Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Камактагы оппозициячылар сот ачык өтүшүн талап кылууда


Бишкектин Биринчи Май райондук соту.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту.

Бийликти күч менен басып алууга айыпталып камалган оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов элге, өкмөттүк, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарга кайрылуу жолдошту. Анда бийлик мыйзам бузууларга жол берип жатканы жана өздөрүн саясий жүйө менен камап салганын жазышкан. Соттун жабык өтүп жатканын буга далил катары көрсөтүшүп, жараянды ачык кылууну бийликтен талап кылышкан. Бул тууралуу Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева “Азаттык” радиосуна билдирип, абактагылардын абалына кайдыгер карабоого коомчулукту чакырды.

Камактагылардын жакындары буга чейин митингге чыгышып, сотту ачык өткөрүү жана ишти карап жаткан судья Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөө талабын коюшкан. Сот бул сунушту канааттандырган эмес. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып жатышкан оппозициячыларды быйыл май айында УКМК кармаган. Атайын кызмат тергөө материалдарына эмнеге "жашыруун" деген белги коюлганы тууралуу комментарий бере элек. Ал эми судья өтүнүчтөрдүн четке кагылышын соттолуучулардын мамлекеттик оор кылмышка айыпталышы менен байланыштырган. Кийинки сот жараяны 29-сентябрга белгиленген. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG