Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Ош шаарында ички мигранттардын саны азайбай жатат. Адистердин айтымында, калаада бейрасмий 500 миңдей адам болсо, жарымы айылдардан келген ички мигранттар.

Келгиндер каттоодо турбагандыктан толгон-токой көйгөйлөргө кабылат. Алардын көпчүлүгү шайлоого катышуу укугунан айрылып калса, балдары билим же медициналык жардам алуудан кыйналат. Бийликтер болсо бул мыйзам ченемдүү нерсе экенин айтып кол куушурат.

Оштун Манас-Ата кичирайонундагы №8 үй-бүлөлүк жатакананын тургуну Бурул Шабданова шаарга келгенине 20 жылдай болду. Ошондон бери же шаардын, же айылдын тургуну эмес. Каттоого турбагандыктан көйгөйлөрү да чечилбей келет:

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири

- Өзүм, 3 балам, бир келиним болуп 1 бөлмө үйдө жашайбыз. Тар экени аз келгенсип, шарт дагы жок. Ажаткана, душ деген нерсени дегеле билбейбиз. Үйүбүз өзү деле авариялык абалда. Эптеп үй куруп алып чыгып кетели десек “силер шаардык эмессиңер” деп жер тилкесин беришпейт. Эгер дагы уул үйлөп, кыз бере турган болсок, ит көрбөгөн күндү көрөбүз го. Чыгып кетели десек же ишибиз, же акчабыз жок...

Мындай үй-бүлөлүк жатаканалар шаарда 20дан ашык. Алардын дээрлик баарында ички мигранттар турушат. Жатаканалардын дагы бир тургуну Турдукан Калмурзаева мындай дейт:

- Чындыгында бул жердегилердин көпчүлүгүнүн жумушу жок. Балдарыбыз машине жууган жайларда иштешет. Базарда соода кылып, араба түртүшөт. Аялдар болсо анча-мынча жерлерде идиш жуугуч болуп иштейбиз. Каттоодо турбаганыбыз үчүн бардык укуктарыбыз чектелген. Башка айлабыз жок.

Расмий эмес маалыматтарда Ош шаарынын калкы жарым миллиондой деп айтылып жүрөт. Бирок алардын жарымы гана каттоодон өткөн. Демек, калган 250 миңдей адамды ички мигрант деп саноого болот дешет адистер. Алардын көпчүлүгү шаардагы үй-бүлөлүк жатаканаларда жана шаардын чет жакасындагы айылдарда жашайт.

17 жылдан бери калаадагы Дача участогунда жашаган Зейнеп Камчыбекова «шаар тургуну» деген статуска ээ боло албай келатканын айтат:

- Биздин каттообуз жок болгондуктан үйүбүздү шаарга өткөзө албайбыз. Кара-Суу районуна карайсыңар деп коюшканы менен ал жактан же пайда жок, же жакын эмес. Балдарыбызды жакшы бир мектепке бере албайбыз, шаарга берели десек албайт, өзүбүздө болсо мектеп жок. Учар менен Жапалакка берели десек болушпайт. Айла жок шаардагы бир мектепке келип кетишет. Мындан башка көйгөйлөрдү деле же шаардык болуп чече албайбыз, же райондун кызматкерлери карап бербейт.

Оштогу Адам укугу боюнча “Эдвокаси” борборунун иликтөөсүндө Ош шаарына келген мигранттардын саны соңку жылдары кескин көбөйгөн. Алар Ош облусунун райондорунан жана башка облустардан жумуш издеп келгендер. Бирок алардын баары бул жерде каттоого турбагандыктан укуктары дээрлик сакталбайт дешет адистер.

Борбордун юристи Улан Бекмуратовдун белгилешинче, бул алешемдиктерге “Ички мигранттар жөнүндөгү” мыйзамдын жакшы иштебей жатканы да айыптуу:

- “Ички мигранттар жөнүндөгү мыйзам” 2002-жылы кабыл алынган. Соңку өзгөртүү 2011-жылы болгон. Бирок бул мыйзам биздин жашоодо жакшы иштебей атат десек болот. Себеп дегенде бир топ беренелер бири-бирине каршы. Анан кийин каттоого турам деген адам сөзсүз түрдө “Жарандарды каттоого алуу боюнча” мыйзам менен алышып калат. Каттоого туруу үчүн ушул эки мыйзамды бириктирип караганда гана түшүнөт да. А жөнөкөй жарандар муну такыр билишпейт. Натыйжада, ар дайым проблемага тушуга берет.

Ош шаары, 2012-жыл

Ош шаары, 2012-жыл

Ал эми бийликтегилер болсо ички миграцияны жашоонун мыйзам ченемдүүлүгү катары баалап, аны токтотуу мүмкүн эмес дешет. Шаардык кызматтар ички мигранттарга көп жардам да бере албастыгын да моюнга алышты.

Ош шаардык жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгынын башкы адиси Чолпон Кожогулова «Азаттыкка» мындай деди:

- Айылдан келген тургундарга биз “жумушсуз” деген статус бере албайбыз. Аларга шаардык жарандар сыяктуу жардам да бере албайбыз. Аларды кээ бир жеке ишканаларга гана жөнөтпөсөк башка айлабыз жок. Шаардан келген тургунга гана статус бере алабыз. Окутууга дагы шаарда каттоого турган гана жарандарды ала алабыз.

«Эдвокаси» борбору жергиликтүү бийликтер менен биргеликте ички мигранттардын проблемасы боюнча атайын долбоор алып барууда. Анын алкагында ар бир кичирайондордо келгиндердин өздөрүнөн топтор түзүлүп, ички мигранттарды каттоого алууну жөнөкөйлөтүү аракети көрүлүп жатат. Бирок айрым мамлекеттик органдардын бюрократтыгы маселени оор боюнча калтырууда дешет адистер.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG