой эле медиатор, же "Ынтымак жарчыларынын" потенциалын көтөрүү менен алардын ролун арттыруу тынчтыктын сакталышына өбөлгө болоору белгиленди.

Улут аралык оор жаңжалды башынан өткөргөн аймакта бийликтердин, бейөкмөт уюмдардын жана журналисттердин ортосундагы ымалашуу азырга дейре оңолбой келатканын "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын өкүлү Руслан Ташанов билдирди. Анын белгилешинче, бул нерсе кырдаалдын жакшыруусун кечеңдетип жаткан эң башкы фактор:

- Эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик бийлик тарабынан ишеним төмөн. Ошол эле учурда бейөкмөт уюмдар бийликтерди жактырбай, аларды сындоо менен гана алек. Башкача айтканда тараптар Крыловдун тамсилиндей болуп, бири асманга, экинчиси сууга, үчүнчүсү жерге тартып иштеп атышат. Бул жаңжалдарды алдын алууну жана алар менен күрөшүүнү максатына жеткирбейт. Ошондуктан ММК, бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана жарандык коом жаңы багытта, жаңы стратегияда биргеликте ишти күчөтүшү керек.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы уюштурган жыйында Фергана өрөөнүндөгү жаңжалдардын негизги булактары катары калктын өтө жыш жайгашкандыгы, көп улуттуулугу, жер-суу ресурстарынын жетишсиздиги жана маңзаттарды ташуу жолунун тоомунда экендиги саналды. Бирок коогалаңдан кийин этностор аралык чыр-чатактар күнүмдүк гана көйгөйлөрдөн чыгып жатканы маалым болду.

Араван районунун Чек-Абад айыл округ жетекчиси Рафыкжан Эргешов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Жөнөкөй эле бир маселеден эки киши урушуп кетсе деле ошону улут аралык маселе менен байланыштыра берип балээ болушту. Улут аралык маселени чыңдашыбыз керек, бирок аны элдин өзүнөн чыккан кишилер гана кыла албаса башка тараптардын аракетининин майнабы аз. Бийлик деле, органдар деле ынтымакташтырууга аракет кыла берсин, бирок аларга караганда жөнөкөй эле бир айылдык активдин же аксакалдын сөзү маанилүү болуп турат.

Аракет көп, жыйынтык барбы?

Жаңжалдарды алдын алууда бийлик менен жарандык коомдон сырткары эл ичинен чыккан медиаторлор, же "Ынтымак жарчыларынын" ролу зарыл болуп жатканы да жыйында айтылды. Аймакта медиация боюнча иштеп жаткан ИРЭТ коомдук фондунун өкүлү Тотуя Исакова буларга токтолду:

- Жер-жерлерде болгон жаңжалдарды сырттан келген медиатор же, сырттан келген "Ынтымак жарчысы" чече албайт. Ал жерди так ошол жерде жашаган адам гана билет жана достукка алып келүү үчүн данакерлик кызматты аркалай алат. "Ынтымак жарчыларынын" атайын макамы жок, бирок алар өзү жашаган жерлерде эл менен бийликтин ортосундагы ортомчу катары иш аткарып жатат. Медиаторлор жергиликтүү тургундардан тургандыктан алар чыр-чатакка чейин, чыр-чатак учурунда жана андан кийин да иш алып бара алышат.

Кыргыз-өзбек тоюнан бир көрүнүш, 13-март, 2011-жыл

Кыргыз-өзбек тоюнан бир көрүнүш, 13-март, 2011-жыл

Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 500дөй "Ынтымак жарчысы" иш алып барып келет. Булар бейөкмөт уюмдар менен бийликтердин биргелешкен долбоорлорунун алкагында уюшулган. Жаңжалды алдын алуу боюнча бул сыяктуу долбоорлор аймакта ондоп саналат. Бирок алар коомго канчалык деңгээлде таасир берип жатат деген суроонун башы ачык бойдон калууда.

"Фергана өрөөнүндөгү тынч өнүгүү" коомдук фондунун өкүлү Азамат Бакиров мындай дейт:

- Долбоорлор канчалык деңгээлде эффективдүү болуп жатканын билүү үчүн атайын иликтөө жүргүзүү керек. Бирок, менин жеке пикиримде, компетенттүү же, тажрыйбалуу уюмдар аткарып жаткан иштер гана өз жыйынтыгын берип жатат. Анткен менен көпчүлүгү тилекке каршы андай эмес. Кыргызстанда 8 миңден ашуун бейөкмөт уюм болсо, 2010-жылкы этностор аралык кагылышуудан кийин алардын көпчүлүгү өз багытын элдерди жараштыруу же жаңжалдарды чечүүнү тандап алышты. Бирок эми ал долбоорлорду кайра-кайра карап, анан ишке ашыруу жагын ойлонушубуз керек. Анткени артык кылам деп тыртык кылып албоо коркунучу жокпу деген суроо бар.

Кандуу калабанын эки жылдыгын утурлаган атайын тегерек үстөлдө мамлекеттик институттардын, жарандык коомдун жана ММКнын кызматташууларын арттыруу багытында бир катар сунуш-пикирлер топтолду. Анын жыйынтыгында тийиштүү тараптарга жана коомчулукка атайын кайрылуу жолдоно турган болду.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG