Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Мырзакматовдун соту кийинкиге калды


Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун иши боюнча экинчи соттук отурум көчө жыйын менен коштолду.

Облустук сот имаратынын алдындагы көчө жыйын уюштуруучулары эки миң адам чогулду деп билдирүү таратышты. Ал эми сот имаратынын алдындагы кырдаалды көзөмөлдөп турган күч кызматкерлери анда 200 гана киши чогулганын маалымдашты. Мелис Мырзакматовдун тарапкерлеринин көптүгүнө карабай көчө жыйын тынч өттү.

- Биз сот адилеттүүлүгүн талап кылып чогулдук. Биз эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбайбыз. Айылдардан келдиңиздер, биз түшүнүп атабыз. Сабыр кылыңыздар. Жолдорду ачып коюңуздар.

Буга чейин Мелис Мырзакматовдун иши Ош шаардык сотунда каралган. Шаардык сот Мырзакматовду көпүрө курулушуна байланыштуу 29 млн. сомду мыйзамсыз короткон деп таап, 7 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сыртынан өкүм чыгарган. Бирок Мырзакматовдун тарапкерлери Ош шаардык сотундагы айрым жагдайларды мыйзамсыз деп эсептешип, шаардык соттун өкүмүнүн мыйзамдуулугун аныктап берүүнү суранып Конституциялык палатага кайрылышкан.

10-августта Мырзакматовдун жактоочулары сотто биринчи чечимдин мыйзамдуулугу аныкталмайынча облустук соттун кароосун токтото турууну сурашты. Мырзакматовдун жактоочусу Чынара Жакыпбекова буларды айтты:

- Конституциялык палатага берилген кайрылуунун жыйынтыгы чыкканга чейин соттук кароону токтото турууну суранабыз. Анткени биринчи соттун мыйзамдуулугунан баштап баа берилиш керек. Ошондон кийин гана иш экинчи сотто каралыш керек.

Доо арызды кароочу үч адамдан турган Ош облустук сот курамы М. Мырзакматовдун жактоочуларынын бир дагы суранычын канааттандырбаганы менен, ишти кароону 17-августка калтырды. Чечимди сот Алмаз Абдылдаев окуп берди.

- Мелис Мырзакматовдун жазык иши боюнча ишти карап жаткан соттук курамга, тактап айтканда, Мырзабеков, Абдылдаев жана Мадумаровага карата ишенбөөчүлүк канааттандыруусуз калтырылсын. Мырзакматовдун жазык иши 17-августта улантылсын.

Мындай чечимди облустук сот имаратынын алдында турган Мырзакматовдун тарапкерлери жеңиш катары кабыл алышып, кол чаап турушту. Сот чечими жарыялангандан кийин чогулгандар тарап кетишти.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөсүн курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан соттоп, үй-мүлкүн тартып алуу аркылуу 7 жылга эркинен ажыраткан. 10-августта облустук сотто бул өкүмгө карата апелляциялык арыз каралды.

Мелис Мырзакматов өзүнө карата коюлган айыптарды “саясий куугунтук” деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр ал эл аралык издөөдө.

XS
SM
MD
LG