Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

“Ош пирим” эфирдеги берүүсү үчүн эскертүү алды


Ош милициясы жергиликтүү «Ош пирим» телеканалын эфирде кеткен берүүсүндө тең салмактуулукту сактаган эмес деп айыптап, оозеки эскертүү берди.

“Ош пирим” аймактык телеканалынын журналисти “Түнкү көпөлөктөрдү” ким тыят?" деп аталган берүү даярдап, Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө денесин сатып турган кыздардын окуясын эфирден берген. Берүүдө журналист көчө боюнда туруп алып, баяндоо жасап аткан учурда ары жактан бир аял келип, милиция кызматкерлери сойкулук менен алектенген кыздардан акча алып турганын айтып кирген:

- Эмне кылалы? Милициялар күн сайын ар бир кыздан 200 сомдон акча алып турушат. “Шыбага” бербесек иштетпейт. Бөлүштүрүү жайында, ИИБде алат, аялы төрөсө да алат, авария болсо да алат. Мен Ошто туулганмын. 14 жашымдан бери жолдо “иштеп келатам”. Мындан кийин да “иштей берем”. Сойкулук менен алектенгениме 15 жыл болду.

Ушинтип сүйлөп жаткан аял менен журналисттин маегине Ош шаардык милициясынын түнкү тартип сакчылары да аралашкан. Телеберүү өзүн паракорлукка айыптап жаткан кызды милиция кызматкери кызматтык унаага отургузуусу менен аяктаган.

Берүүдө тасмага түшкөн үч кызматкердин үстүнөн кызматтык текшерүү башталды. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев териштирүүнүн жыйынтыгына жараша телеканал кызматкерлери да жазага тартылышы мүмкүн экенин эскертти.

Жеңиш Ашырбаев
Жеңиш Ашырбаев

- "Ош пирим" телеканалынын журналисти өзүнүн кесиптик этикасын сактабаганы боюнча жетекчилигине нааразылыгыбызды айтып, оозеки эскертүү билдирдик. Окуя боюнча эч кимди сотко берген жокпуз. Бирок биз дагы кызматкерлерибиздин аброюн коргошубуз керек. Эгерде алар чындыкты көрсөткүлөрү келсе, куру дооматтар менен чектелбей, окуя боюнча биздин текшерүүлөрүбүздүн жыйынтыгын камтып чыгарышса болмок. Түндө мас абалында сүйлөгөн кыз эртеси “журналисттер менин телеге сүйлөп берүүмө кызыкдар” болгон деп айтты. Эгерде ошол дооматтар, дегеле материал кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы менен даярдалганы аныктала турган болсо, алар да жоопко тартылышы мүмкүн.

Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлеринин ачуусун келтирген бул берүү телеканалдын интернеттеги баракчасына коюлган соң коомчулуктун кызыгуусун жаратып, үч күндүн ичинде 40 миң адамдын назарына илинген. Көрүүчүлөр арасында милиция менен “түнкү көпөлөктөр” тууралуу талкуу күч алган.

“Ош пирим” телеканалынын аткаруучу директору Тургунбай Алдакулов телеберүүдө журналисттик стандарттардын баары сакталган деп билдирди.

Тургунбай Алдакулов
Тургунбай Алдакулов

- Биздин журналисттер сойку кыздын коомчулукка резонанс жарата турган көз карашын телеге тартып алган. Ал эми ал кыздын кандай ой менен ошол сөздөрдү айтканын аныктоо укук коргоо органдарынын жумушу. Биздин жумуш ошол жердеги арыз-арманды, ошол жердеги чындыкты, коомчулуктун пикирин жарыялоо. Ал чындыкты жарыялоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чек койбойт. Эл аралык журналисттик стандарттар да чек койбойт. Биз ошол жерге барган укук коргоо органдарынын катышуусунда бул окуяны чагылдырып бергенбиз.

Деген менен талаштуу тасманын сапаты, аны даярдаган журналисттин тажрыйбасыздыгы, берүүгө тандалган негизги каармандын мастыгы медиа адистери тарабынан да сынга кабылды. Маселен, медиа эксперт Марс Тулегенов буларга токтолду:

- Негизи берүүгө катыштыгы бар үч тараптан тең кемчилик кеткен. Милиция кызматкери кызды унаага сүйрөгөндөн башка сөз айта алган эмес. Милиция акча алган деп сүйлөп жаткан кыздын да мас абалда экени көрүнүп турат. Ичимдик ичип алып ошол жерде жүргөн кыздын оюн эфирге берерде журналист өзү да ойлонуш керек болчу. Анткени эртеси “мен ичип алыптырмын, эмне деп сүйлөгөнүмдү билбейм” деп коюшу мүмкүн. Мындай учурда укук коргоо органдары журналистти сотко берсе утуп алышы ыктымал. Андан сырткары журналистти берүү даярдоого чыгарардан мурда жетекчилик ал темадан кабары болгонбу-жокпу, белгисиз.

Милицияны ачык айыптап жаткан кыз кайра эле алардын колунда кала берүүсү да суроо жаратууда. Бирок укук коргоо органдарынын айтымында, түнкү тартип сакчыларын айыптаган кыз окуянын эртеси эле мастыгына шылтап, мурдагы айткан сөзүн толугу менен танган.

XS
SM
MD
LG