Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары Бишкектеги терактты айыптады


Эрлан Абдылдаев
Эрлан Абдылдаев

Кытайдын Бишкектеги элчилигине кол салган күчтөр сөзсүз табылып, жазасын алат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын башкы дипломаты Ван И менен телефондон сүйлөшкөндө айтты.

Министрлер бул чабуулду кескин айыптап, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүнү мындан ары да улантуу зарылдыгын белгилешти.

Бүгүн эртең менен Кытай элчилигине жанкечти жардыргыч салынган унаа менен чабуул жасады. Ал дарбазаны сүздүрүп кирип жардырганда өзү мерт кетти. Элчиликтин үч кызматкери жараат алды.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG