Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Кыргызстанда шариятка ылайыкташкан спорт кийимдери тигиле баштады


Шариятка ылайыкташкан спорт кийимдери.
Шариятка ылайыкташкан спорт кийимдери.

Кыргызстанда Sajda соода маркасы менен шарият талаптарына ылайыкташкан спорт кийимдери тигиле баштады. Демилгечи Азиз Исмагамбетов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, мындай кийимдерди тигүү - жаш ишкерлер тобунун долбоору болуп саналат:

-Соңку кездери пакистандыктардын, араптардын кийимин кийип жүрөт деп, мусулмандарга көп сын айтыла баштабадыбы. Биз чыгарган формалар шарият талаптарына да, заманбап көрүнүшкө да ээ. Намаз окуу жана башка мусулманчылык амалдарды аткарууга ыңгайлуу. Ошентсе да, биз бул кийимди мусулмандар гана кийсин дебейбиз. Бизге КМШ мамлекеттеринен да буйрутмалар түшүп, 20га жакын шаардан алып кетишти.

Кыргызстанда диний ишенимдеги кишилердин кийимдерине байланыштуу коомчулукта талаш пикир бар. Президент Алмазбек Атамбаев да пакистандыктардын, араптардын кийимдерин коомго таңуулоону сындаган. (SE)

XS
SM
MD
LG